Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шигаев: балдар арасында "дары наркоманиясы" кеңири жайылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Айдар Шигаев
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Айдар Шигаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Жазылуу
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Айдар Шигаев психотроптук дарыларды жасалма рецепт менен сатып алган учурлар бар экенин айтты.
Балдар арасында Кыргызстанда өндүрүлгөн гашиш, марихуана баңгизаты жана акыркы 2-3 жылда психотроптук дары-дармектерди (лирика, трамадол анальгетиги) колдонуу кеңири жайылды. Бул тууралуу Айдар Шигаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Шигаев: балдар арасында "дары наркоманиясы" кеңири жайылууда
Анын айтымында, 2022-жылдын 1-январына карата расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы 8226 баңгизат колдонуучу катталса, басымдуу бөлүгү Бишкек, Ош шаарларында жашайт.
"Соңку мезгилде Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн психотроптук дары-дармектерди колдонуу маселеси курч болууда. Балдар интернеттен же социалдык тармактардан көп нерсе билип алышууда. Эгерде айыл жеринде өспүрүмдөр ар кандай чөптөрдү колдонсо, борбордо, чоң шаарларда "дары наркоманиясы" жайылган. Өспүрүмдөр көбүнчө баңгизатты кызыгуудан улам колдоно башташат. Буга баңгизатка көз каранды болгон айланасындагы адамдар түрткү болот. Дагы бир көйгөй — интернет. Ата-энелер балдары кирген сайттарды жана шилтемелерди көзөмөлдөшпөйт. Көп учурда көйгөйлүү үй-бүлөнүн балдары аталган чөйрөгө оңой аралашып кетишет. Өспүрүмдөр курамында күчтүү таасир этүүчү заттар бар дарыларды рецептсиз эле дарыканалардан сатып алган учурлар бар. Кээде бул дарыларды жасалма рецепт менен сатып алышат. Бул жерде маселе фармацевттердин жоопкерчилигинде болууда. Андыктан рецепт берүүнү электрондук форматка өткөрүү зарыл. Бул ыкма көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө колдонулат. Ошондой эле жаштарга дары саткан фармацевттерди жоопко тартуу менен көйгөйдү чече алабыз. Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында фармацевтикалык компания, Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, Психиатрия жана наркология борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өткөн. Биздин кызматкерлер дары-дармектерди рецептсиз саткандыгы үчүн абийирсиз фармацевттерди жоопко тартууга аргасыз болорун айтышты. Саламаттык сактоо министрлигине күчтүү таасир берүүчү заттарды жүгүртүүдө улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын комплексин даярдоо зарылдыгын белгиледик", — деди Шигаев.
Ал 2016-жылдан 2019-жылга чейин ИИМ жаңы пайда болгон синтетикалык жана психоактивдүү заттар менен күрөшүүнүн ыкмаларын иштеп чыкканын, азыр бул заттардын интернетте жайылышына каршы турууга мүмкүндүк берген механизм бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0