Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыш эми байкадыбы? НАТО куралдары сатылган украиналык көмүскө рыноктун таржымалы

© AFP / ARIS MESSINISУкраинадагы 155 миллиметрлик франциялык CAESAR өзү жүрүүчү гаубицасы
Украинадагы 155 миллиметрлик франциялык CAESAR өзү жүрүүчү гаубицасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2022
Жазылуу
Украинада НАТОлук куралдарды сатуунун жүзүн ачкан макалалар түрмөгү чыкты. Бул көрүнүшкө Батыштын капыстан "көзү ачылганы" тегин жерден эмес, тескерисинче, Киевге аскердик көмөктү акырындап жыйыштырууга ыңгайлуу шылтоо.
Аскердик баяндамачы Александр Хроленко НАТО өлкөлөрү россиялык атайын операциянын жүрүшүндө санкциялардын майнапсыз жана Украина боюнча ленд-лиздин келечеги жок экенине көздөрү жетти деген пикирди карманат. Бул сапар да автор курал-жарактын "көмүскө рыногу" туурасындагы Батыштагы кампанияга баам салган.
Батыштын марттык менен киевдик режимге берген аскердик көмөгү "акыркы украиналык киши калгыча" Россияны чөгөлөтүүнү көздөйт. Эгер согуштук аракеттер бул максатына жетпесе, миллиарддаган доллар жана евролор текке кетет. Кошмо Штаттар жана НАТО мындай кайрымдуулук менен алектенбейт. Украина Куралдуу күчтөрүн каржылоону жана ленд-лизди өнөктөштөр кыскартпай кое алышпайт. Кантсе да жакшы шылтоолору даяр.
Болгариялык Bulgarian Military сайты 5-июлда жемкорлукка малынган украиналык аскерлер россиялык тарапка 155 миллиметрлик франциялык эки CAESAR өзү жүрүүчү гаубицасын 240 миң долларга саткан. Ал эми бул бирдиктердин өз наркы 14 миллион доллар турат.
Ошондой эле Bulgarian Military басылмасы көмүскө рыноктогу украиналык бул иштин схемасынын бетин ачкан. Анда танкага каршы Javelin ракеталык комплекси 30 миң долларга, тагыраак, АКШ армиясынын бул бирдикке кетирген чыгымынан алты эсе арзан сунушталган. Рынокто Javelin комплекси болжол менен 470 миң долларга чукул баада. Shūkan Gendai басылмасы Япониянын экономикалык чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчисинин айткандарын жарыялады. Анда мурдагы аткаминер "америкалык жана батыш куралы менен жабдылып жаткан Украина Советтер Союзу ыдырагандан бери мыйзамсыз курал-жарак сатуунун базасы экенин", бүгүн да киевдик режимге берилип жаткан НАТОнун куралдары "көмүскө" агым менен бүт дүйнөгө таралып, Украинадагы жемкорлук, башаламандыктын айынан террорчулар жана кылмышкерлердин колуна тийип жатканын айтып коңгуроо каккан.
Кеп мында көзөмөлдөн чыккан миңдеген Stinger көчмө зениттик, танкага каршы Javelin, NLAW ракеталык комплекстери, жүздөгөн Switchblade, Phoenix Ghost учкучсуз аппараттары дагы жана башка жогорку технологиялык, тыгыз, абдан кооптуу куралдар жөнүндө болууда. The Washington Post басылмасы: "Украинага курал-жарактын масштабдуу агымы бул багыттагы аткезчиликтен улам кооптуулук туудурарын" жазган.
Батыштан алынган жана башка кымбат куралдар Украинада көп "жоголору", Азия жана Африкада активдүү сатылары айтылат. Франциялык аскер жетекчилеринин бири Украинаны Батыштын куралы менен жабдуунун "кыйыр таасирлерин": "Javelin банктарды тоной баштаганда тамашага дарманыбыз келбей калат", — деп таамай жоромолдогон.
"Ашыкча" курал жана ок-дарыны Азия, Африка өлкөлөрүнө рыноктук баасынан арзан сатуучу украиналык система 1990-жылдардын башында башталган. Украина Куралдуу күчтөрүнүн арсеналдарын талап-тоноо бир катар президенттердин тобу пайдаланган базага айланганы жашыруун эмес. АКШ менен НАТОнун мындан кабардар болбой калышы мүмкүн эмес. Болгону буга дейре америкалыктар менен европалыктар көз жуумп келген.
M142 артиллериялык ракета системасы (HIMARS) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
"Кол тийгизгенден чочулап...". Батыш куралдары Киевди айран таң калтырганда

Интерполдун божомолдору

Пентагондун талдоочусу Карен Квятковски Батыштын куралдары Киев тарабынан көмүскө рынокко "реэкспорттолору" башынан эле айдан ачык болгонун, себеби Украинанын Куралдуу күчтөрү чоң көлөмдөгү НАТОлук куралды пайдаланууга даяр эмес, аны өз стратегиясына айкалыштыра алышпастыгын белгилейт.
НАТО стандарттарындагы куралдарды Украинанын саткан учурлары 2015-2016-жылдары, Донбасстагы сегиз жылдан берки согуштук аракеттердин жүрүшүндө да катталган.
Украинада түзүлгөн кырдаал бир кыйла аймактардагы согуштук аракеттердин арышынан улам өз-өзүнчө логистикалык линиясы бар ар кандай аскердик түзүмдөрдүн өтө көптүгүнүн айынан азыр сырттан көзөмөлдөөгө мүмкүн эмес. Согуш баарын жок кылат. Канча курал согуштук аракеттерде колдонулуп, канчасы жок болгону, канчасы "ашыкча" болуп сатылганын аныкташ кыйын. Украинада курал сатуу боюнча козголгон тогуз кылмыш иши системаны өзгөртүп жибере албайт.
Интерпол: "Украинага тартылган жалданма аскерлердин арасында мафиялык уюмдардын мүчөлөрү да бар. Бул жогорку технологиялык куралдардын бүт дүйнө жүзүнө тарап кетүү кооптуулугун туудурарын" белгилейт. Аталган уюмдун маалыматтарына таянсак, Украинанын көмүскө рыногунда акыркы айларда 300 миңдин тегерегиндеги курал сатылган. Бул жөнөкөй сандар эмес.
Интерполдун башкы катчысы Юрген Штоктун пикиринде, украиналык жаңжал алоолонуп турганда Балкан чөлкөмүндө жана африкалык согуштук аракеттер театрларында мыйзамсыз курал-жарак сатуу көлөмү өсөрү шексиз.
Кошмо Штаттардын ленд-лизи жана көзөмөлдөнбөгөн украиналык "темирдин агымынын" таасири алдында Европа тынымсыз согуштук аракеттердин зонасына айланып калышы ыктымал. Кылмыштуу эл аралык кландардын куралдуу таасир талашы, Stinger менен Javelin комплекстерин колдонгон мафиялык согуштар да болуп калышы да мүмкүн.
Террордук ишмердүүлүк сапаттуу жаңы, трансконтиненталдык деңгээлге чыгышы мүмкүн. НАТО өлкөлөрү киевдик режимдин согуштук аракеттерин колдоонун натыйжасында кандай реалдуулукка кабылганын али өздөрү аңдай элек. Батыштын Россияга каршы акылга сыйгыс саясатынын айынан Украина дүйнө картасынан жоголуп кетерин АКШ коргоо министринин мурдагы кеңешчиси полковник Дуглас Макгрегор да кесиптештерине эскертти.
Россиянын атайын операциясы башталгандан берки төрт ай аралыгында Украина Куралдуу күчтөрүнүн дээрлик бардык аскердик техникасы, атап айтканда танк, ок өткөрбөс техника, артиллериялык куралдын миңдеген бирдиги, жүздөгөн залптык октун реактивдүү тутуму, учак, тик учак жок кылынды. Украиналык армия украиналык мамлекеттүүлүктүн тагдырын чагылдырат.
Эске салсак, Киев СССРден 8000ге чейин танк, сооттолгон 10 миң машина, артиллериянын 20 миң бирдиги, 1 100 аскердик учак жана тик учак, Кара деңиз флотунун жүз кемесин мурастап калган. Бул арсеналдын басымдуу бөлүгү көз карандысыздыктын биринчи он беш жылдыгында эле Азия жана Африка өлкөлөрүнө сатылып кеткен. Ошол эле учурда украиналык коргоо-өнөр жай комплекс ишканалары токтоп, советтик ок атуучу куралдардын патрондорун чыгарууну да өздөштүрүшкөн эмес.
Украина жалынып-жалбарып жатып Батыштан жогорку технологиялык курал, оор курал сурап алганда анын Куралдуу күчтөрү колдонууга даяр эместиги баарына түшүнүктүү. Аскердик техника менен бирге НАТОлук адистерди да жөнөтүү абзел. Киевдик режимдин жан багуу стратегиясынын негизи жана Түндүк атлантикалык альянска олуттуу кооптуулук ушунда.
Украинадагы геосаясий оюн акырындап АКШ жана НАТОнун Россия менен түздөн-түз жана масштабдуу согуштук аракеттерине айланууда. Москванын "чечим кабыл алуу борборлоруна" болжолдуу сокку уруу боюнча түз эскертүүсү эң оболу Вашингтон, Брюссель, Берлин, Варшава жана Лондонго тиешелүү. Азырынча экинчи гиперүндүү "Кинжал" кайда учарына же дагы кандайдыр бир ынандырарлык нерсе болоруна көзү ачыктык кылбай туралы.
Аскердик баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украиналык аскерлери Донецк облусунда АКШ берген M777 гаубицасы менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Россия Батыштын куралын Киев кандай колдонуп жатканына көз салууда
Жаңылыктар түрмөгү
0