Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кезекте Северск. РФтин атайын операциясынан кеп

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүРоссиялык аскерлер
Россиялык аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
"Россияны чабалдатууга" умтулуу "украиналык долбоордун" уюштуруучулары жана демөөрчүлөрүнүн өздөрүн көйгөйгө салып турат.
Донбасстын аймагын бошотуу аяктап барат. Луганск жана Донецк республикаларынын Элдик милициясынын бөлүктөрү менен өз ара аракеттешкен россиялык аскердик топ Украина Куралдуу күчтөрүнүн жабдылган райондорунун бири – Славянск-Краматорскиге карай бет алат.
Каршылаш тарап Лисичанскиден сүрүлүп, эми союздаш күчтөр жакынкы суткаларда украиналык куралдуу түзүмдөргө Славянскиден 30 чакырым нары жайгашкан Северскиде бекем орун алууга жол бербестигин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Северодонецк-Лисичанск агломерациясы бошотулган соң Луганск жана Донецк республикаларынын аскердик бөлүктөрү 11 миң тургуну бар Северскиге чабуул жасоо үчүн донецкилик фронтко жеткирилүүдө. Союздаш күчтөр 5-июлда Северскинин четине чыгышты. Каршылаш жак түндүктөн түштүккө – Северскиден Соледар жана Артемовскиге (Бахмут) карай кеткен унаа жана темир жол трассаларынын боюнда жаңы коргонуу линиясын түзүү далалатында.
Алыска атылуучу россиялык артиллерия Украина Куралдуу күчтөрүнүн Славянск жана Краматорскидеги объектилерине сокку урууда. Авдеевканын украиналык гарнизону курчалган Северодонецк жана Лисичанскинин тагдырын кайталап калышы ыктымал.
Донецк Эл Республикасынын территориясында өткөн суткаларда таамай ракеталар менен АКШ өндүрүшүндөгү HIMARS залптык октун реактивдүү тутумунун эки орнотмосу, ок-дары сакталган эки кампа, 57-механизациялаштырылган бригадасынын ракеталык-артиллериялык куралдарынын бир топ арсеналы, ар кыл калибрдеги 1 500дөн ашуун дүрмөт жана танкка каршы чет өлкөлүк өндүрүштөгү 100 ракеталык комплекс жок кылынды.
Россиянын Аба-космостук күчтөрү Украинанын алты башкаруу түйүнүн, анын ичинде "Юг" ыкчам тобунун командалык пунктуларын, 79-десанттык-чабуулчу жана 57-механизациялаштырылган бригадасына сокку урду. Мындан тышкары, контрбатареялык күрөштүн жүрүшдө украиналык "Ураган" залптык октун реактивдүү тутумунун взводу талкаланган.
Су-30СМ россиялык истребителдер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык курал экспортунда эмне үчүн авиациянын үлүшү көп? Сереп
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы фронттун Полтава – Днепропетровск – Запорожье линиясында коргоо тутуму үчүн күч жана каражатты сактоо үчүн бытыранды болгон аскердик бөлүктөрдү Северскиден Славянскиге чыгарууну сунуштады.
Киевдик режимдин көзөмөлүндөгү Славянск администрациясынын башчысы Виктор Лях 5-июлда жергиликтүү телеканалдын эфиринде Башкы штабдагылар өзү жетектеген аймак менен Краматорскинин "кулай турганын" божомолдоп жатышканын айтты. Президент Владимир Зеленскийдин кеңсеси тышкы саясий аброю жана ички саясий интригаларынын азабын тартууда.
Россиялык күчтөр түндүктөн Долина (Славянскиден 15 чакырым ары) калктуу пунктуна карай бет алып, чыгышта – Северскинин чет жакасында салгылашып, түштүктөн Артемовскиден (Бахмут) 6 чакырымчалык Соледарды бошотууга чамынды. Славянск-Краматорск районун каршылаш тараптын тылына чыгуу менен үч тараптан ыкчам алуу байкалат. Славянскинин түндүгүнөн Украинанын Левобережный кең талаасы башталат. Райондук борборлор ортосундагы ыраак аралык Украина Куралдуу күчтөрүнө коргонуунун бекем линиясын түзүүгө мүмкүндүк бербейт.
"Чыгыш фронт" Днепропетровск, Запорожье, Николаевге карай жылып, Харьковду биринчи болуп бошотушу мүмкүн. Харьков облусунун Убактылуу жарандык администрациясынын башчысы 6-июлда бошотулган аймактардын калкынын Россиянын курамына кайтуу тилеги жөнүндө билдирген.
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо атайын операциясынын стратегиялык арышын чектешкен мамлекеттин Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам тылындагы – Одесса, Хмельницкий жана башка облустарындагы объектилерге ар күнкү ракеталык чабуул тастыктап турат. Экинчи жагынан Киевдин "чыгыш фронттогу" тактикасы сырттан натыйжа алууга, басма сөздө резонанс жараткан макала-материалдар жана Батыштын каржылоосуна татууга багытталган "95 квартал" сериалын эске салат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы акылга сыйбаган аскерге тартуу толкуну, жайкын калкты тирүү калкан катары кармап, ачык эле террордук ыкмаларды пайдалануу, Донбасстын калаа-кыштактарын улам аткылоо менен россиялык күчтөрдүн жылышын жайлатууга далалат жасоодо.
Бастион ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
"Бал" менен "Бастион" Россия жээгинде. Кемеге каршы ракеталарга аскерий сереп
Аскерлеринен тышкары, 3 900дөн ашуун танк жана зооттолгон унаасынан, 3000 артиллериялык түзүлүшү, 720 залптык октун реактивдүү тутуму, 370 учак жана ти учагынан, 350 даана зениттик ракеталык комплексинен ажыраганын көрүп турган жамааттык Батыштын Россия менен тиреште киевдик режимге курал жана каржы жагынан "акырына чейин" көмөктөшүү чечкиндүүлүгү басаңдап барат.
Ортодо Улуу Британия НАТО өлкөлөрүнүн аймагында украиналык жоокерлерди даярдоо боюнча үч күндүк атайын программасын баштап, Украина Куралдуу күчтөрүнө ар төрт айда 10 миңден кол камдап берүүнү убада кылууда. Британ премьери Бориса Жонсондун пикиринде, бул фронттогу кырдаалды "түп-тамырынан" өзгөртүүгө өбөлгө берет. Анткен менен 20 күн аралыгында аскерге тартылган жарандардан класстык (чини бар) аскердик адисти тарбиялоо технологиялык жактан мүмкүн эмес.
Британиялык The Telegraph басылмасы да Батыштагы өнөктөштөрү Украина Куралдуу күчтөрүнөн күзгө чейин согуштук аракеттердеги абалды өзгөртүүнү күтүп жатканын тегин жерден жазбагандыр. Эгер россиялык күчтөр азыркыдай ыргакта жана ыкмаларын улантса, АКШ менен НАТО аскердик жардамын жыйыштырууга аргасыз болушат. Көп уюлдук дүйнө реалдуулугунан четтеп калганын моюнга алуу Батыш үчүн оор болуп турат.
Киевдик режимди демилитаризациялоо процессине Украина Куралдуу күчтөрү, Улуттук Гвардиясынын аскерлери жана Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү активдүү кошула баштады. Bulgarian Military басылмасы украиналык аскерлердин демилгечи тобу Россия тарапка бир нече миллион доллар наркындагы франциялык CAESAR өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшүн 240 миң долларга сатканын жазып чыкты.
Курал-жарактын "көмүскө рыногу" мурда эле түзүлгөн. Украинадан танкага каршы FGM-148 Javelin комплексин 30 миң долларга, АКШ армиясы үчүн танкага каршы ракеталык комплекстин контейнери 175 миң доллар, башкаруу блогу 295 миң доллар, бүтүндөй комплексти 2020-жылдагы баада – болжол менен 470 миң доллардын тегерегинде сатып алууга болот. Батыш куралдары Украинада көп "жоголору", көп өтпөй Азия жана Африка өлкөлөрүнө кызуу сатылары маалым. Ошентип, "Россияны чабалдатууга" умтулуу "украиналык долбоордун" уюштуруучулары менен демөөрчүлөрүнүн өздөрүн көйгөйгө салып туру.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Атайын операция зонасында Искандер М ракеталык комплексин иштетүүсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын стратегиялык резерви жок кылынды: россиялык ракеталар кайда учат?
Жаңылыктар түрмөгү
0