Украинадагы улутчулдардын башчылары 30-жылдары аракечтик, паракорлук кылышкан

© AP Photo / Efrem LukatskyКиев шаары. Архив
Киев шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Жазылуу
Кызыл Армиянын 1945-жылы япон топторун талкалашы "Украиналык улуттук колония" пландарынын ишин кан буугандай токтоткон.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. 1930-жылдары Ыраакы Чыгышка совет бийлигинен качкан Украиналык улутчулдардын лидерлери паракор, бүлдүргүч болуп, ичкилик менен достошуп, муну менен катар эле япон тыңчылары тарабынан синекура (эмгексиз киреше берүүчү мансап) менен камсыздалып турушкан. Бул туурасында Приморье УФСБсы ачыктаган архивдик документтер менен РИА Новости таанышкан.
Элге ачыкталган материалдардын арасында "Украиналык улуттук колония" (УУК) деп аталган уюмдун лидерлеринин 1945-жылы СМЕРШ — советтик аскердик контрчалгындагы жасалган сурагынын протоколдорунун фотокөчүрмөлөрү бар.
"Украиналык улуттук колония" ал кездеги милитаристтик оккупациялык Япония тарабынан 1934-жылы Маньчжурияда аларга эмиграция болуп барган украиналык улутчулдар тарабынан түзүлгөн. УУКтун максаты — СССРге карата жасалып, Приморьени Советтер Союзунан бөлүп чыгуу жана ал жактан украиналык улуттук мамлекетти түптөө эле. Улутчулдар бул багытта Япония менен гитлердик Германиянын жардамына таянабыз деп ниеттенген.
УУКту 1935-1941-жылдары башкарган башчы Юрий Рой суракта колонияны 1944-1945-жылдары жетектеген Александр Витковский туурасында айтып берген.
"Витковский 1938-жылы аморалдык жүрүм-туруму, "Чурин и Ко" фирмасындагы паракорлугу үчүн "Украина колониясынан" чыгарылган. Бул Харбин шаарында белгилүү болуп, уюмдун атын жаманатты кылбоо үчүн Витковскийди колониянын башкармалыгынан чыгарып салышкан... Анын кайра качан кабыл алынганын билбейм", — деген Рой.
Витковский өзү кесиптеши Виктор Кулябко-Корецкий боюнча колония мүчөлөрүнүн чыдамы жетер чегине жетип, 1944-жылы жарылгандыгын айтып берген.
"Кулябко-Корецкий, кыязы, УУК мүчөлөрүнүн өтүнүчү менен төрагалыктан алынган, себеби ал колония турмушуна пайда келтирбей, тиешелүү иштерди жүргүзгөн эмес. Акчаны, каражатты өз кызыкчылыгына карап пайдаланып турган", — деген Витковский.
Анын айтымына караганда, Витковскийдин өзүнөн башка да УУК жетекчилигине талапкерлер арасында Кациенко аттуу да адам болгон. Анын "тизмеге аракеч катары киргизилгендиги" айтылган.
"Чурин и Ко" фирмасы Маньчжоу-Ди-Го аймагындагы орустун ири соода-өнөр жай ишканаларынын бири деп таанылып, япон чалгын кызматынын жардамы менен "Украина улуттук колониясынын" лидерлерин калкалап турган. Мисалы, Харбинге келген "Украин улутчулдар уюмунун"* Берлиндеги борборунун өкүлү, радикал Корда-Федоровду канатына калкалаган.
"Галичанин Корда-Федоров, япондук аскердик миссия тарабынан "Чурин и Ко" фирмасына электротехникалык бөлүмдүн өнөрканасына ишке орношкон, бирок эч кандай иш кылган эмес. Жумушка каалаганда келип, каалаганда кетчү", — деген Витковский.
Япон аскер миссиясы — СССРдин Ыраакы Чыгыштагы негизги райондору боюнча иш алып баруу үчүн түзүлгөн орган болгон. Харбинстеги Квантун аскерлер тобунун маалыматтык чалгын башкармалыгы бардык япон миссиялары менен алардын бөлүмдөрүнүн жетектөөчү органы катары кызмат кылган.
Кызыл Армиянын 1945-жылы япон топторун талкалашы "Украина улуттук колониясынын" пландарынын ишин кан буугандай токтоткон. Советтик атайын кызмат УУКтун активисттерин камакка алып, соттун чечими менен аларды лагерге жөнөткөн. Советтик Россия учурунда алар саясий мотивдеги мамлекеттик кылмыштарды жасаган адамдар катары таанылгандыктан, акталбай калган.
* Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм
Су-30СМ россиялык истребителдер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык курал экспортунда эмне үчүн авиациянын үлүшү көп? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0