Дыйкан чарбаны кантип каттоо керек? Юристтин жообу
© Sputnik / Жоомарт УраимовОтсатавкадагы судья, адвокат, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри Калыгул Салиев. Архив
Жазылуу
Отсатавкадагы судья, адвокат, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри Калыгул Салиев дыйкан чарбаны кантип каттоо керектигин айтып берди.
Дыйкан чарба эки жол менен катталат. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Дыйкан чарбаны кантип каттоо керек? Юристтин жообу
Анын айтымында, дыйкандык жана фермердик чарбалар жөнүндө мыйзам 1999-жылы кабыл алынган.
"Кыргызстан — агрардык өлкө. Калктын көпчүлүгү айыл жергесинде жашап, алардын кирешеси дыйканчылыктан жана мал чарбасынан түшөт. Дыйкандык жана фермердик чарбалар жөнүндө мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Ошол эле жылы кабыл алынган Жер кодексине ылайык, айыл чарба багытында болгон жергиликтүү калктын укугу таанылган. Башкача айтканда, айылда жашагандардын үлүшү алгач 49, андан кийин 99 жылга алынса, учурда жеке менчикке өткөн. Ошол жерлерди бириктирүү менен же үй-бүлөлүк негизде (бала-чакасы менен биргеликте) дыйкан чарбасын ачууга укуктуу. Ошондой эле дыйкан чарбаны айылдаштар, туугандар, коңшулар ачса болот. Аны каттоо эки түрдө жүрөт. Биринчиси, облустук деңгээлдеги юстиция башкармалыгында каттоодон өтүп, юридикалык жакты түзүү менен ишке ашат. Анын уставы жазылып, мөөрү, эсеп-кысабы болот. Ал эми экинчиси юридикалык жакты түзбөстөн ачылат. Ал үй-бүлөлүк негизде түзүлгөн дыйкан чарба облустук борборго барууну талап кылбайт. Райондук салык кызматынан жеке ишкер катары каттоодон өтүп иштей берсе болот", — деди Салиев.
Ошондой эле ал былтыр президент тарабынан кабыл алынган жарлыкка ылайык, айыл чарба жерлери салыктан бошотулганын белгилеп, дыйкан чарбалар салык төлөбөй турганын кошумчалады.