Дайыр Асановдун уулу Эмил: Турдакун Усубалиев кийин атамдан кечирим сураптыр

© Фото / из семейного архива АсановыхУлуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргыздын залкар инсаны, генерал-майор Дайыр Асанов жубайы менен
Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргыздын залкар инсаны, генерал-майор Дайыр Асанов жубайы менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргыздын залкар инсаны, генерал-майор Дайыр Асановдун быйыл 100 жылдыгы белгиленет.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" программасында конокто Дайыр Асановдун уулу, компьютердик лингвист Эмил Асанов болду. Биз залкардын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу маектештик.
© Фото / предоставлено Эмилем АсановымДайыр Асановдун уулу, компьютердик лингвист Эмил Асанов
Компьютерный лингвист Эмиль Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Дайыр Асановдун уулу, компьютердик лингвист Эмил Асанов
— Баатыр атабыздын балалалыгы кайда кандай өткөндүгү тууралуу айтып берсеңиз?
— Атамдан чоң аталарыбыз, чоң энелерибиз, ата-тегибиз тууралуу көп сурачубуз. Бирок эмнегедир берилип айтчу эмес. Атабыз Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. Чоң атам ошол жакта Киров колхозунда иштептир. Ал кишинин 1922-жылы май айында туулгандыгы тууралуу жазылып жүрөт, бирок өзү күнүн так билген эмес. Атасынан сураса Орозо айт күнү туулгандыгын айтат, өзү да сураштырып көрсө 30-май болуп чыгат. Азыр компьютердин заманы болгондуктан программалоо менен тактасам 28-майда төрөлүптүр. Бирок биз деле өзү аныктаган датаны калтырдык. Быйыл 100 жашка чыкмак эле. Чоң атамдын айтымында, атам кичинесинде аябай тентек болгон экен. Анан 1-класска барганда дароо токтолуп калды дейт. Мектеп босогосун аттагандан кийин китеп окууга кызыгып, 1-класстан 7-класска чейин "5" менен окуган. Ал кезде 7 жылдык эле болчу да. Негизи аскер адамы болуу атамдын оюнда деле болбоптур. Ал киши ыр жазчу экен. Акын болууга даярданып жүрүптүр. Ошондо эле эки дептер толтура ыр жазыптыр. Чоң атам ошол дептерлерди кийин таппай калганын айтып жүрдү.
© Фото / из семейного архива Асановых

Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун атасы Жаңыбаев Бөжөк (Мурсалы)

Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун атасы Жаңыбаев Бөжөк (Мурсалы) - Sputnik Кыргызстан
1/2

Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун атасы Жаңыбаев Бөжөк (Мурсалы)

© Фото / из семейного архива Асановых

Дайыр Асановдун энеси Айша Жаңыбаева (Жамаке кызы)

Дайыр Асановдун энеси Айша Жаңыбаева (Жамаке кызы) - Sputnik Кыргызстан
2/2

Дайыр Асановдун энеси Айша Жаңыбаева (Жамаке кызы)

1/2

Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун атасы Жаңыбаев Бөжөк (Мурсалы)

2/2

Дайыр Асановдун энеси Айша Жаңыбаева (Жамаке кызы)

Атам согуш болбосо чоң жазуучу же акын болмокмун деп калчу. Бирок, тилекке каршы, турмуш башкача болду. 7-классты бүткөндүн кийин айылда эсепчи, ага кошумча мугалим да болуп жүрөт. Анан согуш башталып кетет. Ал кезде атчандар дивизиясы бар эле. Атайын даярдыктан өтүп, согуш кайнап турган маалда Ленинград фронтуна жиберилет. "Ленинград аябай суук, алгач биздин танкаларыбыз, курал-жарагыбыз да алсыз эле. Немецтердин согуштук техникасы кенен болчу. Кийинчерээк биз да оңоло баштадык" деп эскерген. Ошентип согушта көрсөткөн эрдиги үчүн алгачкы сыйлыктарды ошол жактан алат.
1942-жылдан баштап немецтер артка чегине баштап, булар улам артынан согушуп жүрүп отуруп, Харьковго чейин барышат. Бир ирет катуу кармашта биздикилердин баары жок кылынып, атамдардын эле замбиреги калат. Жашынып алып немецтердин танкаларын бирден жок кыла берет, тигилер буларды таппай аткылап, акыры ордун аныктап замбирегин жардырганда атам эс-учун билбей жарым сааттай жатып калат. Мээси да чайкалыптыр. Анан кайра эптеп туруп жанындагыларга кошулуп автомат менен атышып жатып түн кирип, эч нерсе көрүнбөй калганда токтошот. Атамдарга эч жардам да келбейт. Акыры эптеп бир отряд жөнөтүлүп куткарып кеткен экен. Болбосо аман калмак эмесмин дечү. Анткени немецтер ал жерге окопторду казып, жайланышып алыптыр да. Андан кийин замбирек менен сегиз танканы жок кылганына командирлеринен эч ким ишенбей, атайын сынак уюштурушат. Ошондо мелжеген бутага таамай атып, баарын так аткарган соң гана документтерин сыйлыкка жөнөтүшөт. Буга чейин бир снаряд менен дароо атып түшүргөндөр болбоптур. Танканы үч снаряд менен жок кыла алса жакшы, эки снаряддыкы мыкты деп бааланчу экен. "Өзгөчө отряд" да атама ишенбей, шек санап артынан аңдып калышкан экен. Ошондон кийин аңдуулар да токтогон.
© Фото / из семейного архива АсановыхТашкентте танк училищесинде окуп жүргөндө. 1946-жыл.
Герой Советского Союза, генерал-майор Даир Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Ташкентте танк училищесинде окуп жүргөндө. 1946-жыл.
— Согуштан кийин эмне менен алектенди?
— Согуш бүтөрдөн бир жыл мурун жоокер Ташмамат Жумабаев экөөнү Кыргызстанга атайын жиберишет. Алар эл менен жолугуп, калктын рухун көтөрүү максатында согушта көрсөткөн эрдигин айтып, ар кайсы жерлерде болуп бир ай кыргыздарга мотивация беришет. Ошондон кийин эл кадимкидей шерденип калганы байкалды дейт. Кайра согушка кайтарда КПБКнын катчысы Алексей Ваговдун жогорку жакка жазган өтүнүчүнүн негизинде атабыз Венгрияга жеткенде кайра артка кайтыптыр. Ал кезде согуш аяктап калган кези экен. Келгенден кийин эле Нарындагы аскер комиссариатында иштеп баштайт.
© Фото / из семейного архива Асановых"Кызыл Октябрь" колхозунун атактуу жылкычысы менен. Ат-Башы району, февраль, 1944-жыл
Герой Героя Советского Союза, генерал-майор Даир Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
"Кызыл Октябрь" колхозунун атактуу жылкычысы менен. Ат-Башы району, февраль, 1944-жыл
— Апаңыз менен ошол жерден баш кошуп калган да ээ?
— Атам Жумгалда аскер комиссариатта үч жылдай эмгектенип калат. Ошол кезде жаңы эле окууну бүткөн медайымдар да келип иштей баштайт. Анан арасынан сары кызды жактырып калып, сөз айтып, экөө сүйлөшөт. Атамдын да дароо пландары өзгөрүп, аскердик жогорку окуу жайга тапшырууга билдирүү таштайт. Анын артынан эле Москвадан чакыруу келип үч экзаменден тең өтүп кетет. Кайра Жумгалга келип апама үйлөнүп алып, экөө чогуу кетишкен. 1950-жылдан баштап Москвадагы Ленин атындагы аскердик саясий академияда окуп баштайт. Ал жактан Данил, Дамир агаларым болуп үчөөбүз төрөлдүк. Мен бир аз торолуп калганда эле окуусу да аяктап, ата-энем 1956-жылы кайтып келет. Анан кайра атамды Ташкентке кызматка жөнөтүшүп, анда 2,5 жыл жашадык. Ошол кезде Кыргыз ССРинин башында Исхак Раззаков турган. Ал киши атамды Москва аркылуу Кыргызстанга чакыртып алыптыр. Ошону менен 1959-жылы мекенге келдик.
© Фото / из семейного архива АсановыхАйылдаштар менен. Февраль, 1944-жыл
Герой Советского Союза, генерал-майор Даир Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Айылдаштар менен. Февраль, 1944-жыл
— Исхак Раззаковго окшогон ошол кездеги жетекчилер менен атаңыздын мамилеси кандай болгон экен?
— Раззаков мени дайыма Орток Асанов деп эркелетчү. Орток — бул өзбек тилинен которгондо "дос" дегенди билдирет. Ал киши Өзбекстанда райкомдун катчысы болуп иштегендиктен өзбекче, тажикче жакшы билчү. Абдан жакшы киши болчу. Атамды да жакшы көрчү. Ошол кишинин арты менен Кыргызстанга келгенбиз. Болбосо Советтер Союзунун кайсы бурчуна кетмектигибизди бир кудай билет эле. Анткени аскер адамы орун которуп, улам жиберген жагына кете берчү да. Атам ошол кезде капитан болчу, андан кийин майор болмок. Токмоктогу аскер комиссариатына которулуп келип, 1960-жылдан 1967-жылга чейин иштеди. 1-класска ошол жактан кирдим, кийин Бишкектен мектепти бүттүм. 8-класска чейин каникул башталары менен Ат-Башыга барып, шаарга 1-сентябрга жакын келчүбүз. Кудайга шүгүр, ошондо кыргыздын салт-санаасын үйрөндүк.
— Кыргызстанга келгени атаңыз кандай эмгектерди жасады?
— Алгач Токмокто бириктирилген аскердик комиссариат түзүп, ишти бир системага келтирди. Кийин подполковник наамын алган соң борбордогу Ленин райондук аскер комиссариатын 1970-жылдан 1985-жылга чейин башкарып калды. 1965-жылы бизде аскердик лицей ачылып жетектөөчү киши жок, атамды чакырышкан. Ага чейин Москвадан келген адмирал бир жылдай иштеп жакшы алып кете албай коёт. Анан ал кызматтан кетип, ордуна атам директор болот. Анда 1996-жылга чейин эмгектенди. Союзда алты гана аскердик лицей бар болчу. Ошол алтоонун ичинен биздики эң мыкты деген баага татыган. Атамдын өлкөнүн аскер тармагына жасаган эмгеги чоң. Эгемендик алган жылдары атабыз өзү деле кызматтан кетейин деп жаткан. 1994-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен Аскар Акаев атабызга генерал наамын ыйгарган. Ага чейин эле алмак, бирок атама көп бут тосуулар болду.
© Фото / из семейного архива АсановыхЖоомарт Бөкөнбаев, Касымалы Баялинов жана партиялык ишмер Мухамед Дөгдүров менен. Февраль, 1944-жыл
Герой Героя Советского Союза, генерал-майор Даир Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Жоомарт Бөкөнбаев, Касымалы Баялинов жана партиялык ишмер Мухамед Дөгдүров менен. Февраль, 1944-жыл
— Кандай тоскоолдуктар болду?
— Бизди артка тартып турган үч нерсени жойсок жакшы эл болот элек. Биринчиден, бири-бирибизге ишенбейбиз, экинчиден, даяр нерсеге эле таппыз, үчүнчүдөн, жакшыларыбызды тирүүсүндө баалай албайбыз. Көрө албай атаандашып турабыз. Мен ачык эле айтып берет элем, бирок азыр шарт башка болуп турат. 1980-жылдары КГБ тарабынан аскер комиссариаттары аябай текшерилген. Анткени бир аскер комиссары балдарды армиядан калтырып, ордуна акча алып коррупцияга аралашкан экен. Аны суракка алса "аскер комиссариатынын баары эле ошондой" деп коёт. Ошол себептен тыкыр текшерүү жүргүзүшкөн. Эсимде, бир жылы атама 38 жолу текшерүү келип-кетти. Алар эч нерсе таба албай койсо да кандайдыр бир себептер менен генералдыкты бербей коюшкан. Анткени "баары эле акча алат экен, жалгыз сиз кантип албай коймок элеңиз" деп шектенип туруп алышты. Ошондо атамдын көңүлү абдан сууп калды. Ага чейин отставкага генерал наамын алып кетсем деген ою бар болчу. Көп узабай Турдакун Усубалиев чакырып, аскер лицейине директор болушун суранып жатпайбы. Ошентип атам аталган лицейге үч жолу "Кызыл туу" орденин алып берген.
© Фото / из личного архива Дамира АсановаАсанов: эсимде, бир жылы атама 38 жолу текшерүү келип-кетти. Алар эч нерсе таба албай койсо да кандайдыр бир себептер менен генералдыкты бербей коюшкан
Герой Советского Союза, генерал-майор Дайыр Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Асанов: эсимде, бир жылы атама 38 жолу текшерүү келип-кетти. Алар эч нерсе таба албай койсо да кандайдыр бир себептер менен генералдыкты бербей коюшкан
— Турдакун Усубалиев менен мамилеси кандай эле?
— Аябай жакын эмес болчу. Тийди-качты, сый мамиледе эле. Экөө уставдын негизинде эле иштешчү. Ал эми Раззаков атама өз баласындай мамиле жасады. Бирок Раззаковдун тыңчылары бут тосуп атабызды акырын четтетип турушчу. Кийин атам 1986-жылы кызматтан биротоло кетип калды. Усубалиев бийликте кезинде бульварда сейилдеп жүрсө андан баары коркуп, жолукпай качышчу. Анан Усубалиев да кызматтан кеткен соң атам экөө бульварда эки-үч ирет кезигип сүйлөшүп отуруп калышат. Ошондо ал киши "сени мага жамандап келе беришсе эле ишенип жүрчү экенмин. Көрсө жакшы эле жигит турбайсыңбы, мени кечирип кой" десе, атам "эми жөн коюңузчу, өткөн-кеткенди эле айта бересизби" деп жайкап коюптур. Ал киши туура эмес кылыптырмын деген өкүнүчүн билдирген экен.
© Фото / из личного архива Дамира АсановаАсанов: Союзда алты гана аскердик лицей бар болчу. Ошол алтоонун ичинен биздики эң мыкты деген баага татыган
Герой Советского Союза, генерал-майор Дайыр Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Асанов: Союзда алты гана аскердик лицей бар болчу. Ошол алтоонун ичинен биздики эң мыкты деген баага татыган
— Апаңыз тууралуу айткан жоксуз да…
— Апамдын аты Жамалбүбү Асанова, кесиби медайым эле. Убагында медициналык институтта да окусам деген максаты бар экен. Бирок турмушка чыгып, Москвага барып, анан үчөөбүз төрөлүп калгандан кийин кантип окуйт. Кийин аракет кылып, медициналык институтка өтүп кетиптир. Бирок атамдын жумушу менен Токмокко келип окубай калды. Анан кайра Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, мыкты студент катары окуу жайда мугалим болуп калат. Ошол жакта өмүр бою иштеди.
— Аскер адамынын үйүндө тартип темирдей катуу болсо керек?
— Сөзсүз. Бизди атам абдан катуу кармачу. Окууну бүткөндөн кийин үч күн уруксат берчү, биз даярданып алып Ат-Башыны көздөй жөнөчүбүз. 26-августка чейин тоодо жүрүп, окууга бир күн калганда жакага түшүп, жуунуп-тазаланып алып кайра шаарга келип мектепке даярданчубуз. Биздин аскер адамы болушубузга да атам каршы болуп койду. Ал киши "бир үйгө бир эле аскер кызматкер керек. Башка кесипти тандагыла, ылайым согушту көрбөй эле койгулачы" дечү. Дамир байкем тарыхчы, Данил Айыл чарба институтунун ветеринария жагында окуду, мен политехти бүтүп, иним Шамил экономист болду.
© Фото / из семейного архива АсановыхДайыр Асановдун үй-бүлөсү. 1-январь, 1987-жыл.
Герой Советского Союза, генерал-майор Даир Асанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2022
Дайыр Асановдун үй-бүлөсү. 1-январь, 1987-жыл.
— Атаңыздын мүнөзү кандай эле? Сырдашчу белеңиздер?
— Көп деле сырдашчу эмеспиз. Өзгөчө согуш убагын айтканга көңүлү чапчу эмес. Сурасак да кыска эле айтып койчу. Мындан Сталинграддагы салгылашууну көбүрөөк кеп кылып калчу. Аскерлердин бир тобу ошол жактан өтүп кетти, аябай чоң кармаш болгон дечү. Кышында 40 градус суукта салгылашышыптыр.
Атам талапты катуу койгон адам эле. Бизге кандай кесипти аркалап, ким болсоң да атымды эч качан булгабагыла деп айтчу. Кийин аскердик тарбия, экономика тууралуу эки-үч китеп жазган. Жөнөкөй киши китеп жаза албайт да. Чыгармачылык дарамети бар экен. Согуш болбосо атам такыр башка чөйрөнүн адамы болмок. Мүмкүн белгилүү саясий ишмер же акын-жазуучу болот беле…
Белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Сүйөркуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2019
Репрессиядан ат менен качып кутулган. Абды Сүйөркулов жөнүндө 7 факты
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев Темиркул Уметалие, Аалы Токомбаев, Төрөбай Кулатов, Муратбек Рыскулов, Кулуйпа Кондучалова жана Акбар Токтакунов менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Байдылда Сарногоевдин кызы: атам менен Айтматов какшыкташып, азилдешип турчу экен
Жаңылыктар түрмөгү
0