Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Бул – алардын акыркы чеги". Донбасстын түндүгүндөгү кырдаал

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЛЭР аскерлери. Архив
ЛЭР аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Жазылуу
Украинанын мурдагы Луганск облусун бошотуу операциясы аяктап барат. Калктуу конуштардын басымдуу бөлүгү Луганск Эл Республикасынын көзөмөлүндө. Союздук күчтөр батышка жылып, Северодонецкини дээрлик алып, коңшу Лисичанскини курчоого өтүштү.
Серепчи Андрей Коц калаанын жака-белинде да бир нече жерде курчоо бар экенин белгилейт. Анын фронттогу кырдаалдан баяны РИА Новости сайтына жарыяланган.

Ыкчам курчоо

Лисичанск — кандай чабуул болбосун татаал бута. Шаар дөңдө жайгашып, курулуш да тыгыз. Анан да узакка коргонуу үчүн ыңгайлуу өнөр жай зоналары жайнайт. Көмүр казуучу беш шахта, машина куруудан техникалык каражаттарга чейинки фабрикаларга чейин ондогон ири заводдор бар. Соңку маалыматтарга таянсак, Украина Куралдуу күчтөрүнүн мында жайгашкан тобунда беш миңден жети миңге чейин киши бар.
Чегине турганга деле жер калбады. Луганск Эл Республикасындагы Россиянын элчиси Родион Мирошник бейшембиде республикалык армия Артемовск — Северск — Лисичанск кан жолун тосконун маалымдаган. Бул – Украина Куралдуу күчтөрү кошумча күч, азык-түлүк жана курал жөнөтүп турган эки жолдун бири.
Экинчи — Артемовскиден Соледарга өтчү кан жолду мурда эле көзөмөлгө алышкан. Бул жактагы украиналык топтун абалы кескин начарлай түштү.
"Алар тузакта калды, мындай жагдай көпкө узабайт. Биздин маалыматтар боюнча, Лисичанскиде украиналык жоокерлерден сырткары Батыштан, негизинен Польшадан жалданып келген аскерлер жана ыктыярчылар да орун алышкан. Алар бөтөн жерде набыт болбойлу деп ойлонушар. Мариуполь тажрыйбасы калктуу конуш толугу менен бөгөттөлсө, тыгыз курулган калаада деле коргонуу мүмкүн эмес экенин көрсөттү", — дейт Луганск Эл Республикасынын армиясынын Лютый кызмат ысымындагы офицери.
Ушул тапта ыкчам курчоо тууралуу сөз жүрүүдө. Бул аймактагы топту жабдый турган жол, жанындагы тилкелерге чыгуу мүмкүнчүлүктөрү бүт бөгөлгөн. Анткен менен бүтүн бир фронт жок. Ал жактагылар ыгын таап кетиши ыктымал.
Ыкчам, андан ары тактикалык курчоо башталат. Чабуул калаага кошумча күчтөр тартылып, жылчыктардын баары бүтөлүп, топтун коргонуусун жиреп кирүүгө артиллерия жана авиация пайдаланылары күтүлөт. Жоготуулар көп болбосун деген үмүт менен алар баш пааналаган жайларда отурууга аргасыз болушат. Андан соң алар жайгашкан жерлер басылып же узакка созулган буктурма болушу мүмкүн. Союздук армиялардын күчтөрү мындай варианттардын экөөнө тең даяр.
Луганск Эл Республикасынын ички иштер министринин кеңешчиси Виталий Киселевдин айтымында, Лисичанск-Северодонецк агломерациясы жана мындагы топту бир апта аралыгында толук курчашат.
Мелитополь аймагында россиялык аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФтин атайын операциясынын жүрүшү: "легионерлердин" тагдыры анык болуп калды

Курчоолор улам жаңырып...

Операция алкагында Россия жана Луганск Эл Республикасынын армиялары Лисичанскиден түштүк жакка карай курчоого алышты. Горский жана Золотойдун жанындагы бекемделген райондо үч миңге чукул украиналык күчтөрдүн өкүлдөрү ошол курчоодо калышты. Бириккен күчтөр Лисичанск менен акыркы байланыш жолун тороп, Рай-Александровка конушун ээлешти.
"Биздин жоокерлер иш жүзүндө Горский жана Золотойдогу топту дээрлик толук кандуу курчоого алды. Анын улам тарый берери турулуу. Буга катар эле тышкы периметрде Белая Гора, Волчеяров жана Николаевге чабуул жүрөт. Оңой иш эмес, Украина Куралдуу күчтөрүнүн Северодонецкидеги тобун толук тегеректөө үчүн Артемовск кан жолун кесип өтүү абзел", — дейт аскерий эксперт Борис Рожин.
Мындагы топтун талкаланышы – иш жүзүндө Луганск Эл Республикасынын толук бошотулушу. Шаардын жака-белинде, анын ичинде Волчеяровка кыштагына жакын мунайды кайра иштетүүчү заводунун алдында да салгылаш эбак башталган.

Славянскиге чабуул

Эксперттердин баамында, Киев союздук күчтөрдүн көңүлүн Лисичански жана Северодонецкиден бурууну көздөп туру. Донецкини аткылоо абдан күч алды. Донецк Эл Республикасындагылар белгилегендей, борбордук райондорго да америкалык гаубицалар менен сокку уруп жатышат.
"Борбор шаарга ок аткандары, албетте, жаман. Бирок Луганск Эл Республикасынан союздук күчтөрдү түштүккө, Авдеевка жана Пескиге түндүктө курчалып турган топту жарганча жөнөтүү — бул Украина Куралдуу күчтөрүнүн чырагына май тамызуу", — деп эсептейт Донецк Эл Республикасынын армиясынын Клим аттуу кызматтык ысымындагы офицери.
Мындан сырткары, Луганск Эл Республикасынын батышындагы күчтөр Артемовскиге (Бахмут) карай жыла алат. Ал эми ал жактан Славянски жана Краматорски шаарларына түз жол ачылат.
Бул калаалар Донецк Эл Республикасы үчүн символикалык мааниге ээ. 2014-жылы жаз-жай айларында дал ушул шаарларда донецкилик кошуун согушка биринчи ирет катышып, натыйжасында толук кандуу армияга айланган. Краматорскиде Бириккен күчтөр операциясынын украиналык штабы жайгашканын да кошумчалай кетели. Анын колго түшүп же жок кылынышы Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстагы бүт тобун кол башчысыз калтырат.
M142 артиллериялык ракета системасы (HIMARS) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
"Кол тийгизгенден чочулап...". Батыш куралдары Киевди айран таң калтырганда
Жаңылыктар түрмөгү
0