Megacom компаниясынын экс-директору Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекетке караштуу Megacom компаниясынын мурдагы башкы директору Акылбек Жамангулов. Архив
Мамлекетке караштуу Megacom компаниясынын мурдагы башкы директору Акылбек Жамангулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Жазылуу
Мурдагы директор бирөөнүн ири суммадагы мүлкүнө ээ болуп алган деп шектелүүдө.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мамлекетке караштуу Megacom компаниясынын мурдагы башкы директору Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы тастыктады.
Жамангуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү Октябрь райондук сотунда кечээ, 20-июнда, каралган. Анда судья 12-июлга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Эскерте кетсек, Жамангулов Башкы прокуратура тарабынан 12-март күнү кармалган. Ал бирөөнүн ири суммадагы мүлкүнө ээ болуп алган деп шектелүүдө.
Акылбек Жамангулов Megacom компаниясын 2018-2021-жылдары жетектеген. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болчу.
Кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0