Кыргыз-тажик чек арасындагы абал. Тараптар бир катар чечим кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан жана Таджикистан желектери. Архив
Кыргызстан жана Таджикистан желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Жазылуу
Кечээки түн тынч өтүп, чыр-чатак катталган эмес.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. 15-июнь саат 10:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээки түн тынч өткөн. Терс окуялар, чыр-чатактар катталган эмес.
"14-июнда саат 19:30дан 20:35ке чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын башка тилкелеринде чыр-чатактарды болтурбоо максатында Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө жерлигинде чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Ага тараптардын жооптуу аймактардагы чек ара заставаларынын башчылары да катышкан. Жолугушууда тараптардын чек ара заставаларынын башчыларына кырдаалдын курчушуна жол бербөө жана жоопкерчиликтүү аймактарда кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасы берилди", — деп айтылат маалыматта.
Кийинчерээк саат 20:40тан 21:20га чейин Кыргызстандын "Кызыл-Бел" жана Тажикстандын "Гулистон" өткөрүү пунктуларынын ортосунда Баткен жана Согди облустары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу болгон. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган:
Тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн (отряд башчыларынын) жана жооптуу аймактардагы застава башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө;
Тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн орун басарларына Булак-Башы жерлигинде жайгашкан чек ара посттордун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү тапшыруу;
Мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде айыл чарба иштерин жүргүзүүгө жол бербөө.
Учурда чек арадагы абал көзөмөлдөнүп жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, 14-июнь күнү эртең менен саат 06:50-07:00дөр чамасында Баткенде Тажикстандын "Кех" чек ара заставасы Кыргызстандын "Булак-Башы" чек ара заставасын көздөй аткылаган. Буга жооп катары кыргыз тарап да ок чыгарган. Окуя болгон жерге чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишкен. Анткен менен саат 07:50дө тажик тарап гранатомёт жана миномётторду колдонуу менен кайрадан ок чыгарып, саат 8:10до токтогон.
Россиянын Чек ара кызматынын аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
Кыргызстан Россиянын Чек ара кызматына узак мөөнөткө жер тилкесин ижарага берет
Жаңылыктар түрмөгү
0