Кыргызстан Россиянын Чек ара кызматына узак мөөнөткө жер тилкесин ижарага берет

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРоссиянын Чек ара кызматынын аскери. Архив
Россиянын Чек ара кызматынын аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
Жазылуу
Бакировдун айтымына караганда, мамлекет аталган жерди өткөрүү, кадастрдан каттоо сыяктуу процедураларды бүткөрүп берет.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан Россия Федерациясына көп жылдык мөөнөткө 25 сотыхка жакын жерди ижарага берет. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети билдирди. Бүгүн комитет 1999-жылдын 17-июлунда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы чек ара кызматташуусу боюнча макулдашуусуна кошумча келишимдин долбоорун карап жана колдогон.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров комитет жыйынында аталган документтин негизинде кыргыз тарап РФ чек ара кызматкерлерине турак-жай, казарма жана башка керектүү нерселер менен камсыздоо милдетин алгандыгын айтты.
РФ чек арачыларына мурда Новопокровка аймагынан (Чүй облусу) имарат берилип, бирок ал жарактан чыгып калган.
"Жараксыз акыбалга келгенге байланыштуу башка жерден имарат таап, ижарага алып, ошол жерде отурушат. Аларды сатып алуу боюнча бир топ маселе коюлган. Сүйлөшүүлөр жүрүп отуруп, имараттарды жеке тараптан сатып алышкан. Кыргыз тарап менен генералдык келишим болгондуктан КРдин кепилдиги болсун деп суранышкан", — деди Бакиров.
Андыктан мамлекет тиешелүү бир нече процедуралардан өткөрүп берерин айтты.
"РФ жеке тарап менен келишим түзүп мүлктү алып жатат, андан кийин КР тарап ал мүлктү кадастрдан каттап, жерди мамлекеттик статуска ээ кылып, анан мүлктү жеке менчикке, ал эми жерди көп жылдык пайдаланууга берүү милдеттенмесин алып жатат", — деди Бакиров.
Кеп Бишкек шаарындагы Жибек Жолу (№ 539) жана Керимбеков көчөсүндөгү (№ 107) имарат, жалпы муниципалдык колдонуудагы жер туурасында болуп жатат. Бакиров булар баш-аягы 25 сотыхка жакын болорун айтты.
Имараттар Чек ара кызматынын, тагыраагы, Россия тараптын менчигине өтүп, жер жана анын айланасындагы тилкелер 49 жылга ижарага берилмекчи.
Россиянын Росатом мамлекеттик корпорациясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Евразия экономикалык форуму
"Росатом" Баткен облусуна чакан ГЭС курууга катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0