Мамкызматкерлер кармалбайт, куугунтукталбайт. Өкмөт мыйзам долбоор сунуштады

© Sputnik / Александр АстафьевМамлекеттик кызматкер. Архив
Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Жазылуу
Эгер мыйзам кабыл алына турган болсо, министрлер кабинетинде иштегендердин баары кол койгон документине жооп бербейт.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкерлердин өз милдетин аткаруу учурунда жасаган иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды.
Аталган демилгени министрлер кабинети көтөрүп, юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде баяндама жасады.
"Бул мыйзам мамлекеттик кызматкерлерди негизсиз куугунтуктоодон коргоо механизмин күчөтөт. Укук коргоо органдары тарабынан көптөгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында кызматкерлер коркуп, мамлекет үчүн зарыл чечимдерди өз убагында кабыл албай жатышат. Мунун айынан мамлекеттик органдардын иши төмөндөөдө. Биз кызматкерлерге абсолюттук иммунитет бербейбиз, эгер сотто ал жеке кызыкчылыгын көздөгөнү аныкталса, жазага тартыла берет", — деди Зарылбек уулу.
Депутат Дастан Жумабеков бул мыйзам кабыл алынса министрлер кабинетинде иштеген эксперт, референт болобу, баары туура эмес чечим чыгарса да жоопко тартылбай каларын айтып каршы чыкты.
"Бул аша чапкандык. Эртең коррупциялык элементтер менен мамлекетти жаман жолго түрткөн келишимдерди түзүп, аягында жоопкерчиликтен качып кетишет. Нагизи мамлекеттик кызматкерлер азыркы мыйзамдардан чыкпай иштесе эле жоопко тартылбайт. Эмне, депутаттарга эрегишкендик болуп жатабы? Депутат айткан сөзүнө, чечимине жооп бербейт, Конституцияда ушундай кол тийбестик берилген. Силердики да кудум ушуга эле окшоп калды", — деди Жумабеков.
Ал эми дагы бир депутат Гуля Кожокулова бул акылга сыйгыс демилге деп сыпаттап, мыйзам ишке кирсе кызматтык кылмыштар беренеси толугу менен жокко чыгарын билдирди.
Дагы бир эл өкүлү Мейкинбек Абдалиев "мамлекеттик кызматкер жегенине, коррупцияга батканына жооп бербейт, ачыкка чыгалы деп эле жазып койгула ушунча болду" деп какшыктады.
Долбоордун авторлору тууралуу суроого Зарылбек уулу документти министрлер кабинетинин тапшырмасынын негизинде Юстиция министрлиги тарабынан иштелип чыкканын айтты.
Натыйжада Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук комитети мыйзам долбоорун четке какты.
Банктык карталар жана сом купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022
Өкмөт ишкерлердин нак акча кармашын чектөөнү көздөөдө. Мыйзам долбоордун чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0