Сталинди таң калтырган Атай Огонбаев. Москвадагы декададан таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Солдон оңду көздөй отурган ак таңдай төкмө акындар Алымкул Үсөнбаев менен Калык Акиев жана артта турган ырчы, комузчу Атай Огонбаевдин сүрөтү 1939-жылы Москва шаарында тартылган.
Ал жылы СССРдин борборунда Кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы өтүп, ага сүрөттөгү инсандар катышып москвалыктарга өз өнөрлөрүн тартуулаган.
Ошол кезеңди белгилүү музыка таануучу Андрей Кузнецов опера ырчысы Сайра Кийизбаева жөнүндө жазган эмгегинде мындайча эскерген.
"Борбор калаадагы музыкалык-драма театрга 1931-жылы Муса Баетов, Мураталы Курөңкеев, Алымкул Үсөнбаев, Калык Акиев, Шаршен Термечиков, Адамкалый Байбатыров өңдүү ырчы, обончу, төкмө акындар кабыл алынган. Кийин алар филармониянын эл аспаптар оркестринин негизги курамына киришкен. Декаданын жыйынтыктоочу бөлүгүндө композиторлор Муратаалы Күрөңкеев, Атай Огонбаев, төкмө акындар Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев, манасчылар Молдобасан Мусулманкулов, Саякбай Каралаев сахнага чыгып өз чеберчилигин көргөзгөн", — деп жазган.
Ал эми декадада алып баруучу болгон Ашыраалы Боталиев "Ак тамак, Көк тамак" күүсүн Атай Огомбаев өзү черткенде Сталин таң калганын 1974-жылы "Ленинчил жаш" гезитине айтып берген.
"Бир нече номерден кийин кезек Атай Огонбаевге келди. Мен сахнага чыгып кезектеги номерди кулактандырып, бир отургуч, бир табуретка койдум. Атай сахнага чыгып келип отургучка отурду да, комузун толгоп "Ак тамак, Көк тамак" деген күүсүн колун эбелектетип черте баштады. Бир маалда табуреткада турган бычакты ала коюп чертип кирди дейсиң, электрдин жарыгына бычак чагылышып, ого бетер кереметтүү болуп көрүндү. Ложада отурган Сталин кылчая калган эле. Климент Ворошилов аны акырын ийинге түртүп, сөөмөйү менен Атайды көрсөттү. Сталин көрө салып кол чаап жиберди. Зал дүркүрөтүп коштоп кетти. Сталин Атайдын колун кармап көрүп "сөөк жок экен десем, бар тура" деп таңданды", — деген Боталиев.
Анда Калык Акиев 56, Алымкул Үсөнбаев 45, Атай Огонбаев 38 жашта эле.
Эске сала кетсек, Кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасына Кыргыз ССРиндеги театралдык-музыкалык топтор, акын-жазуучулар, аткаруучулар, обончулар, төкмө акын, манасчылар, сүрөтчүлөр, акын-жазуучулар болуп жалпы 400дөй адам катышкан. Ири маданий иш-чаранын соңунда Кыргыз музыкалык драма театры Ленин сыйлыгын, композитор Абдылас Малдыбаев СССРдин эл артисти наамын алып, 70тен ашык маданият өкүлү мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон.
Тема боюнча:
Уулуна комуз үйрөткөн Эстебес Турсуналиев. Төкмө акындын таберик сүрөтү
Киночуларга ат мингенди үйрөткөн Чокморов. "Жетинчи октогу" таберик сүрөт
Турсунбаева, Океев, Рыскулов... Баткенде 51 жыл мурун тартылган таберик сүрөт
16 жаштагы Самара Токтакунова менен 20 жаштагы Сардарбек Жумалиев. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0