Кандай автоунааны тез арада сатып салуу керек? Адистин пикири

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТейлөө станциясынын кызматкери иш учурунда. Архив
Тейлөө станциясынын кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Жазылуу
Айрым учурда машинаны тетик катары сатып салуу пайдалуураак экени айтылды.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кандай учурларда автоунааны кармап тургандын ордуна сатып кутулуу туура? Бул тууралуу автоунаалар боюнча адис Алексей Гришин "Прайм" агенттигине берген маегинде айтты.
Темир тулпардын өмүрүн кыскартчу жагдайлар:
жол кырсыгы — азыр олуттуу кырсыкка кабылган автоунааларды деле сыртынан караганда эч нерсе байкалбагыдай кылып жасап коюуга мүмкүнчүлүк бар. Бирок ичинен бир мандем кеткен автоунаа эч качан мурдагы абалына келбейт;
от жана суу — кайсы бир бөлүгү өрттөнгөн же сууга чөккөн автоунааны дагы толугу менен калыбына келтирүү өтө татаал. Өзгөчө мындай учурда автоунаанын электроникасы жабыркап бат-баттан бузула берет;
мотордун иштен чыгышы — кыймылдаткычты капиталдык оңдоодон өткөрүү же алмаштыруу унаанын өздүк наркынан да кымбат болушу мүмкүн. Анын үстүнө моторду алмаштырган соң айрым учурда автоунаанын документтерин кайрадан тууралап чыгуу зарыл болот;
кузовду коррозия басып кетиши — дат тетиктерге дагы өтүп кетиши мүмкүн. Мындай учурда автоунааны оңдоо оң жыйынтык бербейт.
Адистин пикиринде, жогоркудай абалга туш болгон автоунааны кармап туруунун пайдасы жок. Анткени аны оңдотууга өтө көп каражат кетип калышы мүмкүн. Тилекке каршы, кийин ал нерсе өзүн актабайт.
Айрым учурда мындай унааларды тетик катары сатса пайдалуураак болот.
2000 долларга чейин. Өтүмдүү унаалардын баасы бир жылда кандай өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
2000 долларга чейин. Өтүмдүү унаалардын баасы бир жылда кандай өзгөрдү?
Жаңылыктар түрмөгү
0