Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинанын 1,5 млн. дозасынын мөөнөтү июлда бүтөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМедик COVID-19га каршы вакцина шприци менен. Архив
Медик COVID-19га каршы вакцина шприци менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Жазылуу
Депутаттар Азия өнүктүрүү банкы менен болгон келишимдин алкагында 1,7 миллион доза вакцина сатып алуу маселесин талкуулап жатат.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын 1,5 миллион дозасынын мөөнөтү июлда аяктайт. Бул тууралуу ЖК депутаты Жылдыз Садырбаева парламенттин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева анын сөзүн тастыктады. Анын айтымында, өлкөдө жалпы жонунан 2 миллион 503 миң 376 доза вакцина бар.
Комитетте 25 миллион доллар (жарымы кредит, калганы грант) бөлө турган Азия өнүктүрүү банкы менен болгон келишим каралууда. Бул каражатка 1,7 миллион доза вакцина сатып алуу пландалууда.
Садырбаеванын айтымында, вакцинанын калган запасынын мөөнөтү ушул жылдын соңунда бүтөт. Эл өкүлү мынча көлөмдөгү вакцина турса дагы сатып алуу пландалып жатканына нааразы болду.
Шериева буга "календардык план боюнча 2024-жылга 1,7 миллион доза сатып алынат" деп жооп берди. Депутат бир күндө канча адам эмделип жатканына кызыгып "500дөн 1000 адамга чейин" деген жооп алды.
"Мындай темп менен кантип эле вакциналар артып калды?" — деп сурады депутат.
Шериева муну гуманитардык жардам аркылуу өлкөгө кыска мөөнөттүү вакциналардын арбын келгени менен түшүндүрдү.
"1,5 миллион дозалык вакцинанын мөөнөтү июлда бүтүп жатат. Силер ушунча ири көлөмдөгү вакцинаны жараксыз кылып туруп, эми дагы сатып алганы жатасыңар. 12,5 миллион доллар — бул кредиттик каражат, үстүнө пайыздарын кошуп төлөп беришибиз керек болот", — деди депутат.
Абактын эшигин бекитип жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Бейшеналиевдин орун басары жана Эмдөө борборунун жетекчиси да камакка алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0