Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мүсүралиев: аймактарда ишкерлер укуктарын билишпейт

© Sputnik / Табылды КадырбековБизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев
Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Жазылуу
Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев Бизнес-акыйкатчы институту өлкөнүн түштүк жергесине иш сапар уюштуруп, ишкерлердин көйгөйлөрүн уккандыгын айтты.
Баткен облусунда ККМди тейлеген бир гана борбор иштейт. Контролдук-кассалык машина (ККМ) системасы бузулса Ош, Жалал-Абадга барууга туура келет. Ал эми телефонго жүктөлгөн программа толук кандуу иштебейт. Бул тууралуу Нурлан Мүсүралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мүсүралиев: аймактарда ишкерлер укуктарын билишпейт
Анын айтымында, Баткен шаарына өзгөчө макам берилбей, салыктык маселелер боюнча көйгөйлөр көп.
"Ишкердик субъектилердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу Бизнес-акыйкатчы институту Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына жумуш сапарын уюштуруп, жергиликтүү ишкерлердин көйгөйүн укту. Ишкерлер үчүн түзүлгөн шарттар, атайын долбоорлор боюнча маалыматтын жеткиликтүүлүгү камсыздалбай жатыптыр. Мамлекеттик же жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай маалымат берилбей жатканы бизнес-өкүлдөрү үчүн кыйын болууда. Насыя алуу үчүн талаптар да өтө татаал. Насыялардын пайыздык көрсөткүчтөрү жогору коюлган. Бул жагынан чакан жана орто бизнеске эч кандай колдоо болбой жатат. Баткен облусунда ККМди тейлеген бир гана борбор иштейт. Контролдук-кассалык машина (ККМ) системасы бузулса Ош, Жалал-Абадга барууга туура келет. Ал эми телефонго жүктөлгөн программа жакшы иштебейт. Көп учурда ишкерлер өзүлөрүнүн укуктарын анча билбегендиктен чечилбеген маселелер арбын болуп жатканын да айтууга болот", — деди Мүсүралиев.
Ошондой эле адис ишкерлердин көйгөйүн өкмөткө жеткирүүгө аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0