Торт жасап, далайды баккан Канышай: мекенде иш турса сыртка ашыгып кереги жок

© Фото / предоставлено Канышай АскеровойКондитер Канышай Аскерова
Кондитер Канышай Аскерова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Жазылуу
Ар адамга ар бөлөк өнөр шыбагасы буйруйт экен. Бул жолку маектешибиздин өнөрү өзгөчө. Кынаптап жасалган, укмуштай кооздолгон таттуулары көз жоосун алып, жакшылыктардын көркүн ачып келет.
Даамын таткандардан даңкын угуп, Канышай Аскерованын өзү менен байланышып баарлаштык. Айтмакчы, маектешибиз кезегинде дүйнөгө белгилүү "Аль-Жазира" каналынын да каарманы болгон. Кондитер ушул багытта устат макамына жеткен Канышай кенедейинен бул өнөрдү өздөштүрүп, бизнестин да тилин тапкан. Анын эмгектери борбор калаада гана таанымал эмес, аймактарга да жайылып барат. Анткени буюртмалар да, өзү таптаган шакирттери да өлкөнүн ар кай бурчунан.
— Бул ишке кандайча киришип калдыңыз?
— Баары кымындай пироженоеден башталган. Окуучу кезимде үйдө жасачу элем. Башында жөн эле эрмек болсо, бара-бара бүтүндөй бизнеске айланды. Болбосо негизги кесибим экономист, ушул багытта кетем деп ойлочумун. Борбордогу №70 мектепти да, университетти да артыкчылык менен аяктагам. Ата-энем мамлекеттик мекемелерде иштегендиктен, мындай жол менен кетеримди алар да күткөн эмес. Ошондуктан башында буга олуттуу карашкан жок. Качан гана алардан көп акча таба баштаганымда ишиме маани бере башташты.
Дегеле коомубузда кондитер, токарь, слесарлык кесиптер менен сыймыктанышпайт эмеспи. Азыр рыноктун конъюнктурасы ушунчалык өзгөрдү, кесибиң стоматолог болсо, өмүр бою ушул багытта иштөөгө тийишсиң деген көндүм пикирге байланбайсың.
Instagram жаңыдан пайда болгон кез, жаңылышпасам, 2013-жыл болсо керек. Адегенде группалаштар, тааныштардын буюртмаларын алып жүргөм. Дал ошол убакта Америкага "Окуу жана саякат" программасы менен кеттим. Мага ылайыктуу жумуш табылбаганы үчүн мейманканада адегенде кызматчы болдум. Ишимди бүтүрүп коюп эле отелдин ашканасына жөнөп, өзүм суранып жардам берчүмүн. Чогуу иштешкен досторго бир жолкусунда манты түйүп берсем, абдан тамшанып жешти. Баарын кылдат, тыкан жасарымды белгилеп, ашканада иштегениң туура деп калышты. Ошентип Hilton отелдер түйүнүндө төрт ай тажрыйба топтоп келгем.
© Фото / предоставлено Канышай АскеровойКанышай Аскерова кенедейинен бул өнөрдү өздөштүрүп, бизнестин да тилин тапкан. Анын эмгектери борбор калаада гана таанымал эмес, аймактарга да жайылып барат
Кондитер Канышай Аскерова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Канышай Аскерова кенедейинен бул өнөрдү өздөштүрүп, бизнестин да тилин тапкан. Анын эмгектери борбор калаада гана таанымал эмес, аймактарга да жайылып барат
— Эмнеге кайттыңыз? Калсаңыз, балким, АКШда мүмкүнчүлүк кеңири болмоктур...
— Мыйзам бузгум келген жок, анан да ал убакта билим алуу мен үчүн биринчи орунда болчу. Окуу жайдан ансыз да бир ай уруксат алгам. Эгер өз ишиңдин мыктысы болсоң, турукташып калган ишиң турса, каалаган убакта кандайдыр конференция, билимиңди өркүндөтүү программалары же жумуш боюнча расмий виза берилет. Татыктуу ишиң болбосо гана сыртка аттанасың. Мекенде түптөгөн, көңүлүңө төп ишиң турса, башка жакка кетүүнүн кажети жок.
— Чет өлкөгө чакыруулар болобу?
— Казакстан, Өзбекстанга мастер-класс өткөрүүгө көп чакырышат. Россияда мыкты кондитер деп табылган мекендешибиз Анара эсиңиздерде болсо керек. Москвага анын студиясынын ачылышында мастер-класс өткөрүүгө да чакырылгам.
— Эң кымбат буюртма канчага айланган эле?
— 40 миң сомдун тегерегинде болгон. Үч кабат торт-candy bar (жалаң таттуулар жазылган дасторкон) кылып даярдаганбыз. Буга кеминде эки-үч күн кетет. Мурда мындай суммадагы буюртма чанда түшсө, азыр бул кадыресе көрүнүш.
— Дүкөндө арзан, силерде кымбат деп нааразы болгон кардарлар кезигеби?
— Колго жасалган чүчбара менен жарым фабрикаттын даамын салыштырып көрүңүз. Кайсынысы даамдуу? Кардар кааласа дүкөндөн 500 сомго сатып алат, бирок кол эмгегин баалаган адам бизге кайрылат.
— Бир пироженое менен баштадым дедиңиз, азыр ассортимент канчалык кеңейди?
— Ушул тапта 30 позициядан ашат.
© Фото / предоставлено Канышай Аскеровой

Эң кымбат буюртма 40 миң сомдун тегерегинде болгон

Эң кымбат буюртма 40 миң сомдун тегерегинде болгон - Sputnik Кыргызстан
1/4

Эң кымбат буюртма 40 миң сомдун тегерегинде болгон

© Фото / предоставлено Канышай Аскеровой

Үч кабат торт-candy bar кылып даярдаганбыз

Үч кабат торт-candy bar кылып даярдаганбыз - Sputnik Кыргызстан
2/4

Үч кабат торт-candy bar кылып даярдаганбыз

© Фото / предоставлено Канышай Аскеровой

Кардар кааласа дүкөндөн 500 сомго сатып алат, бирок кол эмгегин баалаган адам бизге кайрылат

Кардар кааласа дүкөндөн 500 сомго сатып алат, бирок кол эмгегин баалаган адам бизге кайрылат - Sputnik Кыргызстан
3/4

Кардар кааласа дүкөндөн 500 сомго сатып алат, бирок кол эмгегин баалаган адам бизге кайрылат

© Фото / предоставлено Канышай Аскеровой

Ушул тапта ассортиментибиз 30 позициядан ашат

Ушул тапта ассортиментибиз 30 позициядан ашат - Sputnik Кыргызстан
4/4

Ушул тапта ассортиментибиз 30 позициядан ашат

1/4

Эң кымбат буюртма 40 миң сомдун тегерегинде болгон

2/4

Үч кабат торт-candy bar кылып даярдаганбыз

3/4

Кардар кааласа дүкөндөн 500 сомго сатып алат, бирок кол эмгегин баалаган адам бизге кайрылат

4/4

Ушул тапта ассортиментибиз 30 позициядан ашат

— Кемчиликтериңиз болдубу?
— Шаарда кол менен торт жасоого буюртма алуу жана кондитердик курстар боюнча алгачкы чыйыр салгандардын катарындамын. Ошол убакта социалдык медиада баракча ачып, блог жазчумун. Кардарларым кыйла көбөйүп, ошол тушта бул саамалык болгондуктан, акчасын аябай буюртма берүүгө даяр кишилер арбын эле. Мындай иш менен калаа боюнча ашып кетсе он чакты эле киши алектенчү. Ошондо бир катачылык кетирипмин. Анткен менен мен үчүн тажрыйба да болду.
Жогоруда ата-энем башында буга олуттуу карабаганын айтып өтпөдүмбү. Алардын көңүлүн кыйбай, Улуттук банкка жумушка кирдим. Таттууга буюртма түшсө, аларды башкаларга багыттайм. Көрсө, өз кардарларымды атаандаштарыма таратып берипмин. Ошентип кондитердик багытта бир жыл артта калгам. Бирок өкүнүүнүн кажети жок, банк тутумунда иштебесем, балким, түпкүрдө бир "мындан көрө өз адистигим менен иштесем жакшы болор беле" деген өкүнүч калмактыр.
Бир жерде иштөө менен жеке ишиңдин айырмачылыгын аңдадым. Өзүмдү ошол системада керектүү киши катары сезе алган жокмун. Көптүн бири катары болгум келбеди. Тортко буюртма алып, аны аткарган соң кардарларыңдан ыраазычылык угасың. Мен үчүн эмгегимдин бааланышы абдан маанилүү.
— Башкаларга бул өнөрдү качан үйрөтө баштадыңыз? Эмне түрткү болду?
— Университетте абдан активдүү элем. Старосталыкты да аркалагам. Социалдык иштеги активдүүлүгүм үчүн студент кезде Менделеев атындагы стипендия алчумун, көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып, изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Жөн гана билим албастан, окутуучулар сыймыктанарлык студент, окуу жайда лидер, өзүбүздөн кийинки муунга үлгү болууга умтулчумун. Ошондуктан социалдык жоопкерчиликтин эмне экенин жакшы билем.
Анан да башында буюртманы баштан-аяк өзүм аткаргандыктан билгенимди башкалар менен бөлүшүүнү самачумун. Нумеролог менен сүйлөшүп калдым, анын баамында окутуучулук жана дарыгерлик жөндөмүм бар экен. Балким, кээде мага зыянын тийгизер, бирок табиятымдан өзүмдү аябай, башкаларды ойлоп, башкаларга жардамдашмай адатым бар. Маселен, кичинемде ата-энем жолго деп акча берсе, жөө барып-келип, ачка жүрүп, бирок ошол акчага иниме же сиңдиме таттуу алып келип берчү элем. Өзүм андан ооз тийчү да эмесмин. Балким, ушул сапатым мени башкалардан айырмалап турар.
© Фото / предоставлено Канышай АскеровойКанышай Аскерова: алдыга умтулуп, аялдар арасындагы ишкерликти өнүктүрүүгө салым кошуум керектигин түшүндүм
Кондитер Канышай Аскерова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Канышай Аскерова: алдыга умтулуп, аялдар арасындагы ишкерликти өнүктүрүүгө салым кошуум керектигин түшүндүм
Банкта иштеп турган убакта "тигини жасаганды көрсөтүп берчи, муну үйрөтүп койчу" деп кайрылгандар көп болор эле. Маселен кыздар турмушка чыгарда торт жасоону үйрөнүп алгысы келет. Кийин алардан: "Кайненем мыкты келин экенимди айтып мактабадыбы, сага ырахмат" деген ыраазычылыктарын угасың.
Бир жолу кат алдым. Көрсөтүп бергеним боюнча өздөштүрүп, буюртма алып, акча таап жатканын жазыптыр. Баласын жалгыз өстүрөт экен. Перзентин карай турган киши жок, жумушка да кире албаптыр. Демек, кимдир бирөөнүн турмушуна таасир эте алыпмын деп ичим жылыды. Алдыга умтулуп, аялдар арасындагы ишкерликти өнүктүрүүгө салым кошуум керектигин түшүндүм.
Азыр окуучуларымдын арасында жаш энелер көп, графиги туура келбей, жумушка кире албаган студенттер арбын. Алты жылга чукул убакыт аралыгында 5000ден ашуун кишини окуттум. Дегеле ушул иштин башатында болгонум өзүм үчүн чоң сыймык. Буюрса китеп же рецепттер топтомун жазсам да жарашар. Жаңыдан киришкенде ата-энемдин батирин ижарага алып окутуп жүрсөм, азыр студиябыз бар.
— Баары эле өздөштүрүп кете алабы бул ишти?
— Биринчи орунга акчаны коюп: "торт жасап, көп тапса болорун уктум" деп келгендер адатта аягына чыгара албайт. Акча – болгону инструмент. Чет жерде иштеп жаткан шакирттерим да бар. Москвадан бир окуучум чалып, үйдө эки баласы менен отуруп, айына 60 миң рубль таап жатканын жазды.
Азыр аймактарга да басым жасоодомун. Көбүнесе Ошко көп каттайм. Анткени ал жакта кызматташкан кишилерибиз бар. Шарт болгонунда Нарынга, Таласка деле барып окутмакмын. Бирок жердин алыстыгына карабай, өздөрү борборго келип окугандар да жок эмес. Баткенден үч айлык чүрпөсү менен келип, туугандарынын үйүндө жүрүп окуган Ибадат деген шакиртим бар.
© Фото / предоставлено Канышай АскеровойКанышай Аскерова: алты жылга чукул убакыт аралыгында 5000ден ашуун кишини окуттум
Кондитер Канышай Аскерова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Канышай Аскерова: алты жылга чукул убакыт аралыгында 5000ден ашуун кишини окуттум
Оштогу мастер-класстарга шаарга жакын облустардан да балдарын көтөрүп келип окугандар болот. Арасынан бир кыздын аракетин, бир дагы сабакты калтырбаганын көрүп, дагы шыктандыруу үчүн көлөмдүү миксер белек кылгам.
Дагы бир мисал, Балыкчыдан Милада деген кыз Бишкекте туугандары жоктугунан күндө Көлдөн борборго каттап жүрүп окуду. Анан шаардын чок ортосунда жашап туруп, филармониянын тегерегиндеги студияны алыс деп шылтоологондорго жол болсун. Демек, алардын каалоосу жетишерлик деңгээлде эмес.
Негизинен мен үйрөткөн торттордун баасы кымбат, анткени табигый азыктардан жасалган торт арзан болбойт. Анан да бир саатта жасалчу иш эмес. Эми бул кыздын жасаганын аймактарда сатып алышар бекен деп санааркагам. Кийин Ибадат өркүндөтүлгөн курска да келип кетти. Бирок анын аракети мыкты, өзү да жакшы жыйынтык көрсөттү. Өз жеринде кофекана иштетүүгө белсенип, бизди ачылышына да чакырган. Мигранттар көп болгондуктан, Россияда же Америкада туруп Баткендеги жакындары же балдары үчүн торт жасатышат.
— Алдыда дагы пландарыңыз кандай?
— Онлайн сабак өткөрүүнү көздөп, азыр ошонун камын көрүп жүрөм. Чет өлкөнү эске албаганда да биздин аймактардан борборго келип окуу кыйынга турат эмеспи. Анан да акырындап КМШ өлкөлөрүнө дал ушул долбоор аркылуу чыккым келет.
— Ишиңизде экономисттик кесибиңиздин да кереги тиет чыгаар?
— Ооба, ишкана түптөгөн соң бухгалтерия жүргүзөсүң. Бирок мурда баарына, базардан жер-жемиш сатып алуудан тарта курьерлик ишке чейин да өзүм чуркасам, азыр эмгекти бөлүштүргөнгө өттүм. Анткени ишканабыз ушундай деңгээлге жетип калды.
Алты жыл жалаң кондитердик курстарга чуркап, майда-чүйдөсүнө чейин өздөштүрдүм. Өзүм да мастер-класстарга кондитер катары барып жүрсөм, быйыл ишкер катары өзүмдү өстүрүүгө басым жасадым. Мурда кондитер гана болсом, азыр ишкер, стратегмин. Мыкты кондитер бол, таттууларды укмуш жаса, бирок ишкана ачканыңда бул жөндөмдөрүң жетишсиз. Маркетинг, кызматкерлерди тандоо, үзгүлтүксүз жүрүп тургудай ишти жөнгө салуу боюнча кошумча билим алууга тийишсиң.
Компания кеңейип, ага жараша милдеттер да артууда. Үлпөт, азем, тойлор боюнча өзүнчө, андан сырткары, студия, кондитердик курс да бар. Жакындарым каршы чыкканына карабай тоңдурулган йогурттун да франшизасын сатып алгам, бул багыт да өзүнчө өнүгүп келет. Соода борборлорунда эки түйүнүбүз бар, анда кардарларга таттуулар менен чогуу суусундуктар да сунушталат. Жалгыз иштеп жүргөндө айрым буюртмалардан баш тартып, тыныгып алчумун. Ал эми команда топтогон соң, аларга жумуш убада кылгандан кийин жоопкерчилик чоң.
Булардан тышкары социалдык медиада блог алып барам, 100дөн ашуун билдирүү келет. Ар кыл мазмунда, бири кеңешин айтат, дагы бири жөн гана каалоосун билдирет же суроо берет. Коомчулук менен да тыгыз иш алып баруу абзел. Анткени негизги кардарлар мага карап буюртма кылышат.
© Фото / предоставлено Канышай Аскеровой

Мен үчүн эмгегимдин бааланышы абдан маанилүү

Мен үчүн эмгегимдин бааланышы абдан маанилүү - Sputnik Кыргызстан
1/3

Мен үчүн эмгегимдин бааланышы абдан маанилүү

© Фото / предоставлено Канышай Аскеровой

Үлпөт, азем, тойлор боюнча өзүнчө, андан сырткары, студия, кондитердик курс да бар

Үлпөт, азем, тойлор боюнча өзүнчө, андан сырткары, студия, кондитердик курс да бар - Sputnik Кыргызстан
2/3

Үлпөт, азем, тойлор боюнча өзүнчө, андан сырткары, студия, кондитердик курс да бар

© Фото / предоставлено Канышай Аскеровой

Тоңдурулган йогурттун да франшизасын сатып алгам, бул багыт да өзүнчө өнүгүп келет

Тоңдурулган йогурттун да франшизасын сатып алгам, бул багыт да өзүнчө өнүгүп келет - Sputnik Кыргызстан
3/3

Тоңдурулган йогурттун да франшизасын сатып алгам, бул багыт да өзүнчө өнүгүп келет

1/3

Мен үчүн эмгегимдин бааланышы абдан маанилүү

2/3

Үлпөт, азем, тойлор боюнча өзүнчө, андан сырткары, студия, кондитердик курс да бар

3/3

Тоңдурулган йогурттун да франшизасын сатып алгам, бул багыт да өзүнчө өнүгүп келет

— Канча кызматкериңиз бар?
— 26нын тегерегинде. Мурда командамда жалаң кондитерлер иштесе, азыр алардан тышкары буюртмаларды алчу киши, керектүү азыктарды тандап, сатып келчү адам өзүнчө. Ошондой эле сатуучу, копирайтер, СММ адистер да бар.
— Маяналары канчалык жогору?
— Жакшы алышат, өлкөдөгү орточо маяна көлөмүнөн 40 миң сомго чейин (ушул тапта 19 586 сом – ред.) чыгат.
— Кайсы мезгилде буюртмалардын саны арта түшөт?
— Күзүндө көбөйөт, буюртмалар боюнча эсептегенде бизде кышында төрөлгөндөр, айрыкча суу перилер көп көрүнөт. Өзүм да февралда төрөлгөм, туулган күнүмдө буюртмалар менен жаным тынбай, чай ууртап алганга да убакыт калбайт.
— Оңтойсуз, ыңгайсыз учурлар болобу?
- Албетте, болбой койбойт. Сandy-bar жасап, машинанын аркасына салып, жеткиргени бараткам. Бир маалда бир машина катуу айдап чыга калбаспы. Ушундай чукул тормоз тээптирмин, элестетиңиз, арттагы капкейктер алдыңкы терезеге тийип жатты.
— Бул пайдалуу багытпы? Жашоого жетеби?
— Баары өзүңө жараша. Ишти жакшы жүргүзө алсаң, командаңдын көңүлүн табууга да, кайрымдуулук иштерине да арттырууга болот. Бирок өзүмө коюлган чекке жетмейинче, аябай сарамжалдайм. Эң башында, мисалы, бир кулпунайды 8ге бөлүп, кымындай бөлүгүн да ороп, катып коёр элем. Эгер үйдөгүлөрдөн бирөө аны жеп койсо, аябай ызаланчумун. Анткени ишти жолго коюп алмайынча сен үнөмдөөгө тийишсиң.
© Фото / предоставлено Канышай АскеровойКанышай Аскерова: дегеле ушул иштин башатында болгонум өзүм үчүн чоң сыймык. Буюрса китеп же рецепттер топтомун жазсам да жарашар
Кондитер Канышай Аскерова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Канышай Аскерова: дегеле ушул иштин башатында болгонум өзүм үчүн чоң сыймык. Буюрса китеп же рецепттер топтомун жазсам да жарашар
— Азыр таттуу жегенге тыюу салынган же аллергиядан азап чеккендер көбөйдү. Мындан улам кондитердик бизнестин келечеги барбы деген суроо туулбай койбойт...
— Аларга альтернативдик варианттар сунушталат. Негизи мурда суроо-талап сунушту пайда кылса, азыркы заманда рынокто сунуш суроо-талапты жаратып калды.
— Бул иш да өзүнчө бир чыгармачылык экен, эргүүнү кайдан аласыз?
— Кичинемден башкача ой жүгүртөм, башкалар байкабаган ар бир деталды, андагы кооздукту көрө алам. Муну атам да айтып калат. Бирок жүз пайыз чыгармачыл жан эмесмин, андай болбогонуна да сүйүнөм. "Акылдан азап тартып", акылдуу, шыктуу, бирок билгендерин турмушта пайдалана албаган кишилер көп. Анткени абдан тар ой жүгүртүшөт.
Негизи эле бир ишти баштадымбы, баш-отум менен киришем. Ата-энем көп эркелетпегени менен эч качан чектөө койчу эмес. Бийге кызыктымбы, бийге жаздырышкан. Анда да берилип үйрөнүп, алдыңкы катарда жүрдүм. 9-класска келгенимде баскетболго кызыгуум артты. №13 мектептин курама командасынын капитанымын, өзүм башка мектепте окуйм. Боюм да кичине. Мындан улам кыздар атаандашып жүргөнүн сезгем. Ошондо оюмдун баары баскетбол болуп калган. Машыктыруучум: "Канышай дайым алдыны көрө билет, жакшы стратег" деп мактап калчу. Шаардык мелдештерге катышып, көп ийгиликтерге жетиштик. Согушта деле күчтүүлөр, жоокерлери көп тарап жеңбейт, туура пландаган, стратегиясы жакшы жак утат. Командалык оюнда же иште деле ошол. Кийин "KG 312" – Кыргызстандын курама командасына алышты. Бирок 11-классты аяктап жаткандыктан, спорт же билим алуунун бирин тандоого туура келген. Атам айтмакчы, спортто же бир партияда жүрсөм да сөзсүз алдыңкы катарда болмокмун.
Кыргызстандык Абдымуса кызы Зейнеп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Балиде ресторан иштеткен Зейнеп: Москвада бөтөлкө чогулткан күндөр болгон
Россиянын Пятница телеканалындагы Кондитер теледолбоорунун бешинчи сезонунун жеңүүчүсү Анара Мурзакулова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
"Кондитердин" жеңүүчүсү Анара: миллион рублди эмнеге короторумду чечтим
Япониянын Ритсумейкан университетинде рыноктук экономиканын эволюциясы боюнча мугалим Наргиза Насымбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2021
Япониядагы профессор Наргиза: эч шарт койбой эле кыргыз эли үчүн иштегим келет
Жаңылыктар түрмөгү
0