Каатчылык, Украинадагы эгиндин экспорту. Путиндин маегинен урунттуу учурлар

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Россия лидери энергетика жаатындагы каатчылык, жер семирткич боюнча дүйнөдөгү кырдаалга токтолгон.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин "Москва. Кремль. Путин" берүүсүндө журналист Павел Зарубинге маек куруп, дүйнөдөгү азык-түлүк рыногундагы кырдаал, Украинанын эгини боюнча абалга токтолду.
Россия лидеринин маегинин маанилүү учурларын сунуштайбыз:
Азык-түлүк жаатындагы кыйынчылыктар атайын операцияга чейин эле, пандемия учурунда башталган;
Дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы көйгөйлөр үчүн жоопкерчиликти Россияга оодарууга аракет кылышууда;
Энергетика жаатындагы каатчылык Европа мамлекеттеринин алысты көрө албаган саясатынан улам жаралды;
Жер семирткич боюнча дүйнөдөгү кырдаал санкциялардан улам оорлошо берет. Азык-түлүктүн баалары түшпөйт, кымбаттайт;
"Россия Украинадагы эгинди чыгарууга мүмкүнчүлүк бербей жатат" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Киев көзөмөлүндөгү аймактардан миналарды тазаласа эле эгинди чыгарып кетсе болот;
Украинанын порттору миналардан тазаланганда Россия деңизден эч кандай чабуул жасабайт;
Украинанын эгинин Дунай, Польша аркылуу алып чыкса болот. Эң арзан жолу Беларусь, бирок ал үчүн санкциялар алынышы керек;
Россия буудай экспортун 50 миллион тоннага чейин көтөрүүгө даяр;
Россия эгинди тынч алып өтүүгө жана кемелердин Азов жана Кара деңизге киришин камсыз кылууга даяр;
АКШнын финансы министри каатчылыкка алып келген катасын мойнуна алды.
Супермаркетте кызылчаны таразалап жаткан кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Путин: ЕАЭБ азык-түлүк боюнча өзүнүн керектөөсүн толугу менен жаба алат
Жаңылыктар түрмөгү
0