Кыргызстанда Балыкчы — Кочкор темир жолу кантип курулууда? Видео

Жазылуу
Кара-Кечеден көмүрдү поезд менен ташып келүү үчүн ири долбоор ишке ашууда. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын жүрүшүнө кызыгып көрдү.
Ысык-Көлгө темир жолду жеткирүү аракеттери Улуу Ата Мекендик согушка чейин башталып, курулуш ашар жолу менен жүргөн. Бирок согуш башталып кеткендиктен облуска биринчи поезд 1950-жылы гана жеткен. Кийин андай ири курулуштар токтоп, эгемендүүлүк жылдарында такыр эле колго алынган эмес.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды. Анын жалпы узундугу 186 чакырымга жетет. Долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабында узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы — Кочкор темир жол участогун куруу пландалган. Эсептөөлөр боюнча бир чакырым темир жолго 1 миллион 600 миң доллар сарпталат.
Адистер долбоорго кеткен каражатты Кара-Кечедеги көмүр жаба аларын айтышууда. Себеби кара алтын салынган темир жол аркылуу башка облустарга арзан жеткириле баштайт. Кендеги көмүрдүн кору 312 миллион тоннадан ашат.
Тема боюнча:
Сонун болуптур! Кыргызстандагы эң чоң көпүрөнүн асмандан көрүнүшү
Жаңылыктар түрмөгү
0