Кытай циркинде иштеген Чубак: үч жылдан бери мекенди көрө элекпиз, аябай сагындык
16:35 28.05.2022 (Жаңыртылды: 17:09 28.05.2022)
© Фото / из личного архива Чубака БегалиеваКытай циркинде иштеген Чубак Бегалиев (сол жакта)
© Фото / из личного архива Чубака Бегалиева
Жазылуу
Кыргыз менен алдындагы аты кошо жаралган дейбиз. Дүйнөдө жылкы баласынын сырын билген биздей эл аз. Өнөр секисинде да ат үстүндө оюн көрсөткөндү жигиттерибизден эч ким талаша албайт.
Каарманыбыз тогуз жылдан бери кытай циркинде өнөр тартуулап келет. Анда ат оюндары боюнча чебер, далай ирет кытай элинин жүрөгүн оозуна кептеп, толкунданткан эмоцияларды тартуулаган кыргыздын төрт жигити эмгектенет. Бири Чубак Бегалиев менен интернет аркылуу байланышып кебин уктук. Өнөрпоз үч жылдан бери мекенин көрбөй кусада жүргөнүн жана ишинин оош-кыйышын айтып берди.
— Алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?
— Мен 1991-жылы Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылында төрөлгөм. Үйдүн улуусумун. Менден кийин үч карындашым жана эки иним бар. Жогорку окуу жайды ийгиликтүү аяктадым, ошентсе да ал кесип жүрөгүмө жакпагандыктан алып кете алган жокмун. Негедир бала кезимден бери эле жылкыга жакын элем. Ошондуктан ушул жолду тандадым окшойт. Бирок ошол маалда агам мени ат таптап, ат чабышка катышууга Казакстанга жумушка чакырып калды. Баш тарта алган жокмун. Коңшу өлкөдө эки жыл иштеп, андан кийин Бишкекке келсем мамлекеттик циркке тандоо болуп жатканын угуп барып сынактан ийгиликтүү өтүп кеттим.
© Фото / из личного архива Чубака БегалиеваЧубак Бегалиев: 30 миң кишилик чоң стадиондордо оюн коёбуз. Биз чыккан кезде элдин эмоциясы укмуш болот. Абдан сүрөшөт
Чубак Бегалиев: 30 миң кишилик чоң стадиондордо оюн коёбуз. Биз чыккан кезде элдин эмоциясы укмуш болот. Абдан сүрөшөт
© Фото / из личного архива Чубака Бегалиева
— Кытай циркине өтүү да оңой болбосо керек. Кандай кыйынчылыктар болду?
— Биз 2013-жылы Бишкектеги циркке кирип, 1,5 жылдай машыктык. Ошол учурда циркке көп бала баш бакты. Баш-аягы элүүдөй бала келип кетти. Аттар менен трюктарды жасоого, машыгууга чыдагандар калды, ал эми чыдабагандары кетти. Агайыбыз Алмазбек Раимкулов кытай цирки менен келишим түзгөн, ошондон бери бул жактабыз. Кыйынчылыктар аябай эле көп болду. Далай ирет аттан кулайсың, денеңди оорутасың, кайра турасың. Бөтөн жерге, элге, алардын тамак-ашына да көнүп кетүү оңой болгон жок. Ошол тоскоолдуктардын баарын жеңүүгө туура келди. Ушунун аркасы менен азыр чет жерде Кыргызстандын желегин желбиретип отурабыз.
— Сиздер циркте жигитовка өнөрүн көрсөтөсүздөр да?
— Ооба.
— Аттарды өзүңөр үйрөттүңөрбү же Кыргызстандан атайын үйрөтүлгөн аттарды алып кеттиңер беле?
— Жок, Кытайдын аттары менен эле чыгып жатабыз. Баарын өзүбүз көрсөтүүчү өнөргө, номерге, трюктарга жараша үйрөтөбүз. Кадимкидей эле аттарды карап, таптап багабыз.
— Жылкы баласы менен кыргыздын каны-жаны бир да. Кытайларды өнөрүңөр менен таң калтыра алдыңарбы?
— Сахнага чыкканда аттардын ылдамдыгы өтө жогору болот, ошого карабай ар кандай оор трюктарды жасайбыз. Таң калып "аттан коркпойсуңарбы" деп сурашат. Жыгылсак да туруп өнөрүбүздү тартуулап, токтогон жерден улантып кете беребиз. Мунун баары алар үчүн укмуштуудай сезилет. Кытайдын аттары кичине коркок келет, бирок үйрөтүп көрдүк. Жакшы таптаса кадимкидей көнөт экен. Барганда эле өзүбүзгө бирден ат тандап алганбыз. Азыр да ошол аттарыбызды карайбыз. Кытайдын артисттерине деле трюктарды, аттын кулагы менен тең ойногон чабандестикти үйрөтөлү десек көнүшпөйт. Коркушат окшойт. Кытай циркинде өзбек, тажиктер деле ат менен иштеп, башка багытта иш алып барышат. Алардын шамдагайлыгы силердикинен начар, кыргыздарга жетпейт дешет кытайлар. Элдин алдына чыкканда чабандестин коркуп жатканы да ачык көрүнүп калат. Кыргыздар эр жүрөк келесиңер дешет (күлүп).
© Фото / из личного архива Чубака БегалиеваЧубак Бегалиев: Кытайдын аттарын өзүбүз көрсөтүүчү өнөргө, номерге, трюктарга жараша үйрөтөбүз. Кадимкидей эле аттарды карап, таптап багабыз
Чубак Бегалиев: Кытайдын аттарын өзүбүз көрсөтүүчү өнөргө, номерге, трюктарга жараша үйрөтөбүз. Кадимкидей эле аттарды карап, таптап багабыз
© Фото / из личного архива Чубака Бегалиева
— Кытай цирки силерди кандай кабыл алды?
— Башында бизге баары башкача сезилген. Мамилелери да одоно көрүнгөн. Көнө албай жүрдүк. Бизди уйгур же монгол деп ойлошчу. Азыр тилди кичине түшүнүп калгандыктан сүйлөшүп калганда кыргыздар тууралуу айтсак аябай жакшы кабыл алышат. Булардын арасында деле жакшы жана жаман адамдар бар. Беш кол тең эмес да. Азыр тил табышып көнүп калдык. Кээде жумуштан кийин кытай артисттери бизди кафеге же үйүнө конокко чакырып калышат. Ошондо сүйлөшүп отуруп Кыргызстан тууралуу айтып берип, интернеттен тоолорун, жаратылышын көргөзсөк абдан кызыгып, баргылары келет. Биз да "мейманга келгиле" деп чакырабыз. Кээде оюн аяктаганда көрүүчүлөр келип каяктан келгенибизди сурашат. Кыргызстандан келгенибизди айтсак, айрымдары билбейт, кээ бирлери "кыжысытаун" деп жакшы таанышат.
— Алар да атты жакшы көрүп, кызыгат экен да...
— Ооба, кээде 30 миң кишилик чоң стадиондордо оюн коёбуз. Биз чыккан кезде элдин эмоциясы укмуш болот. Абдан сүрөшөт. Оюн бүткөндө жаныбызга келип суроолорду берет, таң калат. Алар ат мине алышпайт да. Негизи сахнага эки өлкөнүн (Кыргызстан менен Кытай) желегин алып чыгабыз.
— Кытайга жалпы канча бала бардыңар эле?
— 2014-жылы Кыргызстандан атайын даярдык менен 20га жакын бала келдик. Кээ бири үйлөнүп, айрымдары коронавирустан улам кетип калышты. Акырында Руслан, Ислам, Эрлан, анан мен, төртөөбүз эле калдык.
— Айлыгыңар, жашоо шартыңарды жакшы эле түзүп бериштиби?
— Атайын бекер жатаканада жашайбыз. Айлыгыбыз жакшы, ошол себептен 9 жылдан бери чыдап жүрөбүз да. Маяна жакшы экенин билип, өзбек менен тажиктер да бизди туурап ат өнөрүн, жигитовканы өздөштүрүп жатышат. Келишим түзүп келгенге абдан аракет кылышат.
— Кытай эли менен кыргыздардын кандай айырмачылыгын байкадыңар?
— Оо, айырмабыз асман менен жердей. Бизде улуу-кичүүгө сый-урмат көрсөтүү жакшы өнүккөн. Бул жакта ошол жагы аксап турат, каада-салт жактан да чоң айырма бар. Жүрүш-турушу өзгөчөлөнүп менталитети башка, тамак-аштан өзүңөр билгендей көзгө көрүнгөн көп нерсени жешет. Албетте, алардын дарычылык касиетин да жакшы билишет. Бизде деле ата-бабалар чөп-чардын эмнеге дары экенин мыкты билген. Бирок биз аны унутуп баратабыз. Өздөрүн бардык жерде каалагандай эркин алып жүрүшөт. Үй-бүлөсүн аябай жакшы карашат. Ата-энеси балдарынын үй-жайын, окуусун, кыскасы, бардык шартын камдап берет. Ошол себептен материалдык жактан көбү жетиштүү. Анан эмгекчил.
— Азыр Пекин шаарындасызбы?
— Жок, азыр Нанжин калаасындабыз. Биз көп шаарларда иштеп келдик, тогуз жылда Кытайдын бир катар шаарларында болдук. Эми ушу Нанжин шаарына келгенибизге 10 айдын жүзү болуп калды. Кытайды кыдырып оюн койдук. Пандемия башталганы биз да карантиндин режимдерин сактап иш кылып жатабыз.
© Фото / из личного архива Чубака БегалиеваЧубак Бегалиев: 2014-жылы Кыргызстандан атайын даярдык менен 20га жакын бала келдик. Кээ бири үйлөнүп, айрымдары коронавирустан улам кетип калышты. Акырында Руслан, Ислам, Эрлан, анан мен, төртөөбүз эле калдык
Чубак Бегалиев: 2014-жылы Кыргызстандан атайын даярдык менен 20га жакын бала келдик. Кээ бири үйлөнүп, айрымдары коронавирустан улам кетип калышты. Акырында Руслан, Ислам, Эрлан, анан мен, төртөөбүз эле калдык
© Фото / из личного архива Чубака Бегалиева
— Келишим кайсы жылы бүтөт?
— Келишим ар кандай болуп калат, башында 6 айга эле түзүп келгенбиз. Кытай цирки өздөрү жактырып, бизди кетирбей жатат. Себеби биздей иштеген жигиттер аз экен, ошондуктан келишимди 6 ай сайын узартып жатышат. Менимче, бизди дагы 3-4 жыл алып калат окшойт. Келишимди дагы бир топ жылга узартуу ойлору бар. Себеби кытайлар атты биздей мине албайт, анан да атты, ат оюндарын жакшы көрүшөт. Ошол себептен коё бербей жатышат.
Бирок коронавирус пандемиясына чейин жыл сайын бир ай үйгө эс алууга барчубуз. Шашпай жакшы эс алып, кайра келип иштей берчүбүз. Азыр үйгө кете албай жатабыз. Аябай сагындык. Үч жыл болуп калды Кыргызстанды көрө элегибизге. Буюрса, жол ачылса эле барабыз деген оюбуз бар.
— Тажаган жоксуңарбы?
— Чынын айтсак, тажадык. Баары бир өзүбүздүн мекенибиз, эли-жерибизге эмне жетсин. Туулган жерди сагынуу, кусалык деген болот экен. Бирок айла жок, жумушуңду, кесибиңди сүйсөң иштөөгө туура келет турбайбы. Эми Кыргызстанга барганда биротоло үйлөнүп кайтсак дейбиз. Төртөөбүз тең бойдокпуз.
© Фото / из личного архива Чубака БегалиеваЧубак Бегалиев: Кытай цирки өздөрү жактырып, бизди кетирбей жатат. Себеби биздей иштеген жигиттер аз экен, ошондуктан келишимди 6 ай сайын узартып жатышат
Чубак Бегалиев: Кытай цирки өздөрү жактырып, бизди кетирбей жатат. Себеби биздей иштеген жигиттер аз экен, ошондуктан келишимди 6 ай сайын узартып жатышат
© Фото / из личного архива Чубака Бегалиева
— Тогуз жылдан бери кытай кыздарынан өзүңөргө колукту таба алган жоксуңарбы?
— Жок, кыргыздын эле суйкайган сулуу кыздарына үйлөнгүбүз келет. Өзүбүздүкүнө эмне жетсин (күлүп). Азырынча Кытайдан чыга албайбыз, анткени бул жакта карантиндин эрежелери алына элек. Дагы деле эл көп жерлерде бет капчан жүрөбүз. Кыргызстанга кетсек, кайра кире албай калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан чыдоого туура келет. Бирок азыр техника өнүккөн эмеспи, видео аркылуу ата-эне, туугандарыбыз менен сүйлөшүп, көрүп калсак эле бир аз сагыныч тарай түшөт. Ошол үчүн да баарына кайыл болуп иштеп жатабыз го.
— Эми сиздер Кыргыз мамлекеттик цирки менен Кытай циркинин ашканасын да көрүп, жакшы тааныйсыңар. Артыкчылыктары менен кемчиликтерин салыштырып байкадыңыздар да?
— Эми Кытайдын цирки материалдык жактан, албетте, мыкты жабдылган. Бирок кеп анда деле эмес. Булардан көрө албастык, бут тосуу дегенди байкай албадым. Бири-бири менен иши жок, ар ким өз жумушун кылып, кызматын аткарып жүрө беришет экен. Ал эми биздин Бишкектеги көзгө басар циркте интрига, көрө албастык, бут тосуу, коррупция абдан өнүккөн. Материалдык жагынан да артта. Мурда биз иштеп турганда жетекчилик жакшы тааныш-билиш артисттерине артыкчылык берип койчу. Кол ийрисине тартат дегендей эле чет мамлекеттерден келген жакшыраак келишимдерди өз кишисине түзүп, ал ишин мыкты билбесе да жиберип коюшчу. Азыр андай болбой калса керек, анткени келишим түзгөн тарап сахнада оюн көргөзгөн видеолору аркылуу өздөрү тандап алат. Ушундай талап коёт. Мен тогуз-он жыл мурунку цирктин абалын айттым. Азыр кандай акыбалда экенин билбейм.