Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Министрлик текшерүүдөн качкан менчик клиникалардын схемасын айтып берди

© Фото / Pexels / ThirdmanЖеке клиникада иштеген дарыгер. Иллюстративдик сүрөт
Жеке клиникада иштеген дарыгер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
Жазылуу
Текшерүү гинекология, стоматология, косметология жана фармацевтика багыттары боюнча жүргүзүлгөн.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан текшерүү жүрүп жатканын билген менчик клиникалар убактылуу жабылып, комиссиянын ишин кыйындатты. Бул туурасында Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Учурда комиссия жыйынтыгын чыгарып жатат, бирок адистер бардык клиниканы текшере алган жок.
© Sputnik / Жоомарт УраимовГлавный специалист УОМПиЛП Министерства здравоохранения Гуласыл Сутуева
Главный специалист УОМПиЛП Министерства здравоохранения Гуласыл Сутуева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
"Албетте, комиссия толугу менен жашыруун түрдө иштей албайт. Биз текшерүү тууралуу буйрукту аларыбыз менен бири-бирине маалымат жеткиришиптир. Ошондуктан көптөгөн клиникалар убактылуу эшигин жаап турган. Биз аларды социалдык тармактагы жарнамасы аркылуу таптык, бирок адистер барганда эч ким жок болуп жатты. Алдыда көп жумуштар бар, себеби бул клиникалар бир аз убакыттан кийин кайра иштеп башташы мүмкүн, — деди Сутуева.
Ал эми комиссиянын төрагасы Ренат Мавланбай уулу стоматологиялык борбор/кабинеттерди текшерүүдө да ушундай көйгөйлөргө туш болушканын айтты.
© Sputnik / Жоомарт УраимовПредседатель комиссии по проверке стоматологических центров и кабинетов Ренат Мавланбай уулу
Председатель комиссии по проверке стоматологических центров и кабинетов Ренат Мавланбай уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
"Текшерүү тууралуу угары менен дароо жабылып, сырткы жарнамаларын алып коюшууда. Күтүүсүз текшерүү үчүн Ошко бардык. Анда 10 күндүн аралыгында 60 клиниканын ичинен 25и лицензиялык макулдашуусу жок иштегени аныкталды. Тогузунда орто адистик тууралуу билими менен гана иштеп жатышкан", — деди комиссиянын башчысы.
Жалпысынан текшерүү гинекология, стоматология, косметология жана фармацевтика багыттары боюнча жүргүзүлгөн.
"Дал ушул багыттар боюнча көп арыз түшөт. Мисалы, кардиохирургиялык клиникаларга салыштырмалуу булар кеңири жайылган. Биздин комиссия бардык жеке килиникаларды, өзгөчө региондогуларды текшерүүгө аракет кылды", — деди Сутуева.
Белгилей кетсек, гепатит вирусу менен ооругандардын саны өскөнүнө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги менчик клиникаларды, дарыкана, стоматологиялык жана косметологиялык борборлордун талапка ылайыктуулугун текшерген. Анын жыйынтыгында 84 дарыкана жана 27 косметологиялык салон уруксатсыз иштеп жатканы аныкталган. Мындан сырткары, лицензиялык талаптарга дал келбеген 111 медициналык клиниканы жабуу чечими кабыл алынган.
Оорукананын коридору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
Пресс-борбор
Гепатит арбыды. Министрлик клиниканы кантип тандоо керектигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0