Дарыгер адам үчүн эң коркунучтуу жаракатты атады

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМээнин сүрөтүн карап жаткан дарыгер. Архив
Мээнин сүрөтүн карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
Реаниматолог дене бойду ар кандай жаракаттардан сактоо үчүн ар дайым коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Москванын Тез жардам кызматынын башкы дарыгеринин орун басары, реаниматолог Петр Давыдов адам өмүрүнө эң кооптуу жаракаттарды атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Адам үчүн эң коркунучтуусу – бул баш жаракаты. Анткени мээнин кайсы бир жерине доо кетип кала турган болсо, кесепети өтө оор болуп калышы мүмкүн. Андыктан башта кандай гана жаракат болбосун, дарыгерге кайрылуу керек", — деди Давыдов.
Ошондой эле адис кан кеткен жаракатка олуттуу мамиле кылууга чакырат. Өзгөчө кан көп агып, токтобой жаткан болсо, тез жардам чакыртуу зарыл.
Мындан тышкары, колу-бут ийрейип, формасы өзгөрүп кеткен учурда ооруканага баруу сунушталат. Бул сөөктүн сынып же чыгып кеткенинен кабар берет.
Ал эми дене бойду ар кандай жаракаттардан сактоо үчүн дарыгерлер коопсуздук эрежелерин сактап, этияттап жүрүү керектигин эскертишет.
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Диетолог сөөктүн иштөөсүн бузган үч суусундукту атады
Жаңылыктар түрмөгү
0