Судьянын пара алган видеосу бар. Башкы прокуратура Соттор кеңешине жооп берди

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРПара алуу. Архивдик сүрөт
Пара алуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
НовостиTelegram
Буга чейин Соттор кеңеши Башкы көзөмөл органы жалган маалымат таратууда деп айткан.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Башкы прокуратура Жумгал райондук сотунун судьясы менен прокурор чогуу пара алып жаткан жеринен кармалганы анык деген билдирүү таратты.
Белгилей кетсек, кечээ Башкы прокуратура судья А.А. менен райондук прокурордун орун басары О.Ж. кылмыш ишин токтотуу үчүн 50 миң сом пара алып жаткан учурда кармалганын билдирген. Ал эми бүгүн Соттор кеңеши судьяны эч ким кармабаганын айтып, Башкы прокуратураны жалган маалымат таратпоого чакырган.
Көп өтпөй башкы көзөмөл органы эки шектүүнүн пара алып жаткан учуру толугу менен видеого тартылган деген маалыматын таратты.
"Кармалган күнү райондук прокурордун орун басары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана ага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу маселеси мыйзамда каралган тартипте чечилет", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам боюнча судьялар башкы прокурордун сунушу боюнча Соттор кеңешинин макулдугу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Бишкекте жалган прокурордун кармалышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Бишкекте прокурормун деп коркутуп акча алып жүргөн киши кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0