Космостон урулган өзөктүк соккудан сактайт. "Прометей" тутумуна мүнөздөмө

© Фото / Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүС-500 "Прометей" ракеталык системасы
С-500 Прометей ракеталык системасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жазылуу
С-500 "Прометей" абадан жана ракетага каршы коргонуу тутумунун сериялап өндүрүлүшү менен Россия жогорку технологиялык куралдануунун дүйнөлүк жарышында эч кимди алдына салдырбайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко кезектеги макаласын дал ушул системага арнаган.
Батыштагылар РФ өндүрүшүндөгү С-400 "Триумф" сымал бир комплекс курууга баш катырып турганда россиялык "Прометейлер" жүздөгөн чакырым бийиктикте жакынкы космосту көзөмөлгө алууда.
Россиялык "Алмаз-Антей" аба-космостук коргоо концернинин башкы директору Ян Новиков 25-апрелде С-500 "Прометей" абадан жана ракетага каршы коргонуу системасынын сериялык өндүрүшү башталарын билдирди.
С-500 "Прометей" тутумунун дүйнөдөгү теңдеши жок. Жакын арада бул система Россиянын аба-космостук коргоосунун өзөгүнө айланат. Анын биринчи бригадалык комплекти РФ Аба-космостук күчтөрүнүн өзгөчө багыттагы 15-армиясынын аскерлерине 2021-жылдын октябрында берилген. Жарым жылдан бери "Прометейлер" Россиянын борбор калаасынын үстүндөгү аба жана космостук мейкиндикти көзөмөлдөп, ынанымдуу коргоп келишет.
Экинчи бригадалык комплекти Россияда аскердик нөөмөткө быйылкы жылдын экинчи жарымында киришет. Беш жылдан бери адистер даярдалууда. РФ Коргоо министрлиги С-500 "Прометей" абадан жана ракетага каршы коргонуу системасы Капустин Яр полигонунда ыкчам баллистикалык буталарын атуу сыноосунан ийгиликтүү өтүп, жарыяланган тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрүн жана ынанымдуулугу жогору экенин тастыктаган. "Прометей" ылдамдыктын бардык диапазонунда, 600 чакырымга чейинки аралыктан жана 200 чакырымга чейинки бийиктиктен болжолдуу душмандын аба-космостук кол салуучу бардык жана келечектүү каражаттарынын баарын кыйратууга багытталган.
2021-жылы 15-ноябрда аталышы коюла элек абадан коргонуучу россиялык тутум 500 чакырымдык бийиктиктен бир ракета менен эски советтик "Целина-Д" спутнигин жок кылган. "Прометейдин" техникалык мүнөздөмөлөрүнүн көбү купуя сыр, бирок Батыштагылар "спутник, гиперүндүү ракеталар жана башка көп аппараттарды" атып түшүрө алчу россиялык бул тутумдун күчүн байкабай коюшпады.
РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Батыштын Киевге берген куралы террорчулардын колуна тийип калышы мүмкүн
Military Watch басылмасы С-500 системасынын болжолдуу бутасы катары Кошмо Штаттардын азырынча чыга элек B-21 Raider стратегиялык бомбалоочусу, гиперүндүү ракеталары жана SR-72 чалгындоо-сокку уруучу учагы деп жоромолдойт. Менимче, бул тизмеге Пентагондун космостогу Boeing X-37 бомбалоочусу, континенттер аралык Minuteman III баллистикалык ракетасы, ошондой эле деңиз жана абага ылайыкталган америкалык өзөктүк канаттуу ракеталары кирбей калган. Россиялык "Прометейдин" мүмкүнчүлүктөрү АКШ менен НАТОну чындап эле катуу түйшөлтүүдө.
"Прометей" 600 чакырымдай радиустан баллистикалык, аэродинамикалык жана канаттуу ракеталарды жок кыла алат. Анткен менен бул мурунку муундагы россиялык С-400 абадан коргонуу же ракетага каршы А-135 тутумдарынын уландысы, өркүндөтүлүп же ордун басары дешке болбойт. Жаңы тутумдун негизги милдети – орточо аралыктагы же континенттер аралык баллистикалык ракеталарды алардын учуш траекториясындагы соңку тилкеде жок кылуу.
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, С-500 негизинен РФтин космостук чегин күзөтүү жана болжолдуу ракеталык-өзөктүк соккудан (жакынкы космостон) коргоого адистештирилген. С-400 "Триумф" да тең келе алгыс бийиктиктен, атап айтканда, секундасына 7 чакырым же саатына 25000 чакырымдан жогорку ылдамдыкта учуп бараткан бутасын 200 (400) чакырым аралыктан таамай жок кылат.
10 метрден 30 чакырымга чейинки бийиктикте 250 чакырымга чейинки төрт ракетанын залпын камсыздаган С-400 жана С-300дөн айырмаланып, мобилдик "Прометейдин" орнотмосу "жер – аба" тибиндеги өтө алыс аралыктан атылуучу эки ракетаны ташыйт.
РФ Аба-космостук күчтөрүнүн зениттик ракеталык полку заманбап С-400 тутумдары менен 70 пайыздан ашуун кайра куралданган. Россиялык күчтөр жаңы "Прометейлер" менен жабдылышы "Триумфтарды" экинчи планга жылдырбайт. Тескерисинче, абадан коргонуу жана ракетага каршы тутумдарын дагы тыгыз жана терең кылат.
Россия – кыска аралыкка багытталган (5 чакырымдык бийиктикте 6 чакырым аралыктан жабыркатуучу) "Верба" же "Игла" көчмө зениттик ракеталык комплекстеринен тарта абадан коргонуу тутумдары эшелондоштурулган принципте курулган жападан жалгыз өлкө экенин белгилей кетели.
Экинчи эшелондо – орточо аралыктагы (15 чакырымга чейинки бийиктикте 40 чакырымга чейинки аралыктан) чынжырлуу "Бук" жана "Тор", "Панцирь-СМ", ал эми үчүнчүдө – максималдуу аралык жана бийиктиги 250 км жана 30 км болгон С-300 зениттик ракеталык системасы жана С-400 зениттик ракеталык комплекси бар.
Ок атып жаткан украина аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина үчүн ленд-лиз кеңейтилди. Чечкиндүү аракетке мезгил жетти көрүнөт...
Соңку С-500 системасы шарттуу ушул үч эшелонду төртүнчү – космостук менен толуктайт. РФтин 2025-жылга чейинки куралдануу боюнча мамлекеттик программасынын алкагында беш С-500 бригадалык комплекти сатып алынып, алар Борбордук Россиядагы ракетага каршы А-135 системасына бириктирилет. Келечекте С-500дүн жер бетиндеги варианты кемеге ылайыкташтырылышы ыктымал.
"Чагылгандай тез глобалдык сокку уруу" (Prompt Global Strike) концепциясына ылайык АКШ касташкан тарабына 6 миңге чукул "Томагавктарын" (анын ичинде өзөктүк огу менен да) бир залп менен жөнөтө алат. Бирок кокус Россия менен аскердик жаңжал тутанып кетсе, ошол америкалык концепция өз маңызын жоготот. Пентагон менен НАТО Россия аймагына же Украина, Сирия, Түштүк Кавказ же Борбор Азия өлкөлөрүндөгү россиялык күчтөргө карай канаттуу ракеталарын жана континенттер аралык баллистикалык ракеталарын капыстан колдоно турган болсо, абадан жана ракетага каршы коргонуу тутумдары менен мизи таамай кайтарылары бышык.
Россия – жогорку технологиялык абадан жана ракетага каршы коргонуу тутумдарына ээ дүйнөдөгү эң күчтүү өзөктүк держава. Батыштагылардын муну эстен чыгарбагандары дурус.
С-500 "Прометей" системасы – Москванын космостук масштабдагы жаңы технологиялык жетишкендиги, мезгилдин чакырыктарына жообу
Россия эч кимди опузалабайт, бирок Түндүк атлантикалык альянска мүчө мамлекеттер тарабынан коопсуз аралыктан аткыланган Ирак, Югославия, Ливиянын соңку тарыхы анын эсинде.
Өзөгүндө горизонт чегинен тыш аралыкты багындырчу "Воронеж" өңдүү радиолокациялык станциянын мүмкүнчүлүктөрү топтолгон бирдиктүү маалыматтык талаа (ракеталык кол салуу жөнүндө эскерткен) акыркы үлгүдөгү "Прометей", "Кинжал", "Сармат", "Посейдон" тутум жана комплекстери менен интеграцияланышы Россия кебелбес чепке айланат.
АКШ менен НАТО гиперүндүү куралдарды чыгарууда Россия жана Кытайдан алда канча артта. Ошентсе да С-500 космостук, гиперүндүүлөргө каршы тутуму башынан эле эбегейсиз экспорттук дараметке ээ. Сатып алууга кызыга турган чет өлкөлөрдөн болжолдой турган болсок, алгачкы бештикке Беларусь, Кытай, Индия, Алжир, Иран кириши мүмкүн. Россия коргоо технологиясын өркүндөтүүдө тыным албайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
 Сармат баллистикалык ракетасынын сыноо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Мизи кайтарылгыс табылга. Россиянын "Сарматы" айрымдарды санаага салчудай
Жаңылыктар түрмөгү
0