Ойлон, шашпа! Жалал-Абад ЖКККББнын айдоочуларга сабак болчу видеоролиги

Жазылуу
Жалал-Абад облустук ЖКККББсы жол кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочуларга сабак боло турчу видеоролигин жарыялады.
Видеодо жол кырсыктары боюнча 2021-жылдын статистикасы жарыяланып, айдоочуларга эрежелер эскертилген. Ошондой эле камерага түшүп калган кырсыктардын видеосу көрсөтүлгөн.
"Роликтин максаты — адамдардын өмүрүн сактоо. Айдоочулар өз өмүрүнөн сырткары жанында бараткандарды да ойлоп, жол эрежелерин бардык жерде так сактоосу зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад облустук ЖКККББсы буга чейин да ушул сыяктуу видеороликтерди даярдап, таратып келгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0