Бейтарап өлкөлөрдүн НАТОго мүчө болуу көксөөсү. Түркия тоскоол боло алабы?

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Жазылуу
Финляндия менен Швеция НАТОго мүчө болуп кирүүгө расмий арыз беришти. Эми россиялык президенттин кебелбестиги кезектеги кутум теорияларына негиз берчүдөй.
Режеп Тайип Эрдогандын талаптары Түндүк атлантикалык шериктештик үчүн ушул тапта "карын майдагы кумалак сымал" жагдайды жаратууда деп белгилейт серепчи Ирина Алкснис.
Демек, дүйнө соңку жылдары адатка айланып калгандай альянстын талаш-тартыш, шантаж, көндүрүү, опуза жана басмырлоо ыкмалары менен коштолгон кезектеги комедиясын күтсө болот. Эң оболу финдер жана шведдер өздөрү басмырланары бышык. Адаттагыдай Вашингтон же Брюсселден эмес, бул сапар Анкара көп талаптарды коет.
Түркиянын дооматтары түшүнүктүү, Швеция менен Финляндия бир топ жылдан бери күрттөрдү колдоо боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп келет. Эки өлкө тең күрт активисттерине саясий баш паанек берет. Ал тургай швециялык парламентте алты күрт депутат бар.
Ошондой эле аталган мамлекеттерде ФЕТО партиясынын мүчөлөрү баш калкалаарын аныкташкан (2016-жылдагы аскердик төңкөрүш жасоону уюштурууга айыпталган Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери). Анкара үчүн Күрдстандын жумушчу партиясы, гүленчилер террорчу болуп саналышат. Түркиялык маалымат каражаттарына таянсак, Стокгольм менен Хельсинки аталган партия жана ФЕТОнун 33 мүчөсүн берүүдөн баш тарткан. Экстрадиция боюнча өтүнүчтөрдүн бир бөлүгү четке кагылып, калганына тек гана көз жуумп коюшкан.
Айтор, жагдайды жана Эрдогандын саясатын эске алсак, Анкаранын демарш жасаары ажеп эмес. Түркия президенти Швецияны "терроризмдин очогу" деп атап, өлкөсү бул эки мамлекеттин НАТОго мүчө болуп киришине макул боло албастыгын билдирип, капа болбоону өтүндү.
Ошондой эле ал Түркия Стокгольм менен Хельсинкинин "антитеррордук билдирүүлөрүнө" ынанбастыгын кошумчалады. Жыйынтыгында да түрктөр менен мүчөлүк боюнча сүйлөшүү жүргүзө турган эки өлкөнүн тең делегацияларына "убара болбоого" кеңеш берди.
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жо Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусун колдоорун айтты
Балким, бул Эрдоган үчүн шантаж кылууга шылтоо гана, акыры Вашингтон Түркияны НАТОнун катарын кеңейтүүгө көндүрүп, баш ийдирет дегендер четтен чыгар. Бирок россиялык С-400 комплекстеринин тегерегиндеги маселе боюнча Батыш Анкараны али күнчө оюнан кайттыра алган жок. Болбосо канча аракет жасалып, ал тургай азыркыга чейин уланып келгени жашыруун эмес. Экинчиден, кептин төркүнү Түндүк Атлантика альянсы жазган жобосуна ылайык Түркияны көндүрүп катарын кеңейтип аларында эмес, маселе кырдаалдын өзүндө. Анкара атлантисттердин дал аскердик чордонуна кымгуут салып, жик түшүрүүдө.
Түркия бир топ жылдан бери Россия, Кытай, Индия жана планетадагы ондогон мамлекеттер сымал эле өз суверенитетин жана улуттук кызыкчылыктарын коргоп, ага катар эле Батышка ыктаган тутумду жана АКШнын үстөмдүгүн солгундатууда ырааттуу аракет көрүп келет эмеспи.
Ондогон жылдар бою көптөгөн геосаясий бороондордо калыстыкты карманып келген бул эки нейтралдуу өлкө үстөмдүк кылып келген система көз алдыбызда кыйрап бараткан маалда бир тарапка карай тандоо жасап туру.
Стокгольм менен Хельсинки кылым башында Түндүк Атлантика альянсынын мүчөсү болууну чечсе, башкача айтканда, кансыз согуштун жеңүүчүсү же глобалдык гегемонго карай ыктаса жөндүү эле. Россия прибалтикалык республикалардын НАТОго киргизилишине моюн сунгандай эле Финляндия менен Швециянын блокко кошулушуна эч нерсе демек эмес. Бирок шведдер менен финдер жогоруда аталган тутум кыйрап бараткан тушта бейтараптуулуктан таюуну чечишти.
Бирок Батыш аларды пайдалануу менен Москвага залал келтирүүнү көздөгөнү менен өздөрүнө көбүрөөк зыян тартары турулуу иш. Байыркылар белгилегендей, Кудай жазалоону чечсе, адегенде акылдан тайдырат имиш. Кылымдар бою заманбап цивилизациянын борбору болуп келген Европа, тилекке каршы, ошондой принципти жүзөгө ашырып жаткандай...
Москва Кремли. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Медведев: Россия үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына жол бербейт
Жаңылыктар түрмөгү
0