Кыргызстан бул жылы электр энергиясын канча акчага сатып алды?

© AP Photo / Michael ProbstЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Январдан март айына чейин Кыргызстан дээрлик миллиард киловатт-саат электр кубатын сатып алган. Алар Казакстан менен Түркмөнстандан келген.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ушул жылдын биринчи кварталында Кыргызстан 985 миллион киловатт-саат импорттоду. Баалар сом жана доллар менен көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, бул жылы чет элдик валютанын курсу өйдө-төмөн болду. Мындан улам доллар бирдей баа менен көрсөтүлгөнү менен сомдо айырма болушу ыктымал.
Бул көлөмдүн баары 20 миллион 632, 2 миң долларга же 1 миллиард 955 миллион сомго сатып алынган.
Электр энергиясы эки мамлекеттен импорттолгон. Алар:
Казакстандан — 384,3 миллион киловатт-саат 4,7 миллион долларга же 425,7 миллион сомго сатып алынган. Муну менен бир киловатт 1,2 центке (1,1 сомго) бааланган;
Түркмөнстандан — 600,8 миллион киловатт-саат дээрлик 16 миллион долларга же 1 миллиард 519,3 миллион сомго алынган. Түркмөн электр энергиясынын бир киловатт-сааты 2, 66 центке (2,43 сомго) бааланган.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Министр Бекмурзаев: Камбар-Ата-1 ГЭСин жайында кура баштайбыз
Жаңылыктар түрмөгү
0