Акаев: дүйнө эли IT-парк ачып жатат, бизде курултай мыйзамы сунушталууда

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Жазылуу
"Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору президент тарабынан демилгеленген.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Дүйнө эли IT-парк ачып жатат, бизде курултай өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун алып келишти. Чогулуп президентке кол чаап кетүүнүн эмне кереги бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук комитетинде "Элдик курултай" мыйзамы каралды. Акаевдин айтымында, Элдик курултайдын делегаттарын үч жылдык мөөнөткө шайлоо, сотторду тандоо кеңешине мүчө болуп кирүү, жергиликтүү бийлик башчыларына ишеним көрсөтпөө укуктарын берүү сунушталууда.
"Мындай учурда курултайга мүчө болгон адамдар айыл өкмөт, акимдерди иштетпейт, жүдөтөт. "Муну жумушка аласың, болбосо сени курултайга алып чыгам" дейт. Албетте, баары эмес, бирок ошондойлор толтура болот. Жергиликтүү бийлик башчылары аларды кучак жайып, кой союп тосуп ала тургандай жагдай түзүлөт. "Жакында курултайга барам, эмне маселеңди чечип берейин" деп айылда резюме чогулта баштайт. Дүйнө эли IT-парк, биз курултай ачып жатабыз", — деди Акаев.
Депутат курултайдын делегаттарын бир жолу гана шайлап, кийинки жылы башка мүчөнү дайындап жөнөтүү керектигин сунуштады.
"Туура, кыргыздар чайканада отуруп алып акыл үйрөткөндү жакшы көрөбүз, бирок мыйзамдуулук болушу керек да. Алар борборго келип президенттин кайрылуусун угуп, кол чаап, сүрөткө түшүп кайра үйүнө кетип калышсын. Эми президент интернет аркылуу деле кайрылуу жолдоп койсо болот да. Эмне үчүн баарын чогултуп алып кол чаптырыш керек. Мен бул мыйзамга каршымын", — деди депутат.
Белгилей кетсек, жаңы кабыл алынган Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген. Аны өткөрүүнү жол-жоболоштурган конституциялык мыйзам долбоору президент тарабынан демилгеленди. Тармактык комитетке мамлекет башчынын кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев баяндама жасады.
Президенттин кеңешчиси, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Радио
Бөрүбашов: курултай институтун ыйык көрүп асмандатып жибербеш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0