Кыргызстанда кулагы укпаган адам калбаса дейм. Хирург Марлен Маманов менен маек

© Фото / из личного архива Марлена МамановаХирург Марлен Маманов
Хирург Марлен Маманов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Жазылуу
Мекендешибиз Марлен Маманов мындан бир нече жыл мурда АКШ, Корея, Сингапурга чейин барып билим алып, тажрыйба топтоп, Түркияда 10 жылдай эмгектенген. Кийин кичи мекенине кайтып келип элет жеринде дарыгер болуп ооруканада иштеген.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы хирург менен маек курду.
— Түркиядагы жакшы айлык, шарты бар жумушту таштап Ош облусундагы райондук ооруканада эмне болуп иштеп калдыңыз эле?
— 2001-жылы айылдагы мектепти бүтүп, борбор калаага келип медициналык академияга тапшыргам. Аны аяктаган соң чет өлкөдө иштеп жүргөм. Бир жолу Ош облустук оорукананын башкы дарыгери "катыган нан, муздак чай ичсең да келип иштеп бер" деп чакырып калды. Макул болуп Кыргызстанга келсем ишке албай коюшту. Анан Кара-Суу райондук ооруканасында эки айдай иштеп, райондун тарыхында жасалбаган операцияларды жасап бат эле элге таанылып кеткем. Бирок ошончо билим алып, чет өлкөдөн тажрыйба топтоп райондун деңгээлинде иштөө мен үчүн кичине кыйын болду. Ошентип кайра Түркияга кетип, ал жакта эки жылдай иштеп, Кыргызстанга 2015-жылы кайтып Оштогу онкологиялык ооруканага жумушка алынып, акырындык менен жеке клиника ачтык. Ал азыркыга чейин иштеп жатат. Ал эми Бишкекте иштеп, элге кызмат кылып жатканыма эки ай болуп калды.
© Фото / из личного архива Марлена МамановаХирург Марлен Маманов чет өлкөдөн топтогон иш тажрыйбасын Кыргызстанда, мекенинде пайдаланууну чечкен.
Врач-хирург Марлен Маманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Хирург Марлен Маманов чет өлкөдөн топтогон иш тажрыйбасын Кыргызстанда, мекенинде пайдаланууну чечкен.
— Чет өлкөдө иштеп, ошол жакта очор-бачар болгон мекендештер Кыргызстанга келгенде көпкө чейин көнө албай кыйналганын айтып калышат. Сизчи?
— Кара-Суу районунда башында иштеп жүргөндө "чет өлкөдөн эмнеге келдиң" деп сурай беришчү. Мен "эмнеге келбейм, балдарым эне тилинде сүйлөп, кыргыз болуп чоңойсун" деп жооп берип жүрдүм. Чындыгында эле чет жакта жүрө берсем балдарым бөтөн тилде сүйлөп, кыргызга тишелүү каада-салт, үрп-адатты унутуп калат. Бирок Кыргызстанда алты ай, бир жыл жүргөндөн кийин "мен бул жакка эмне үчүн келгем" деп өзүмө суроо берип отуруп калган күндөр болду. Башында көнүшө албай кичине кыйналдым, кийин жакшы жыйынтыктарды көргөздүк. Бир топ оор операцияларды жасап, жогорку окуу жайда жаш адистерди даярдай алдык. Мисалы, мурун, кулак, тамакка жасалчу айрым операциялар үчүн жергиликтүүлөр чет өлкөгө барып жүрүшсө, мен иштеген жылдары өзүбүз эле жасап калганбыз.
Элдин ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү алган билим, тажрыйбага таянып чечтим. Бейтаптарды дарылоо, оор операцияларды аткаруу жаатында элге жакшы эле пайдабыз тийди. Анткени райондук ооруканалар бейтапты көрүп жана дарылап эле тим болушат. Көпчүлүк райондук ооруканада операциялар дээрлик жасалбайт. Анын түрдүү себептери бар.
— Бир нече жыл аймакта иштеп, эми борбор калаада эмгектенип жаткан экенсиз. Кээде элет жериндегилер техника жетишпейт, ошондон улам райондордо медициналык кызмат көрсөтүү жакшырбай жатат деп калышат. Чын эле ошондойбу?
— Мен аймакта иштеп жүрүп колдонулбай турган заманбап жабдууларды көрдүм. Иштегендер анын эбин таба албагандыктан чаң басып жатат. Кээ бир жерде акча бөлүнгөн, бирок оорукана жетекчилери зарыл болгон техниканы алып бербейт. Дагы бир жерде миллиондорго алынган жабдууларды жаш адистерден оолак кулпулап коюшкан. Бирок азыр медицина жакшы эле каржыланып, тиешелүү көңүл бурулуп баштады. Биз ошол бөлүнгөн акчаларды иштеп акташыбыз керек.
© Фото / из личного архива Марлена МамановаХирург Марлен Маманов Түркияга да эки жылдай иштеген.
Врач-хирург Марлен Маманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Хирург Марлен Маманов Түркияга да эки жылдай иштеген.
— Негизи кулак, мурун, тамак боюнча адис экенсиз. Дагы кайсы органдарга операция кылып жүрөсүз?
— Баш, моюн хирургиясы жана беттин пластикалык хирургиясын жасайм. Сынган мурундарды, делдең кулактарды түздөйбүз. Канча жылдан бери укпай жүргөн адамдардын кулагына операция жасап угузуп жатабыз. Бейтап угуп калса кубанып, чын жүрөктөн ыраазы болсо, биз андан мотивация алып калабыз.
Ошондой эле мурдунан жакшы дем ала албай бат-баттан гайморит болуп жүргөндөргө операция жасайм. Алар тоого чыккандай кенен дем алып өзүн жакшы сезип калышат. Адамдын мээсине аба жакшы жетпесе башы ооруп, ачуусу тез келип, коңурук тартып калат. Андан сырткары, тамактын рагын, моюндагы залалдуу шишиктерди, беттеги жараларды хирургиялык жол менен алабыз. Анткени беттеги кал, меңдер күн нурунан улам ракка айланып кетет. Аларды да хирургиялык жол менен толугу менен айыктыра алабыз. Мурда мындай операциялар бизде жасалчу эмес экен, азыр аткарылып жатат.
Спорт менен машыгуу учурунда кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Ашыкча салмак адамды 10-15 жылга эрте картайтат. Адистин маеги
— Кулакка кеңири токтоло кетели, кээде кичинекей ымыркайдын деле кулагы укпай төрөлөт. Кулакта эмне себептен көйгөйлөр жаралат?
— Жаңы төрөлгөн бала түрдүү себептерден же себеби билинбей эле укпай калышы мүмкүн. Ымыркай укпаса сүйлөй албайт. Ошентип алар дудук болуп, мамлекет тарабынан майыптык берилип өмүр бою пенсия алат. Эгер ошол балдар убагында дарыланып угуп-сүйлөп калышса, пенсия албай өзүнүн тиричилигин өзү көрүп, салык төлөй турчу жаран болмок. Азыр медицина ушунчалык өнүктү, кулагы укпаган, анын айынан сүйлөй албаган адам болбошу керек. Биздин коңшу Казакстан, Өзбекстанда ошол операция бекер жасалат. Мен дагы Кыргызстанда кулагы укпаган адам калбаса дейм.
Ымыркайлар тубаса кулагы укпашы мүмкүн же кичинекей кезинде менингит болуп ооруп, ошондон кийин эле кулагы укпай калат. Кулакка зыян берген дарыларды колдонуу да адамды дүлөй кылышы ыктымал. Биз аларга беш жашына чейин операция кылып аппарат койсок угуп баштайт. Андан кийин кеч болуп калат.
© Фото / из личного архива Марлена МамановаХирург Марлен Маманов: Азыр чет өлкөгө чакыргандар көп. Түркия, Казакстан, Россияда жумуш сунушташат. Үйдө ата-энемден алган тарбиядан улам мекенимде калууну туура көрөм.
Врач-хирург Марлен Маманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Хирург Марлен Маманов: Азыр чет өлкөгө чакыргандар көп. Түркия, Казакстан, Россияда жумуш сунушташат. Үйдө ата-энемден алган тарбиядан улам мекенимде калууну туура көрөм.
— Кыргызстанда кулак, мурун, тамакка байланыштуу кайсы көйгөйлөр менен көп кайрылат? Бейтаптарга айта турчу кеп-кеңештериңиз бардыр?
— Биринчиден, биз аябай кенебес калкпыз. Ден соолугубузга анча деле көңүл бура бербейбиз. Балким, ушул ден соолук бекер берилип калгандыктан кадырына жетпей жаткандырбыз. Ооруну алдын алып же баштапкы даражасында дарыгерге кайрылбайбыз.
Экинчиси, кулакты чукуп жатып жарып алгандар бар. Ошондуктан кулакты такыр чукубаш керек. Чукуган сайын кычыша берет. Балдардын кичинекей кезинде мурдунан суу агып жүрүп күчөп кетсе да кулакка өтүп кетет. Ошондуктан ата-энеси жакшы караса дейм.
Үчүнчүдөн, эгер кулак укпай калса, дарыгерге баруу керек. Азыр баарыбыз бирөөнү дарылаганды жакшы көрөбүз. Кошуналар кошунаны, тааныштар бири-бирине кеп-кеңеш берип түрдүү ыкмаларды колдонушат. Менимче, ар бир ишти ошол иштин устасы кылса жакшы болот эле. Бизге көбүнчө эл айткан ыкмаларды колдонуп жүрө берип, өтүштүрүп жибергенде келишет. Кээде жара болуп, орган толук кандуу иштебей калганда кайрылышат. Анан "гарантия барбы", "аппарат менен жаса", "операцияны жакшы өткөрсөң каалаганыңды кылып берем" дешет. Бирок кечигип келишкендиктен эч ким эч нерсе кыла албайт жана бир дагы техника, акча да жардам бербей калат.
© Фото / из личного архива Марлена МамановаВрач-хирург Марлен Маманов: Мен Американын Гарвард, Техас, Калифорния сыяктуу төрт белгилүү университетинде стажировка өтүп келгем. Гарвардда бир айда илимий макала жазып, алар мага бир жылдык окуу сунушташкан, бирок жашоого каражат таппай кайра кайтууга аргасыз болгом.
Врач-хирург Марлен Маманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Врач-хирург Марлен Маманов: Мен Американын Гарвард, Техас, Калифорния сыяктуу төрт белгилүү университетинде стажировка өтүп келгем. Гарвардда бир айда илимий макала жазып, алар мага бир жылдык окуу сунушташкан, бирок жашоого каражат таппай кайра кайтууга аргасыз болгом.
— Сиздей тажрыйбалуу адистерди жана жаш ак халатчандарды чет өлкөгө кетирбей өзүбүздө өстүрүү үчүн эмне кылуубуз абзел?
— Билим алуу азыр чоң инвестицияга айланды. Сырттан сапаттуу, мыкты билим алып келгендерге мамлекет шарт түзүп берип, аларды толук колдонушу керек. Бизди деле азыр чет өлкөгө чакыргандар көп. Түркия, Казакстан, Россияда жумуш сунушташат. Үйдө ата-энемден алган тарбиядан улам мекенимде калууну туура көрөм. Андан сырткары, балдарым, жакындарым да бул жакта дегендей. Аймактар жаш, кесипкөй адистерди тартышпайт. Ошондуктан пенсияга чыкканына карабай иштеп жүргөндөр толтура. Сырттан окуп келген жаш адистер аймактарга барса бат эле таанылып, эл арасында кадыр-барк топтойт.
Жаш адистердин сыртка кетишинин бир катар себептери бар. Мисалы, бизде дарыгерлер бааланбайт, аз айлык алышат. Ошондуктан түшкө чейин бейтапканада, түштөн кийин жеке клиникаларда бейтаптарды кабыл алып иштешет. Андай жаштарга ата-энеси, жакындары жардам берет. Антпесе мамлекет берген айлык менен бала-бакыра багып, тиричилик кылуу өтө кыйын. Ошондон улам көпчүлүгү четке бала-бакыраны жакшылап багайын деп кетет.
© Фото / из личного архива Марлена МамановаВрач-хирург Марлен Маманов
Врач-хирург Марлен Маманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Врач-хирург Марлен Маманов
— Болочоктогу жана жаш кесиптештериңизге кандай кеп-кеңеш берер элеңиз?
— Кыргызстанда медициналык билим берүү жаман эмес, балдар-кыздар да жөндөмдүү. Биздин жаштарга туура багыт берип, кичине жол көрсөтүп койсо эле андан ары улантып кетишет. Көп жерде жетекчилер жаш адистерди колдой бербейт. Эгер жаш кызматкер бир операция жасайм деп чыга турган болсо, анын тобокелчилиги арбын. Ошол маалда ага колдоо кылып койгондор өтө эле аз.
Биринчиден, адам кайсы тармак болбосун кесибин сүйүш керек. Жаштарга шарт түзүлсө жакшы болот эле. Негизи дарыгерлик толук жетилишине кеминде он жыл талап кылынат. Башка кесипти төрт жыл окуп же эптеп окуп иштеп кетсе, медицина адамдын өмүрүнө жоопкерчиликтүү болгондуктан көп убакыт сарпталат.
Экинчиден, азыр мүмкүнчүлүктөрдүн заманы. Мен Американын Гарвард, Техас, Калифорния сыяктуу төрт белгилүү университетинде стажировка өтүп келгем. Гарвардда бир айда илимий макала жазып, алар мага бир жылдык окуу сунушташкан, бирок жашоого каражат таппай кайра кайтууга аргасыз болгом. Мен ошондо окуунун акчасын Жогорку Кеңештин депутаттарынан сурагам. Азыр берип турсаңар окууну бүтүп келгенден кийин четинен кутулуп берем деп кайрылганым эсимде. Анда көбү макул болбой коюшкан. Кийин Австрия, Сингапур, Түштүк Кореянын хирургиясын, иштөө ыкмасын көрүп келдим. Бир жерден сен ойлогондой болбой калса колду шилтеп таштап койгон болбойт. Максаттар орундалганга чейин аракеттен тайбаш керек. Ошондо ийгиликке сөзсүз жетишесиң.
Хирург - трансплантолог Азим Шайбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Жатынын алмаштырган аял көз жарды. Германиядагы трансплантолог Шайбековдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0