Жатынын алмаштырган аял көз жарды. Германиядагы трансплантолог Шайбековдун маеги
18:04 05.03.2022 (Жаңыртылды: 19:47 05.03.2022)
© Фото / из личного архива Азима ШайбековаХирург - трансплантолог Азим Шайбеков
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
Жазылуу
Мекендешибиз Азим Шайбеков тогуз жылдан бери Германиянын Эссен университеттик клиникасында иштеп, оор операцияларды жасап келет. Хирург өзүнүн командасы менен уйку без, боор, бөйрөктү трансплантациялайт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Шайбеков менен трансплантология тууралуу маек курду.
— Көп жылдан бери Германияда иштеп келесиз, ал жакта кайсы органдарды трансплантациялашат?
— Дүйнөлүк медицинада органдарды трансплантациялоо көп жылдан бери колдонулуп келет. Жакында Германиядагы Тюбинген университеттик клиникасында жатынын алмаштырып, операция болгон аял төрөдү. Азыр медицина бир жерде турбай күн сайын өнүгүүдө. Бир нече жума мурун Америкада чочконун жүрөгүн адамга салышты. Голландияда жасалма жатын боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Азыр илим ушундай деңгээлге чейин жетти, окумуштуулар органдарды жасап чыгууну көздөөдө. Биздин команда уйку без, боор, бөйрөктү трансплантациялайт, суроо-талап өтө жогору болгондуктан бул операциялар көп жасалат.
— Кыргызстанда трансплантологиялык операцияларды жасоо орчундуу көйгөйлөрдүн бири экендигин билсеңиз керек. Негизи мындай операцияларды жасоо канчалык оор?
— Трансплантациялоо техникалык жактан оор эмес. Ага анестезиолог, хирург жана эки ассистент катышат. Кыргызстанда да кылчу хирургдар жок эмес. Мен сыяктуу чөт өлкөдө иштеп жүргөндөр да көп. Алар деле мекенге жардам бергенге жарап, чоң тажрыйба топтоп калышты. Мисалы, мага операцияга саргарып, абалы оор жаш бейтаптар түшөт. Жумушта алардын сыртта күткөн үй-бүлөсүн, жакындарын көрөсүң. Боорун алмаштыргандан кийин бейтап кадимкидей өңүнө келип, басып-турганы тың болуп калат. Ошону көрүп кубанып калабыз. Биз үчүн ошол эң чоң бакыт.
© Фото / из личного архива Азима ШайбековаШайбеков: дүйнөлүк медицинада органдарды трансплантациялоо көп жылдан бери колдонулуп келет
Шайбеков: дүйнөлүк медицинада органдарды трансплантациялоо көп жылдан бери колдонулуп келет
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
— Өлкөдө бул кызматка муктаж болгондор жыл сайын өсүүдө, маселени кантип чечсек болот?
— Азыр деле айрым адамдар Кыргызстанда алты миллиондой эле адам жашайт, трансплантологиянын кереги жок деп айтышат. Бирок мен антип айтпайт элем. Себеби ал — жашоого өтө керектүү кызмат. Азыр Кыргызстанда органын алмаштырууга муктаж болуп жүргөндөр өтө көп. Тилекке каршы, көпчүлүк учурда алар каралбай жалгыз калууда. Ошондуктан чет өлкөгө барып операция кылдырууга мажбур. Анткени башка аргасы жок.
Трансплантацияга муктаждардын көпчүлүгү ал-күчкө толуп, ишке жарамдуу жаштар. Азыр гемодиализге көз каранды болуп калгандар арбып барат. Суроо-талап жогору болгондуктан республикада гемодиализ борборлору көбөйдү. Ал кызматты алгандардын көпчүлүгү трансплантацияга муктаждар. Биз трансплантацияны жолго салып алсак, элдин акчасын үнөмдөп кала алабыз. Себеби гемодиализге деле аз акча кетпейт. Ооругандардын бардыгы эле гемодиализди көтөрүп кете албайт. Көпчүлүгүнүн кан басымы төмөндөп, алсырап, түрдүү кыйынчылыктарга кабылат. Ушундан улам трансплантация кызматы ишке кирсе, Кыргызстандын келечегине чоң салым кошулат эле.
Кыргызстанда эгемендүүлүк алгандан бери трансплантация боюнча зарыл болгон жоболор иштелип чыгып, тиешелүү аракеттер жасалган жок. Бул убакыт аралыгында Россия, коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан бизден бир топ алдыга озуп кетти. Чындыгында Кыргызстанда трансплантация боюнча көйгөйлөр толтура. Аларды чечүү үчүн бир нече жагдайды эске алуу керек. Биринчиден, учурдун талабына жооп берген мыйзамдарды иштеп чыгыш керек. Бизде 2000-жылы "Адамдын органдарын же ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Андагы нормалар азыр эскирип кетти, өзгөртүүлөрдү киргизбесе болбойт. Экинчиден, каржылык жагын колго алуу зарыл. Ири акча жумшап трансплантация менен иш алып барган адистештирилген мекеме ачышыбыз керек. Үчүнчүдөн, кадрларды даярдоо. Кыргызстанда тажрыйбалуу кадрлар жетишсиз дешет, бирок андай операцияны жасоо үчүн жетилип калган хирургдар бар. Ушул мен айткан маселелер мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп чечилгени жакшы.
© Фото / из личного архива Азима ШайбековаШайбеков: жакында Германиядагы Тюбинген университеттик клиникасында жатынын алмаштырып, операция болгон аял төрөдү
Шайбеков: жакында Германиядагы Тюбинген университеттик клиникасында жатынын алмаштырып, операция болгон аял төрөдү
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
—Трансплантация болгондон кийин бейтап дарыгерлердин тыкыр көзмөлүндө болуп, жакшы реабилитациядан өтүшү керек эмеспи.
— Мен иштеген клиникада, мисалы, бейтаптын бөйрөгүнө ийгиликтүү операция жасалгандан кийин абалы жакшы болсо жандандыруу бөлүмүнө жаткырбай эле нефрологияга которобуз. Ал эми боорун алмаштыргандар интенсивдүү терапия бөлүмүнө жаткырылып, тыкыр көзмөлдө болот. Трансплантациядан кийин бейтаптын канындагы иммуносупрессорлорун (трансплантация болгон органдагы түрдүү реакцияны басчу дарылар — ред.) жана башка параметрлерди аябай көзмөлдөп турбаса болбойт.
Адам органын алмаштыргандан кийин организмде өзгөрүүлөр болот. Жаңы салынган органдын иммундук системасында реакция жүрүп кетсе орган тургай, адамдын өмүрүн сактап калуу кыйын болуп калат. Ошондой кооптуу учурда кесипкөй адистин жардамы талап кылынат.
— Бизде Кыргызстанда жакын туугандар гана донор болот алат. Европада донорлор менен кантип иштешет?
— Европада евротрансплант деген долбоор бар. Ал биримдикке мүчө-мамлекеттердин бирдиктүү түйүнү, атайын борборлоштурулган мекеме иш алып барат. Европа өлкөлөрүнөн донорлукка жараган бейтаптардын маалыматтары чогултулуп, канынан анализ алынып, башка иммунологиялык маалыматтар жыйналат. Андан соң орган алмаштырган борборлорго сунуштайт. Эгер канынын группасы туура келип, башка критерийлерге да жооп берсе, органды кезекте турган адамга колдонобуз.
Ал эми Кыргызстанда башкача ыкманы пайдаланса болот. Мисалы, адам жол кырсыгына кабылып мээси катуу жабыркап комага түшүп калды дейли. Анын алган жаракаты менен жашаш мүмкүн эмес. Реанимацияда аппарат менен дем алып, бир-эки күндүн ичинде бул дүйнө менен кош айтышышы мүмкүн. Ошол маалда мээден башка органдар толук иштеп турган болот. Дегеним, комада (мээнин кан айлануусунун бузулган же борбордук нерв системасынын клеткалары жабыркаган, бирок башка органдар иштеген абал — ред.) жаткан адамдын алган жаракаты менен жашай албай турганын, анын органы менен башка бир же эки адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн экендигин туугандарына түшүндүрүү зарыл. Албетте, бул биздин менталитетке, ишенимге, үрп-адатка туура келбей калышы мүмкүн. Бирок бул замандын талабы болуп жатат. Ал үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүү керек.
© Фото / из личного архива Азима ШайбековаШайбеков: азыр медицина бир жерде турбай күн сайын өнүгүүдө. Бир нече жума мурун Америкада чочконун жүрөгүн адамга салышты
Шайбеков: азыр медицина бир жерде турбай күн сайын өнүгүүдө. Бир нече жума мурун Америкада чочконун жүрөгүн адамга салышты
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
— Комада жаткан адамдын клиникалык өлүмүн кантип аныктап, кайсы учурда бейтап донорго айланат?
— Бул өтө оор иш. Адамдын мээсинин өлүп калганын тактоо кыйын. Аны комиссия атайын тесттерди өткөрүп аныктайт. Курамына анестезиолог же интенсивдүү бөлүмдүн дарыгери, нейрохирург же невропатолог кирет. Ушул адистер бейтаптын мээсинин тирүү же өлүк экенин изилдешет. Эгер мээнин функциялары токтогон болсо, протокол түзүлүп каны, иммундук маалыматтары жана башка критерийлер каралып, донор жөнүндө маалымат берет.
— Чындыгында бизде донор түшүнүгү эл арасында анча калыптана элек. Ал үчүн карапайым элдин ак халатчандарга болгон ишеними жогорулап, медициналык жайлардын ишинде ачык-айкындуулук болуш керек го?
— Ооба, бизде каза болгон адамга туугандары бычак тийгиздирбегенге аракет кылышат. Албетте, маркумду сыйлоо керек. Бирок ошол эле маалда кайтыш болгон адамдын органы менен башка адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн экендигин айтуу зарыл. Көпчүлүк трансплантологиядагы процедураларды биле бербейт. Трансплантация эмне экенин, кимдер донор боло ала турганынан кабары жок. Ал иштер башынан аягына чейин мамлекеттин көзмөлүндө болуп, иштер ачык-айкын жүрбөсө болбойт. Трансплантацияга муктаж болгондор жалгыз ара жолдо калып, эч ким жардам бере албай калууда. Чындыгында бул көйгөйгө ар бирибиз кабылышыбыз ыктымал. Германиядагы көпчүлүк адамда донордун паспорту бар. Эгер адам түрдүү себеп менен жаракат алып дарыгерлердин колунда көз жумса, мамлекет анын органдарын трансплантацияга алат.
© Фото / из личного архива Азима ШайбековаШайбеков: азыр илим ушундай деңгээлге чейин жетти, окумуштуулар органдарды жасап чыгууну көздөөдө
Шайбеков: азыр илим ушундай деңгээлге чейин жетти, окумуштуулар органдарды жасап чыгууну көздөөдө
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
— Кээде трансплантацияны мамлекет кыла албайт, бул кызматты жеке клиникаларга бериш керек деген түрдүү пикирлер айтылып калат. Мындай демилге биз үчүн кооптуу эмеспи?
— Трансплантация медицинанын башка багыттарынан өзгөчөлөнүп турат. Менимче, муну мамлекет гана көзмөлдөп, бардык процесске баш-көз болгону жакшы. Антпесе мыйзамсыз иштер болуп кетиши толук мүмкүн. Буга чейин мага Кыргызстандагы жеке клиникалардын биринен чалып жумуш сунуштап, трансплантологияны өнүктүрөлү дешкен. Мен баш тартып койгом. Кыргызстанга борборлоштурулган трансплантология кызматын ишке киргизүү мезгилдин талабы болуп жатат. Ал вазийпа мамлекеттик ооруканага гана жүктөлүшү керек. Тиешелүү кесипкөй адистерден топтолгон бир команда иш алып барса эле жетиштүү болот. Өзүнүн жандандыруу бөлүмү, гемодиализи, иммунологиялык лабораториясы болушу абзел. Трансплантациядан кийин бейтапты кайра бутуна тургузуп, ден соолугун калыбына келтирүү өзүнчө бир чоң жумуш жана ал көп каражатты, кымбат дары-дармекти талап кылат. Коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан көптөн бери трансплантология боюнча ийгиликтүү иштөөдө.