Сулуубуз Манас, иш билгибиз Рахман болчу. Куудул Жамбыл Камчиев менен маек

© Sputnik / Асель СыдыковаЮморист Жамбыл Камчиев
Юморист Жамбыл Камчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Жазылуу
Кыргыз эстрадасында куудулдук өнөрдүн өзгөчө орду бар. Классикалык жанрдан айырмаланып, эстрадалык куудулдар сахнадан түшө калып элге аралашып, маектешип отуруп калктын сүймөнчүлүгүнө ээ болушкан.
Жаңы толкунду кыргыз маданиятына алып келгендердин бири болуп "Аралаш" сатиралык тобу эсептелет. Топтун түзүүчүсү жана жетекчиси, куудул Жамбыл Камчиевдин айтуусунда, аталган жамаатка быйыл 35 жыл толду. Куудулдун жашы 70ке таяп калса да али күнгө чейин бир дагы мамлекеттик сыйлыктын ээси эмес.
"Эки жолу президентикке талапкерлигин коюп жеңилген, төрт ирет депутаттыкка аттанып утулган, бирок эки жолу коронавирусту жеңген Жамбыл Камчиев алдыңыздарда" деп тамашалаган куудул Sputnik Кыргызстандын кабарчысы менен маек курду.
— Жамбыл байке, жалаң куудулдардан турган топту түзүү кимдин идеясы болгон?
— 1983-жыл. Мен Ош педагогикалык институтунун орус тили факультетин бүтүрүп, маданият үйүндө иштеп жүргөн кезим. Оштогу өзбек театрында обончулар отчеттук концертин коюп калышты. Жубайымды ээрчитип алып көрүүчү болуп бардым. Эл көп, бут коерго жер жок. Костюм-шымчан, салабаттуу, галстук тагынган ырчылар биринен сала бири чыгып ырдап жатышат. Бир убакта эле сахнага чачы тармал жаш жигит майкачан, аккордеон тагынып жулунуп эле чыга келди. Артынан куугун бардай, үтүрөйүп келген жагын карап да коет. Чыгып эле тамашалуу бир мындай ыр аткарды:
Мен сен үчүн Африканын карын кечем,
Мен сен үчүн Антарктиданын гүлүн терем!
Мен сен үчүн керек болсо жан секетим,
Кыштан чыгам, тапичкечен!
Бул көрсө Мырзали Жороевдин юмору экен. Муну мындай чоң, олуттуу концертте ырдаганга режиссер уруксат бербей сахнага чыгарбай жатыптыр. Рахман болбой чыгып баратса көйнөгүнөн тарткан экен, көйнөк режиссердун колунда калып, майкачан жулунуп чыга келгени ушундан тура. Рахман Разыков мына ушундай сахнага жулунуп чыккан жигит эле.
Ошол концерттен соң экөөбүздү Каныбек Курмантаев деген композитор тааныштырган. Мен ошол жерден эле бирге иштөө сунушун киргиздим. Теңтуш болгондуктан бат эле тил табышып, ымалабыз келишип кетти. Көп өтпөй Рахман мени Манас Бердибеков менен тааныштырды. Чукугандай сөз тапкан, эмне кийсе жарашкан сулуу сымак жигит экен. Келбетине жараша оңой эмес мүнөзү да бар экен. Ошентип алгачкы ирет үчөөбүз трафарет менен колго жазылган 10дой афишаны илип "Сатира, юмор кечеси" деген концерт койдук. Эл жакшы келди. Буга чейин болуп жүргөн кечелерге такыр окшобогон, жалаң күлкүдөн турган концерт Ош шаарында биринчи ирет өтүшү эле. Кантип эле үч киши концерт коюп салсын деп ал кезде атагы чыгып калган чоң артисттер таң калышты.
— Демек, 1983-жылда эле топту түптөгөн экенсиздер да?
— Жок, ал кезде ат ыйгарып, расмий катталган топ болуп түзүлө элек болчубуз. Ошол бир концерт менен биздин чыгармачылыгыбыз токтоп калды. Тагыраагы, бир жылдай бири-бирибиз менен байланыш үзүлүп, ар кимибиз өз ишибиз менен алектенип жүрдүк. Азыркыдай мобилдик телефон жок. Мен болсо топ кылып түзүп элге чыксак болот эле деген кыялым менен маданият үйүндө иштеп жүрөм. Тааныш-билиштерден тиги экөөнүн ( Рахман Разыков, Манас Бердибеков - ред.) дайынын сурап коем. Бир күнү эле адатынча жулкунуп Рахман кирип келди. Көрсө, ал тамеки заводдо иштеп жүрүптүр. Чыгаша тартып качып жүргөн кербези экен. Ал кезде 17 000 рубль жетпей калса атууга кетишчү, ал эми Рахмандыкы бул суммадан ого эле көп, жүздөгөн миңдер. Аны укканда жүрөгүм опкоолжуй түштү. Эстеп кетип эле "и-ий досум, баягы концерттен түшкөн акчаны иштетип салдым. Манастын акчасын бергем, сага да 10 рубль беришим керек эле, таппай калдым го сени" дедим. "Кайсы акча, аа, акча элеби, мына" деп колундагы дипломатты ачса эле ичи толтура таңгакталган үч рублдиктер. Ал акча элден тамеки ала турган каражат экен.
Ошол жылдары өкмөт Ош облусунун көп райондоруна тамеки эктирип, эл аны сорттоп, туура чогултканды билбегендиктен сапаты начар болсо деле өткөрүп салышкан. Кымбат сатып алган завод банкрот болуп, жоопкерчилик Рахман сыяктуу тиешелүү кызматкерлерине жүктөлөт. Көп өтпөй бул көйгөйдү ошол кезде атагы таш жарып турган Жолдошбек Мамажанов ортого түшүп атып чечип берген.
Ошентип Рахман кайрадан чыгармачылыкка кайтып келди. Бир күнү Манас орто бойлуу, унчукпаган, жоош бир жигитти ээрчитип келип калды. Бул Дөөлөт Мадымаев эле. Өзү комбайнер болсо да чал-кемпирдин чатагы деген стендапты катыра аткарып, элдик талант болуп жүргөн экен. Кыргыз куудулдарынын арасында ар кимисинин өз таланты, өзгөчөлүктөрү бар дечи, бирок ушул Дөөлөт Мадымаев нукура пародист эле. Эгер ал театралдык билим алып калганда андан кыйын артист чыкмак.
Дөөлөттүн дагы бир артыкчылыгы бир стендапта канча каарман болсо баарын өз үнү менен келиштирип, сонун аткарчу. Өзгөчө аялдарды жакшы туурачу. Жалгыз өзү бир труппанын ролун ойнойт деп калар элек. Тилекке каршы, сахнага анча берилбей, потенциалы толук ачылбай өтүп кете берди.
Ошентип төртөө болуп калдык. Эми чындап топ түзүп өз чыгармачылыгыбыз менен алектенүүнү чечтик. Бул үчүн кооператив ачтык. Анын документ иштерин мен жазып чыкканым менен каттоодон өтүүдө көйгөй жаралды. Улам бир кагазыбыз туура эмес чыгып эле тиешелүү органдар кабыл албай жатышты. Бул жерде да Рахмандын иш билгилиги маселени чечти. Кооперативибиз каттоодон өтүп, анын мөөрү менен "Азем" деген жеке ишкана ачтык. Документтерди бүтүргөнү кеткен Рахман ошол күнү кечке дайыны жок болду. Дагы эмне болор экен деп биз Манас, Дөөлөт үчөөбүз сарсанаа болуп отурабыз. Түн бир убакта эле "Москвичтин" ичине толтура концерттик билеттерди жүктөп Рахман кирип келди. Көрсө, ал кооперативибизди каттатары менен басмаканага барып, билет чыгартып жүрүптүр. Мына ушундай айкөл мүнөздүү, алп жигит эле. Уюштуруучулук жөндөмү мыкты болчу. Бул 1987-жыл эле. Анан билет түгөнгүчө концерт коюп жүрдүк. Өзүбүз эшик тособуз, өзүбүз жарык, аппаратура коебуз, өзүбүз сахнага чыгабыз. Алып баруучулукка бирөөнү, анан 1-2 ырчы ээрчитип алабыз. Атыбыз деле жок, "Сахнада ыр-күлкүсү аралаш" деп афишаларыбызга жазылып жүрүп эле тобубуздун аты "Аралаш" аталып кетти. "Ералаш" деле татар тилинен которгондо "аралаш" дегенди түшүндүрөт тура. Ошол кезде бул теледолбоор абдан популярдуу болчу.
© Фото / предоставлено Жамбылом КамчиевымКамчиев: алгачкы ирет үчөөбүз трафарет менен колго жазылган 10дой афишаны илип "Сатира, юмор кечеси" деген концерт койдук
Известный кыргызский сатирик Рахман Разыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Камчиев: алгачкы ирет үчөөбүз трафарет менен колго жазылган 10дой афишаны илип "Сатира, юмор кечеси" деген концерт койдук
— Тилекке каршы, учурда сиз атын атап өткөн үч куудул тең арабызда жок. Алардын куудулдуктан сырткары элге анчейин белгисиз окуяларын, мүнөздөрүн да эскере кетсеңиз.
— Жогоруда айткандай, Рахман Разыков көлдөй кенен, терең, уюштуруучулук сапатты мыкты өздөштүргөн, калыс, боорукер, башкача талант эле, ыр да жазчу. Концерттерди уюштурууда көп ишти Рахман бүтүрчү. Ал кезде транспорт табуу да бир топ түйшүк жаратчу. Билет чыгаргандан тартып, эшик тосуп билет сатып, кайра сахнага чуркап чыга калып, айтор мээнеткеч да эле. Ошон үчүн "Бешилик", "Беш тапан" топторун түзүп жүрөт да. Эгер отурган имараттары болуп, мамлекеттен бир аз эле колдоо болгондо абдан жакшы юморлорду жаратышмак. Ал эми Манас Бердибеков болсо эмне кийсе жарашкан, чукугандай сөз тапкан, достукка бекем жигит болчу. Ал жөн эле ойноп койгон сатиралар деле элге укмуш күлкү тартуулачу, биз аткарсак жарашпай калчу. Чыныгы талант, чыныгы жылдыз эле десем жаңылышпайм. Мунусун өзү да жакшы билчү. Каалабаса топ менен кээ бир гастролдорго барбай койчу. "Программа бузулат да" десек, "ал менин проблемам эмес" деп салчу. Бирок анын мындай эркелигин топ көтөрөр элек. Анткени биз эркин чыгармачыл адамдар, эл кыдырып концерт койгондон башка учурда ар кимибиз өз ишибиз менен алек болуп эле жүрчүбүз да. Рахман Кытайга темир сатып, элден пияз алып аны сатып, айтор соодага да шыктуу эле. Манас да өз алдынча жеке концерт берип, театрларда иштеп, Дөөлөт Мадымаев болсо баягы эле комбайнын кылдыратып, иши кылып биздин топ "жылдыз" болуп кетпеди. Жүрөгүбүз каалаган үчүн гана чырагмачылыктын оош-кыйышына түтүп, негизгиси достук мамилебизди жоготпой ушул күнгө жеттик го дейм. Кимибизде кандай турмуштук көйгөй жаралбасын биринчи чуркап кабар алчу достордон элек. Манас менен Рахмандын туулган күндөрү май айында, Дөөлөт экөөбүздүкү февралда эле. 2001-жылы Манас дүйнө салды, 2011-жылы Дөөлөттү, 2021-жылы шум ажал Рахманды арабыздан алып кетти. Кээде туруп тамашалаганда да ойлонуп сүйлөш керек окшойт деп калам. Анткени Манас менен Дөөлөт каза болгондон кийин Рахман аларга арнап бир күйүт ырын дейбизби, кошок дейбизби, жазганын айтып, окуп берип калды. Ошондо мен тамашалап "досум, эртең сен өлүп калсаң мен да сага арнап ушундай ыр жазам" деп жатпаймынбы. Бая күнү тамашалап "Абдылда, сен да "аралашчы" эмессиңби, 2031-жылы абайла" деп койсом, Күмөндөр чалып алып "тигини эмне коркуттуң, өзүң качан" деп күлөт. Бул тартипте кетсек мен 2041-жылы го деп койдум. Бул эми тамаша, Жараткандын берген өмүрүн сүрөбүз да.
© Фото / предоставлено Эрнисом БорубаевымКамчиев: Рахман Кытайга темир сатып, элден пияз алып аны сатып, айтор соодага да шыктуу эле
Известный кыргызский сатирик Рахман Разыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Камчиев: Рахман Кытайга темир сатып, элден пияз алып аны сатып, айтор соодага да шыктуу эле
— Кыргыз маданиятын байытып дагы көп жашаңыздар. "Аралаш" тобу мындан ары иштей береби? Келечекке кандай пландарыңыз бар?
— Топко кийин келип Абдылда Иманкулов, Рүстөм Кабыловдор кошулуп ойноп калышты. Кудайга шүгүр, азыр бул адамдардын көзү тирүү. Анан да "аккан арыктан суу агат" дегендей, Рахмандын, Дөөлөттүн жана Манастын уулдары эл алдына чыгып, куудулдук өнөрдү аркалап келатышат. Мына ушул балдардын башын бириктирип, "Аралаштын балдары жана чалдары" деп бир концерт коюу ниетим бар. Балдар деле ага каршы эмес. Азырынча качан каерде коюлары тууралуу такташа элекпиз.
Менин өкүнгөнүм башка нерсе. Ушул куудул досторум тиешелүү сыйлыктарын өз убагында албай калышты. Рахман гана эмгек сиңиргенди алганга жетишти. Көзү өткөн соң же сыйлык берилбейт экен. Негизи эле кыргыз эстрадасында куудулдарга жеткиликтүү көңүл бурулбай келет. Бул өз кезегинде сатира жанрынын жок болушуна алып келет эмеспи. Бар нерсебизди карманып, андан ары өнүктүрсөк жакшы болор эле. Асанкул Шаршенов, Келдибек Ниязов чыккан кыргыз куудулдук өнөрү өчпөй уланышы керек. Кезегинде бизди Болот Шамшиев Европага таанытууну кыялданган. Бир ирет "Аралаштын" курамы менен жолугуп "кимиң режиссер, кимиң сценарист" десе, биз бир ооздон "баарыбыз эле" дептирбиз. Анда "ай, силер жапайы турбайсыңарбы, муну бир жолго салыш керек. Мындай таланттардан турган элдик өнөр өлбөшү керек, мен силерди Европага тааныткым келет” деп айткан.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Радио
Абылов: кыргыз күлкүсүнүн 45 түрү бар
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева үй-бүлөсү менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Кайыргүл Сартбаеванын уулу: театрдагы интригалар апамды ыйлатып, жүрөгүн оорутчу
Ырчылар жана жубайлар Аскат Мусабеков жана Миргул Асаналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2020
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди
Жаңылыктар түрмөгү
0