"Кырк жылдык кыргындан" аман чыккан ардагерлер. 9-майга карата толгонуу

© Sputnik / Макс АльпертУлуу Ата Мекендик согуш. Архив
Улуу Ата Мекендик согуш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Жазылуу
Колумнист Абдыкерим Муратов Улуу Жеңиш жана анын барк-баасы, кан кечкен өмүрлөр менен келген 9-май тууралуу жазды. Бул күндөрү Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын белгилейбиз. Өкүт, толгонуу, эскерүү, канааттануу, кусалык бар...
Аталар биздин жер үчүн кантип согушканын, кандай кыйынчылыктар менен Мекендин бир укум жерин да душманга тарттырбай өз өмүрүн, жаштыгын кыйганын ойлобогон муун келди деп жазды автор. Баалуулуктарды сактап, аздектеген, кадырына жеткен муундун өкүлдөрү арбын болсун деп изги тилек менен окурмандарга бул колумнистиканы сунуштайбыз.
...Жыл өткөн сайын алардын катары суюлуп-суюлуп отуруп, быйыл бир райондон бирден-экиден гана киши калыптыр. Алар да баягыдай шаңдуу басып, жалындуу сүйлөй албайт. Булар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары. Эң акырында, 1943-1944-жылдарда, айла кеткенде согушка 1925-1926-жылы туулгандарды ала баштаган, алар эмне, 17-18 жашар балдар эле да. Ошолор азыр 96-97 жашка чыкты. Согуштун катышуучуларынын акыркылары калды.
Согуш поэзиясынын классикалык бир чыгармасы бар. "Каркыралар" деп аталат. Автору Расул Гамзатов. Ырда согуш талаасында окко учкан жоокерлер каркыраларга айланып кетишти дейт. Ошол каркыралар майданда каза болгон аскерлер гана эмес экен, жарадар болуп же "кырк жылдык кыргындан" аман чыгып, айыл-айылга келген согуш ардагерлери да экен.
Оо, ошондо, биздин балалык кезде, өткөн кылымдын 60-70-жылдары, 9-майдын алдында каркыралардай катарын бузбай алар, майданчылар, биздин мектепке жолугушууга келет эле. Эки балдагына жарадар денесин арта салган Тургунбай Айылчиев менен Кудуш Жайнаков, ок жулуп кетип мулуюп калган колдорун жеңине жашырган Адилбек Мырзанов менен Раимберди Жайнаков, биздин мугалим-жоокерлер Абдыраим Акаев менен Апсалам Ысаков, согушта туткунга түшкөн деп жалган жалаа менен айыпталып, кийин көп жыл түрмөдө отуруп келген Жапар Ысмайылов менен Ували Аширов, уруш азабын оор басырык жүрүш-турушу менен жеңип аткандай көрүнгөн Орозали Шайиев менен Сулайман Өмүралиев, дагы башка ветерандар мектепке акырын-акырын басып келишер эле. Биз алардын көкүрөктөрүндөгү жаркылдаган орден-медалдарына суктанып, колубуз менен кармалап, ошолордой согушка барып, эрдик көрсөтүп, көкүрөгүбүздү жалтыратып тургубуз келчү... Балалык да...
Ошол айылыбыздын согуш ардагерлери каркыралардай бир-бирден суюлуп олтуруп, бүгүнкү Жеңиш майрамына бирөө гана келиптир. Кайран адамдар... Көздөн далдаа кеткен каркыралар... Айылдын соңку ардагери Касымбай Жолдошов. Согушка алынган 1943-жылдын ошол күнү тууралуу мындай эскерет:
...Бул жолу чакырылгандар акыры эне сүтү оозунан кете элек, мектепте окуп аткан балдар эмес беле. Колхоздун ишин бүтүрүп аткандар да ушулар эмес беле, он жетидеги балдарды кан төгүлүп аткан алааматка киргизип иет деп ким ойлоптур. Жер жуткансып эле кеткендер келбейт... Кетет... Келбейт... Мурда да жыйырмадан өткөндөр кетип атса, эми минтип сары ооз балапандар кетип атат... Бир айылдан бир алганда алтоону алды: Жолдоштун Касымбайы, Мураттын Төлөнү, Калматтын Салиси, Ысактын Апсалами, Ороздун Эргеши, Акайдын Абдырайымы. Эл ичинде билинбей бой жетип келе жаткан, бетиндеги түгү да карара элек балдар эмес беле булар. Айылдагы колхоз конторунун алдына эл көп чогулду: мектептен окуучулар, кантордон активдер, тууган-урук чыкты. Салтанат болду. Өзгөчө балдары согушта жүргөн энелер балдарына дуба дедирип, талканын да түйүп берип, беттеринин өөп жөнөттү. Ыйлап-сыктагандар андан көп. Алтоо болсо барып эле немисти кубалап жетер жерине жеткирип, кайра эле келип кала тургандай шанаңдашат. Колхоз араба бөлүп берген экен, раис да, арабакеч да балдарды шаштырып туруп алды, апалары берген талкандарын көтөрүнүп, алтоо арабага отуруп жөнөй бергенде ыйлагандар ыйлап, ыйлабагандар эптеп көз жашын тыйып, кичине балдар болсо, булардын арабага түшүп кол булгалап кеткенине суктанып турушту. Арабакеч Сами "чапакай" аттарды өз ыгына коюп, айдап отурду. Кар. Бороон. Суук. Араба улам-улам жаңы кар басып, али жолу ачыла элек эски жолдун нугу менен жүрүп баратты. Аттар көнгөн экен. Айылдан райондун борборуна каттаган жалгыз араба ушул болсо көнөт да анан. Катта-Көтөрмөгө келгенде баары "Кош, кош" деп артын караганда Алтын-Казык зоосу, Шанколдун аскалары буларга кол булгалагансыды. Айыл кар жамынып жатыптыр. Адамдар жашаган жер кепелердин баарын кар менен көөмп койгондой. Булар ойноп жүрчү Ак-Таш, Көк-Дөбө, Артылма, Кара-Жар, Кең-Ой... баары көздөрүнө ысык көрүндү. Каректери куттуу жерине кадалып, көздөрүн ысык жаш басты...
Кыргыз эл Баатыры Сооронбай Жусуев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2015
Сооронбай акындын жааган октун алдындагы өмүрү
Мына ушинтип согушка кеткен бойдон көбү кайтып келбеди. Алар каркыраларга айланып азыр да айлыбыздын үстүнөн учуп өткөнсүйт...
Менин чоң атам Мурат Ташматовго Сталинград алдындагы бир согушта снаряд тийген экен, сөөгүн терип иниси Кадыр жерге жашырыптыр. Кадыр да үйлөнө элек бала эле болуптур, согуш бүтөрүнө аз калганда Европада анын да жасаты белгисиз жерге коюлуптур...
Ушундай... Ушундай... Ар бир үйдөн бирден, экиден жоокер кеткен бойдон келбей калды...
Биз балалыкта ошолорду эстеп 9-майда жүрүш кылчу элек, колхоз-совхоздун, райондун борборуна орнотулган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликтерге гүл койчубуз... Согушта душмандын дзотун денеси менен жаап, биздикилердин чабуулуна жол ачып берген Чолпонбай Түлөбердиев биздин пионердик отряддын бир мүчөсү болчу, өзүбүз үчүн жана согушта каза болгон ошол жигит үчүн иштечүбүз, ошол жигит үчүн жашачубуз, мектептеги линейкада ал биз менен турчу...
Биз Улуу Жеңиш майрамын өзгөчө күтчүбүз, өзгөчө майрамдачубуз...
Азыр Улуу Ата Мекендик согушта Германия же Япония жеңип алганда жакшы болмок экен деген муун пайда болду, чөнтөк телефонду чукулап, чөнтөк телефондон башканы ойлобогон "соткебаш" балдар көбөйдү. Аталар биздин жер үчүн кантип согушканын, кандай кыйынчылыктар менен Мекендин бир укум жерин да душманга тарттырбай өз өмүрүн, жаштыгын кыйганын ойлобогон муун келди. Алар Жеңиш күнү, Жеңиш майрамы десе, "ким кимди жеңген", "ушул да майрамбы" дешет телефонунан баш көтөрбөй, ал жактан көзү кызарганча көрүп аткан боевик кинодон жүзүн бурбай...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Унутууга акыбыз жок! Садыр Жапаров согушта курман болгондорду эскерди
Жаңылыктар түрмөгү
0