БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Сооронбай Жусуев 18 жашка толгондон кийин, аскерге чакырылып, саналуу күндөрдө байланышчы кесипти өздөштүрүп, согуш талаасына чоң жоопкерчилик менен кириптир.
"Жашым 18ге жеткенде аскерге алышты, Алайкуу деген тоолуу алыскы жерге туулганмын да. Аскер комиссариаты бизди жөө алып жөнөп, Кара-Сууга келдик, темир жолду, поездди ошондо биринчи жолу көрдүм. Анан Алматыдан согушка даярданып, пулемёт атканды үйрөтүп, 2-3 айдан кийин Москва аркылуу Ленинградга жеттик. Генерал Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияга кабыл алынып, жөө жүрүп отуруп согуш талаасына келдик. Согуш бизди снаряддардын жарылганы, октун чуулдап учканы, пулемёттордун үнү менен тосуп алды. Мени жана таякем Усуп Беккулуевди 27-аткычтар полкуна бөлүп, пулемётчу эмес, байланышчы болосуң дешти. Ошентип, бул кесипти бир жуманын ичинде үйрөнүүгө туура келген", — деп айтып берди Сооронбай Жусуев.
Согушта байланышчы жоопкерчиликтүү иш, көптөрдүн, кээде бүтүндөй бир полктун тагдыры ага байланган учурлар болот.
"Тартылган линияларды араба, танк үзүп кетет, снаряд келип түшөт же мина жарылат, аны дароо улашың керек. Согуш талаасы — чуркап бара албайсың, турсаң, снайпердин бутасына айланасың. Ошентип, жер менен жер болуп, боортоктоп жылып барып, линияны оңдойт элек", — деп эскерет ал кезди Сооронбай аксакал.
Өмүр талашкан октор
"Кырк жыл кыргын болсо да, бейажал чымын өлбөйт" деп айтылат кыргызда. Биздин каарман ажалдын оозуна барып кайра тарткан учурлары арбын болуптур… 1944-жылы январда Насва деген аты эле калган бир темир жол станциясында дивизиясы чабуулга өтүп, тыптыйпыл болуп талкаланып калгандагы бир окуясын айтып берди.
Биздин каарман Жеңишти Латвиянын Салдус аттуу шаарында, салгылашта курман болгон майдандаштардын сөөгүн жерге берип тосуптур.
"Согушта эки ирет жарадар болдум. 1944-жылдын жай айында Латвиянын чек арасына киргенбиз, 13-сентябрда Риганы алдык. Ал Курлянд деген жарым аралда жайгашкан экен, салгылаш узакка созулду. 1945-жылдын 8-майында согушту токтотуу боюнча буйрук алдык, Саудста өлгөн майдандаш жоокерлерди, офицерлерди жерге жашырып, 9-майды тостук", — деп эскерди ал ойлуу тарта.
"Война капут, Гитлер капут!"
Жыйырма жаштагы улан ошол кезде "Алдыга жүргүн, кыргыздар!" деген ыр жазып, ал ошол кездеги "Советтик Кыргызстан" журналына жарыяланган экен. Акындыктын деми менен дагы эки ыр жазып, алар да жарык көрүптүр. Ошол кезде байланышчы болуп жүргөндөгү чапчаңдыгы жана тартынбастыгы үчүн 20 жаштагы улан "Каармандагы үчүн" медалына ээ болгон.
Жусуев уруш бүткөн учур күнү бүгүнкүдөй эсинде калганын, согуш отун тутанткан немис аскерлери колго кантип түшкөндүгүн да айтып берди.
"Салдус шаарынан багынып, шүмшүйүп жаныбыздан өтүп бараткан көп немистерди көрдүк. Биздин солдаттар бери жактан "как фриц, дела?" деп кыйкырышса, "война капут, Гитлер капут" деп жооп берип жатышты. Алар немистик тактыгын жазбай, мурдатан даярданып, сакал-мурутун алып, шинелдерин тыкыйып кийип анан колубузга түштү", — дейт Сооронбай аксакал.
Кош мааракени утурлай
Учурда акын жана ардактуу ардагер Сооронбай Жусуев өзүнүн 90 юбилейин, Жеңиштин 70 жылдыгын тосконго камданып жаткан чагы.
Акындын калеминен бир нече жүздөгөн ырлар менен поэмалар жаралып, чет элдик акындардын чыгармалары кыргыз тилинде сүйлөгөн. Анын ырларына музыка жазылып, алар кыргыз маданиятынын өнүктүрүүгө салымын кошкон.