Тажикстан чек арачылары Афганистан тараптан чабуул болгонун кабарлады

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүТажикстан менен Афганистандын чек арасындагы чек арачылар. Архив
Тажикстан менен Афганистандын чек арасындагы чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Жазылуу
Маалыматта Афганистан тараптан жети ракета келип түшкөнү, Тажикстанда каза болгондор жок экендиги айтылган.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Тажикстандын Чек ара кызматы Афганистан тараптан чабуул болгонун кабарлады. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
Кабарда согушкерлер жети ракета коё бергендиги: төртөө Амударья суусуна, үчөө жакын жайгашкан токойго түшкөнү жазылган. Sputnik Тажикстандын маалымат булагы окуя Хатлон облусундагы Фархорск районунда болгонун айткан.
"Аскерлер террорчулар түшкөн автоунааны көргөн. Автокөлүк күйүп, алардын үчөө жаракат алганы, бирөөнүн абалы оор экени белгилүү болду", — деген ал.
АКШнын Душанбедеги элчилиги аталган өлкөгө чек араны бекемдөө үчүн жүк ташуучу IVECO автокөлүгүн, дөңгөлөк жана кошумча тетиктерди берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
АКШ Тажикстанга коопсуздук үчүн 8 автоунаа берди, эми 60 млн. доллар бөлмөкчү
Жаңылыктар түрмөгү
0