https://sputnik.kg/20220508/rossiya-gaz-evropa-aziya-1064223025.html
Россия Европага кеткен газды башка кайда багыттай алат? Эксперттин пикири
Россия Европага кеткен газды башка кайда багыттай алат? Эксперттин пикири
Sputnik Кыргызстан
Аналитик 2025-жылга чейин дүйнөдө жаратылыш газына суроо-талап Азия мамлекеттеринде, анын ичинде биринчи кезекте Кытай менен Индияда көп болорун кошумчалаган. 08.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-08T12:17+0600
2022-05-08T12:17+0600
2022-05-08T12:51+0600
дүйнөдө
европа
россия
газ
кытай
эксперт
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0c/1052106475_0:296:3072:2024_1920x0_80_0_0_af633b6804014d4ab0fd726af04ce4eb.jpg
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Европа алып жаткан Россиянын газы толугу менен Азия-Тынч океан аймагына багытталышы ыктымал. Бирок ал үчүн экспорттук инфраструктураны өнүктүрүү керек. Бул тууралуу РИА Новостиге Vygon Consulting компаниясынын консультанты Иван Тимонин билдирген.Аналитик Россиянын газын Азияга багыттоо европалык колдонуучулардын РФтен чыккан көгүлтүр оттон баш тартууга умтулуусуна гана байланыштуу эмес экенин айтып, бул рыноктук факторлорго да шартталганын белгилеген.Ал 2025-жылга чейин дүйнөдө жаратылыш газына суроо-талап Азия мамлекеттеринде, анын ичинде биринчи кезекте Кытай менен Индияда көп болорун кошумчалаган. Тимонин жалпысынан Азия-Тынч океан аймагында газ колдонуу 2025-жылга чейин болжол менен 160 миллиард куб метрге чейин өсөрүн божомолдогон.Учурда Россия газы Кытайга "Сила Сибири" магистралы боюнча жеткирилет. Ал 2019-жылдын аягында башталып, 2020-жылы 4,1 миллиард куб метр газ жеткирилген. Бул көлөмдү жыл сайын көбөйтүп, 2025-жылга чейин 38 миллиард куб метрге чейин көгүлтүр от берүү пландалган. Учурда "Сила Сибири-2" долбоору иштелип жатканы айтылды. Анда Монголиянын аймагы аркылуу Кытайга газ түтүгүн куруу каралган. Анын кубаттуулугу жылына 50 миллиард куб метрди түзөт.
https://sputnik.kg/20220507/dujno-rossiya-ehnergetika-kaatchylyk-1064211631.html
европа
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0c/1052106475_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_179d418fb306417daa21339c7cc4388a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, европа, россия, газ, кытай, эксперт
дүйнөдө, европа, россия, газ, кытай, эксперт
Россия Европага кеткен газды башка кайда багыттай алат? Эксперттин пикири
12:17 08.05.2022 (Жаңыртылды: 12:51 08.05.2022) Аналитик 2025-жылга чейин дүйнөдө жаратылыш газына суроо-талап Азия мамлекеттеринде, анын ичинде биринчи кезекте Кытай менен Индияда көп болорун кошумчалаган.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Европа алып жаткан Россиянын газы толугу менен Азия-Тынч океан аймагына багытталышы ыктымал. Бирок ал үчүн экспорттук инфраструктураны өнүктүрүү керек. Бул тууралуу
РИА Новостиге Vygon Consulting компаниясынын консультанты Иван Тимонин билдирген.
"Учурда Европа колдонуп жаткан Россия газы толук көлөмдө Азия-Тынч океан аймагына багытталышы ыктымал. Бирок ал үчүн жаңы газ түтүктөрүн, заводдорду куруп, экспорттук инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Ага убакыт керек", — деген Тимонин.
Аналитик Россиянын газын Азияга багыттоо европалык колдонуучулардын РФтен чыккан көгүлтүр оттон баш тартууга умтулуусуна гана байланыштуу эмес экенин айтып, бул рыноктук факторлорго да шартталганын белгилеген.
Ал 2025-жылга чейин дүйнөдө жаратылыш газына суроо-талап Азия мамлекеттеринде, анын ичинде биринчи кезекте Кытай менен Индияда көп болорун кошумчалаган. Тимонин жалпысынан Азия-Тынч океан аймагында газ колдонуу 2025-жылга чейин болжол менен 160 миллиард куб метрге чейин өсөрүн божомолдогон.
Учурда Россия газы Кытайга "Сила Сибири" магистралы боюнча жеткирилет. Ал 2019-жылдын аягында башталып, 2020-жылы 4,1 миллиард куб метр газ жеткирилген. Бул көлөмдү жыл сайын көбөйтүп, 2025-жылга чейин 38 миллиард куб метрге чейин көгүлтүр от берүү пландалган. Учурда "Сила Сибири-2" долбоору иштелип жатканы айтылды. Анда Монголиянын аймагы аркылуу Кытайга газ түтүгүн куруу каралган. Анын кубаттуулугу жылына 50 миллиард куб метрди түзөт.