Ошто "Өлбөс полк" акциясы өтөт. Мэрия тургундарды катышууга чакырды

© Фото / Зульфия ТургуноваОштогу "Өлбөс полк" акциясы. Архивдик сүрөт
Оштогу Өлбөс полк акциясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Жазылуу
Катышуучулар 9-май күнү 08:30да Ош улуттук драма театрынын жанына чогулушу керек.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ош шаарында 9-майда Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөөнүн алкагында "Өлбөс полк" акциясы өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
"Сиздерди бул акцияга катышууга чакырабыз! Фронттук жоокерлердин балдары жана неберелери аталары менен чоң аталарынын, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрү менен өтүшөт", — деп жазылган маалыматта.
Катышуучулар саат 08:30да Ош улуттук драма театрынын жанына чогулушу керек.
Москвадагы Өлбөс полк акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2022
Быйыл дүйнөнүн 88 өлкөсүндө "Өлбөс полк" акциясы өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0