Кытай Россиянын Батыш салган санкцияларга берген "катуу жообун" баалады

© AFP / MARK RALSTON Пекинде Кытайдын желектери. Архив
Пекинде Кытайдын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2022
Жазылуу
Москванын рубль менен төлөгүлө деген талабын санкцияларга жооп берүү боюнча өзүнүн олуттуу кадамдарын баштаганы деп түшүнсө болот.
БИШКЕК, 30-апр. – Sputnik. Россия газынын акысын рубль менен төлөөдөн баш тартканы үчүн Польша менен Болгарияга продукция берүүнү токтотту, бул Батыштын салган санкцияларына "берилген ого эле катуу жооп" болду. Мындай пикир Кытайдын Энергетикалык саясат боюнча илим изилдөө институтунун деканы Линь Боцяндын "Хуаньцю шибао" басылмасына жарыяланган макаласында айтылганын РИА Новости жазды.
Автор Польша менен Болгариянын газдын акчасын рубль менен төлөөдөн баш тарткандыгына байланыштуу 27-апрелде Россия эки өлкөгө көгүлтүр от берүүнү токтотконун эске салды. Анын айтымында, Москванын буга чейин рубль менен төлөгүлө деген талабы "Батыштын санкцияларына бүгүнкү күнү берилген катуу жооп жана бул жаатта өзүнүн кадамдарын баштаганы" деп түшүнсө болот.
Эксперт азыркы кырдаалга анализ жасап жатып Украинадагы кризис ансыз деле COVID-19дан жапа чеккен нефть менен газдын эл аралык рыногунда дагы көбүрөөк олку-солку болууну алып келгенин белгилеген. Кризистен кийин нефть менен газдын эл аралык рыногуна жеткирүү чынжырчасынын структурасы өзгөрдү: Москва энергоресурстарды сатуунун башка каналдарын издей баштады, ал эми Европа Россиядан нефть-газ боюнча көз карандылыктан арылуу аракетин активдештирүүдө.
Муну менен катар эле Россия газын, мунайын алмаштыруу үчүн ЕБге Катар менен АКШдан импорттоого туура келет. Эксперт бирок алар менен бул жаатта масштабдуу жана туруктуу инфраструктура түзүлбөгөндүгүн эскертти.
Линь Боцяндын пикиринде, АКШ ЕБдеги инфраструктуранын каатчылыгынан жана кубаттуулук боюнча чектөөлөрдөн улам бул аймактагы нефть менен газ жетпей жаткан маселени тез аралыкта чече албайт. Учурда суюлтулган жаратылыш газын ташып келүү боюнча аракеттер АКШда болушунча жасалып жатат, бирок баары бир жеткирүү үчүн кемелер аздык кылууда.
Материалдын автору Украинадагы кризис нефть менен газдын эл аралык рыногундагы суроо-талаптын структурасына өзгөртүү киргизип, аны менен катар эле мунай заттарын жеткирүү чынжырчасына оңбогондой таасир тийгизген рыноктун "бурулушуна" алып келгенин белгиледи.
"Жакынкы бир нече жыл бою инфраструктурадагы жасалбай калган курулуштар нефть менен газдын сатылышына олуттуу тоскоолдукту жаратат, ал эми бул нерсе энергоресустар рыногундагы үзүл-кесил келишимдерге жана көбүрөөк транзакциялык чыгымдарга себепчи болот. Нефть, газга болгон суроо-талап менен сунуштун дал келбестигин, дурус инфраструктурасынын жоктугун эске алсак, жакынкы жылдары энергоресурстардын баасы жогорку деңгээлде кала берет", — деген эксперт.
Батыш өлкөлөрү Россиянын Украинага карата баштаган атайын операциясынан кийин Москвага санкцияны катар-катары менен салды. Андан улам 300 миллион доллар суммасындагы россиялык резервдер тоңдурулду. Россиянын энегоресурстарынан баш тартуу демилгеси улам-улам көтөрүлө баштады. Бирок логистикалык чынжырчанын бузулушу Европа менен АКШда экономикалык көйгөйлөрдү жаратууда. Чү дегенде эле азык-түлүк менен отун энергетикасы тармагында кымбаттоо болду.
Сенатор Алексей Пушков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Россия газынан баш тарткан Польша аны Германиядан реверсиялап алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0