Кувейт Кыргызстандан азык-түлүк импорттоп, көргөзмө залын ачып берүүгө даяр

© Sputnik / Александр Мельников / Медиабанкка өтүүЭль-Кувейт шаары. Архив
Эль-Кувейт шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жазылуу
Кувейт Кыргызстандын тигүү өнөр жайынын продукциясына да кызыгып жатканын билдирген.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кувейт Кыргызстандан эт, жашылча-жемиш импорттоого кызыкдар. Ошондой эле Эль-Кувейт шаарында туруктуу иштей турган кыргыз көргөзмө залын ачууга көмөктөшөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 26-апрель күнү элчи Азамат Карагулов Кувейттин Соода, өнөр жай палатасынын башкы директорунун орун басары Эмад Аль-Заид менен жолугушту.
"Элчи Кувейтте Кыргызстандан келген тамак-аш азыктарын сертификациялоо иштеринин аякташы, эт, балык жана бал жеткирүүдөгү ийгиликтүү тажрыйба, жалпысынан эки өлкөнүн жеке секторунун мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенинен кабар берерин айтты. Ошондой эле Кувейттен Бишкекке жана Ошко түз каттамдардын ачылганын да белгилей кетти", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Эмад Аль-Заид Кувейттин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстандан эт, сезондук жашылча-жемиштерди импорттоого өзгөчө кызыкдар экенин билдирген. Мындан тышкары, ал Кыргызстандын тигүү өнөр жайынын продукциясына, атап айтканда, табигый жүндөн, булгаарыдан, пахтадан жана жибектен жасалган өндүрүмгө кызыга турганын кошумчалаган.
"Кувейттин Соода, өнөр жай палатасынын делегациясынын Бишкекке иш сапарынын убактысы жана азык-түлүк товарларын жеткирүүгө адистешкен бизнес чөйрөлөрүнүн жолугушуусун өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду. Эмад Аль-Заид Эль-Кувейт шаарында туруктуу иштей турган кыргыз көргөзмө залын ачууга көмөктөшүүгө даяр экенин дагы айтты", — деди элчилик.
Кыргызстандын өндүрүшчүлөр делегациясынын Кувейтке жасала турган иш сапары дагы колдоо таап, көргөзмө-жарманкеси уюштурулмай болгону белгиленди.
Ачык эшик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2022
Кыргызстандык ишкерлер Рязанга инвестор катары чакырылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0