Washington Post: Батыш үстөмдүгүнө чекит коюларына аз калды

© AP Photo / Andy WongКытайдын жана АКШнын желектери. Архив
Кытайдын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жазылуу
Батыштын дүйнөдөгү үстөмдүгү алардын экономикалык кубатына негизделген.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. 2040-жылга чейин Кытай менен Индияда ички дүң продукция (ИДП) кескин өсүп, бул нерсе Батыштын эки жүз жылдык бийлигине чекит коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Washington Post гезитиндеги макалада айтылат.
Автордун пикиринде, Батыштын дүйнөдөгү үстөмдүгү алардын экономикалык кубатына негизделген. Тагыраагы, азыр Россияга каршы санкция киргизген өлкөлөр 2000-жылы дүйнөлүк ИДПнын 79,4 пайызын өндүргөн. 2020-жылга карата бул көрсөткүч 60,4 пайызга төмөндөгөн.
"2040-жылга карата Кытай менен Индиянын сатып алуу жөндөмдүүлүгү биригип АКШ жана Россияга санкция киргизген сегиз өлкөнүкүнөн ашып кетиши мүмкүн. Буларга өнүгүп келе жаткан державалар Бразилия, Мексика, Индонезия жана Түркияны кошолу. Анда мурдагы картина кыйла өзгөрөт. Ошентип Батыштын эки жүз жылдык гегемониясына чекит коюлушу толук ыктымал", — деп айтылат макалада.
Ошондой эле басылма Кытай менен Индияга экономикасынын тездикте өнүгүп келе жатканы Батыш өлкөлөрүнүн талаптарына каршы чыгууга мүмкүнчүлүк берди деп эсептейт.
"Ошол себептен БУУнун Москванын аракеттерин айыптаган резолюциясын кабыл алуу боюнча добуш берүү учурунда Пекин менен Нью-Дели калыс экенин гана айтып коюшту", — деп жазган макаланын автору.
Мындан тышкары, дүйнөнүн башка өлкөлөрү мындай өзгөрүүгө ар тараптан даяр болушу керектиги айтылды.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Гутерриш менен жолукту. Сүйлөшүүнүн урунттуу учурлары
Жаңылыктар түрмөгү
0