Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия Украинадан келишим боюнча сунушка жооп ала алган жок

© Sputnik / Владимир ТрефиловРоссиянын жана Украинанын желектери. Архив
Россиянын жана Украинанын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2022
Жазылуу
Россия — Украина сүйлөшүүлөрү улануу процессинде болгону менен азырынча конкреттүү, так чечимдер кабыла алына элек. Министр Украина тарап акыркы сунушка үн ката электигин айтты.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россия Украинага берилген жаңыланган келишимде Киевдин айткандарын эске алган, бирок алигүнчө өзүнүн сунуштарына жооп ала элек. Бул туурасында РИА Новости РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун маалыматына таянып жазды.
"Бир апта мурда кезектеги видеоконференция байланышынан кийин биз аларга жаңыланган келишимди берип жибергенбиз, анда алардын айткандары эске алынган. Бирок боло келгендей эле жообун бир жумадан бери күтүп жатабыз", — деген министр "Биринчи каналдын" "Большая игра" программасында сүйлөп жатып.
Аткаминер Россия тарап Зеленскийдин "РФтин сунушун көргөн жокмун" деген сөздөрүнөн кийин украиналык сүйлөшүүчүлөрдөн кайталап, тактап сураганын белгиледи. Алардан "ооба, анын убактысы болбой калды, көпкө чейин болгон жок" деген жоопту уккан.
"Бул нерсе ал (Зеленский - ред.) дымагы менен ар дайым тынчтык тарапта экенин жар салып, бирок сүйлөшүүлөргө кандай мамиле кыларын көрсөтүп турат", — деп кошумчалаган министр.
Россия — Украина консультациялары февралдын аягында башталган: делегациялар Беларуста маңдай-тескей эки жолугушуу өткөрдү. Андан соң аны видеоконференция байланыш режими менен улантуу чечими кабыл алынган. Марттын аягында делегация Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Россия делегациясынын башчысы, РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский Украина келечектеги келишим боюнча сунуштарын кат жүзүндө бергендигин айтты. Ал Москва кепке келүүгө жасалган кадам экендигин, Киев негизинен көп жылдардан бери келишимге келүү каалоосун көрсөткөндүгүн билдирген.
Россия тарап Украинага жооп катары эки кадам жасаган. Биринчиден, Киев жана Чернигов багытында аскердик аракеттерди кыскартуу чечими кабыл алынган. Экинчиден, Москва Владимир Путиндин жана Владимир Зеленскийдин жолугушуусу ТИМ жетекчилеринин келишимди парафирлөөсү менен бир убакта өтүүсүн сунуштады.
Анткен менен ТИМ башчысы Сергей Лавров Украина өз сунуштарынан баш тартып, сүйлөшүүлөрдү токтотуу үчүн бир канча чагымчылык кадамдарды уюштура баштагандыгын билдирген.
Россиянын жана Украинанын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Россия — Украина сүйлөшүүлөрү аягына чыга элек
Жаңылыктар түрмөгү
0