Стамбулдагы Россия — Украина сүйлөшүүсүнүн биринчи күнү бүттү

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия менен Украинанын Стамбул шаарындагы сүйөшүүлөрү учурунда
Россия менен Украинанын Стамбул шаарындагы сүйөшүүлөрү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Жазылуу
Кезектеги иш-чара бүгүн Стамбулдагы Долмабахче сарайында ЖМКлардын катышуусуз өткөн.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россия менен Украинанын Стамбул шаарындагы үч саатка созулган сүйлөшүүсүнүн биринчи күнү аяктады. Бул тууралуу РИА Новости Anadolu агенттигине шилтеме берип жазды.
"Россия менен Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн биринчи күнү соңуна чыкты", — деп айтылат агенттиктин маалыматында.
Россиялык делегацияны мурдагыдай эле РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектеген. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат бере тургандыктарын айтышты.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиялык бизнесмен Роман Абрамович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Бизнесмен Абрамович Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнө эмнеге катышууда
Жаңылыктар түрмөгү
0