Каржы пирамидасын түзүп 200 млн. юань алып качкан. Кытайлык жаран кармалган видео

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жазылуу
Кытайлык киши тогуз жыл мурун Пекинде каржы пирамидасын түзүп иштеген. Башкы прокуратура аны өлкөсүнө экстрадициялоо маселесин карап жатат.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкекте 2013-жылы өз өлкөсүндө каржы пирамидасын түзүп, ири суммадагы акча каражатын алып кетүүгө шектелген Кытайдын 51 жаштагы жараны Чж.Ч. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Шектүү 2014-жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн.
"Чж.Ч. аттуу киши 2013-жылдын март айында Пекиндеги компаниялардын бирин башкарып турганда алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен 200 миллион юань суммасындагы депозитти алып чыгып, белгисиз тарапка качып кеткен", — деп жазылган маалыматта.
Бул факт боюнча чет өлкөлүккө Интерпол издөө жарыялаган.
Ал 19-апрель күнү ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда кытайлык киши №1 тергөө абагына бир айга камакка алынды. Башкы прокуратура аны өлкөсүнө экстрадициялоо маселесин карап жатат.
Шоу-бизнес жылдыздары, абайлагыла! Милиция алдамчылардан сак болууну эскертти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Шоу-бизнес жылдыздары, абайлагыла! Милиция алдамчылардан сак болууну эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0