Бишкекте жеңил көлүк менен кагышкан өрт өчүрүүчү автоунаа оодарылып кетти. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги өрт өчүрүүчү автоунаа. Архив
Бишкектеги өрт өчүрүүчү автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жазылуу
Кырсыктан турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө бара жаткан ӨКМдин үч кызматкери жабыркаган.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкекте чакырууга бара жаткан өрт өчүрүүчү автоунаа жеңил көлүк менен кагышып, аласалып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Жол кырсыктын видеосу интернетке жарыяланды. Анда көрүнүп тургандай, өрт өчүрүүчү автоунаа сиренасын күйгүзүп кетип бара жатканда капталдан чыккан автоунаа менен кагышкан. Жыйынтыгында атайын кызматтын автоунаасы аласалып кеткен.
Маалым болгондой, жол кырсыгы Ак-Босого жаңы конушунда болгон. Андан турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө бара жаткан ӨКМдин үч кызматкери жабыркаган.
Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, жол кырсык Архитекторлор жана Профессор Зима көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Жабыркаган үч адам ооруканага жеткирилген.
Чүйдөгү айланма жолдо эки машина кагышып, анын кесепетинен эки адам каза тапты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Машина талкаланып калган. Чүйдөгү жол кырсыктан эки адам каза тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0