00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Зыяратчыларды коштогон ажы башчылар эртең каттоого алынып баштайт. Талаптар

© REUTERS / AHMED JADALLAHМеккедеги зыяратчылар. Архив
Меккедеги зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
Жазылуу
2020-2021-жылдары пандемиядан улам Меккеге сапар уюштурулган эмес. Быйыл өлкөгө 2 766 квота бөлүндү.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Сауд Аравияга зыяратчыларды коштоп барчу ажы башчылары 25-апрелден 30-апрелге чейин каттоодон өтүп бүтүшү керек. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Бул иш облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда ажыларды серверге каттаган оператор тарабынан жүргүзүлөт.
"2022-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандап алуу Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын чечими менен тестирлөө түрүндө өткөрүлмөй болду. Ага катышкандар шарияттагы ажылык маселелер боюнча өз күчтөрүн сынап көрүшөт", — деп жазылган маалыматта.
Ажы башчыларды каттоого коюлган талаптар:
талапкердин колу менен муфтийге жазган арызы (ажы башчылыкка талапкерлердин тизмесине кабыл алуусун суранган);
резюме;
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүндө дин кызматкери катары иштеп жаткандыгы туралуу маалым кат же буйрук (ал 2022-жылдын 1-мартына чейин чыгарылышы шарт);
ажы башчылыкка талапкер иштеген аймагында казыяттын эсебинде каттоого алынат;
биометрикалык ID-паспорттун жана тышкы жарандык паспортунун көчүрмөсү (экөөнүн көчүрмөсү бир баракта болуусу шарт);
3х4 көлөмүндөгү төрт даана сүрөт. Сүрөт түстүү, ак фондо болуусу шарт (ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт);
ИИМдин маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
Республикалык жана облустук психоневрологиялык жана Тери-венерология диспансердин каттоосунда турбагандыгы тууралуу маалым кат;
талапкер ажылык парзын өтөгөн же умрага барган болуусу шарт;
2019-жылы ажы башчылыкка тандалгандар 2022-жылдагы сынакка катыша албайт;
талапкерлердин жашы 55 жаштан ашпоого тийиш (2022-жылы 22-апрелден кийин 56 жашка толгон талапкерлердин иш кагаздары кабыл алынбайт);
маалымат технологияларын өздөштүрө билүүсү шарт (Word, Excel, WhatsApp);
араб тилин билиши керек;
уюштуруучулук жөндөм талап кылынат.
Сауд Аравия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 квота бөлгөн. 2020-2021-жылдары пандемиядан улам Меккеге сапар уюштурулган эмес.
Быйылкы ажылык сапардын болжолдуу наркы 4,5 миң долларды түздү. Бул баа пандемияны эске алып бекитилген, ал так аныкталгандан кийин талапкерлер айырма акчаны кайтарып алат же үстүнө кошушу керек болот.
Ажылык сапарга барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлердин тизмесин шилтеме аркылуу көрүүгө болот.
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Ажылыктын акысын төлөө, электрондук каттоодогулардын тагдыры. Муфтияттын маалыматы
Жаңылыктар түрмөгү
0