Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров учактан чыгып жатат. Архив
Президент Садыр Жапаров учактан чыгып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Жазылуу
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапары аяктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ошондой эле эки күндүк сапар боюнча толук маалымат берилди.
Ага ылайык, биринчи күнүндө мамлекет башчысы Баку шаарындагы “Ардак аллеяга” барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана анын жубайы Зарифа Алиеванын элесине таазим кылды. Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы “Шейиттер аллеясында” Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскеришти.
20-апрелде “Загулба” президенттик сарайында эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Илхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. Кыргызстандын президентин Ардак кароол тосуп алды.
Аземден кийин мамлекет башчылары тете-а-тет форматында, андан соң кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы кызматташууну талкуулашты.
“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу 10 документке жана келишимдерге кол коюу аземи болду. Эң маанилүү документ болуп эки өлкөнүн кызматташуусун жаңы деңгээлге алып чыккан стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация болду”, — деп айтылат билдирүүдө.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Жапаров Азербайжандын ири бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, аларды тоо-кен өнөр жайы, гидроэнергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы ири жана келечектүү долбоорлорго инвестиция салууга чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Азербайжандын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (AZPROMO) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлганы кошумчаланды.
Расмий сапары аяктаган соң Жапаров 20-апрель түнү Бишкекке кайтып келгени айтылды.
Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Алиевдердин үй-бүлөсү Жапаров жана биринчи айымды дасторкон үстүндө кабыл алды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0