Кыргыз элине Элмирбек жетишпегендей... Акындын кабыр ташы орнотулду. Видео

Жазылуу
Бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүндө залкар акын Элмирбек Иманалиевдин эстелиги ачылды. Ал эки жыл мурун ушул күнү, 20-апрелде, оорудан каза тапкан.
Эскерүү иш-чарасына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Мирлан Самыйкожо, өнөр адамдары жана үй-бүлөсү катышты.
Элмирбек Иманалиевдин үй-бүлөсү жана жакындары эскерүүгө келгендерге жана кабыр ташты орноткондорго ыраазычылык билдирди.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон. 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.
Тема боюнча:
Элмирбек акындын кызы Айзуура: атам менен апама берчү суроолорум жоопсуз калды...
Элмирбек Иманалиевдин күндөлүгүнөн. Бир келген өмүрдү майнаптуу жашагым келет...
Жаңылыктар түрмөгү
0