Чек ара кызматы: кыргыз-казак чегинен өтө албай 400гө чукул фура турат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалар. Архив
Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Жазылуу
Казак тарап машиналарды жай өткөрүп жаткандыктан чек арага жүк ташуучу транспорт топтолуп калууда.
БИШКЕК, 18-апр. – Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан өтө албай турган жүк ташуучу автоунаалар дагы деле бар экенин УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Саат 11:00гө карата алынган маалымат боюнча, "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында 300гө жакын фура турат. Мындан тышкары, 25тей машина жол жээгинде керектүү документтерин күтүп турганы айтылды.
"Чалдыбар" пунктунда болсо 70тен ашык жүк ташуучу автокөлүк токтоп турат.
"Жогоруда айтылган көзөмөл жайларында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышына казак тараптын машиналарды жай өткөрүп жатканына байланыштуу болууда. Мындан тышкары, казак тарап маал-маалы менен жолду бир тараптуу жаап салууда. Мисалы, бүгүн, 18-апрелде, саат 3:30дан 7:30га чейин жүк ташуучу унаалар чек арадан өткөрүлгөн жок", — деп айтылат маалыматта.
Башка кыргыз-казак бекеттеринде адамдар менен автотранспорттун топтолгону байкалган жок.
Белгилей кетсек, кыргыз тараптан жүк ташуучуларга эч кандай чектөө киргизилген эмес.
Обсуждение вопросов простаивания грузового автотранспорта на границе КР и РК  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2022
Кожошев: казак тарап фуралар боюнча келишимди аткарбаса мамилеге кесепети тиет
Жаңылыктар түрмөгү
0