Министрлик мектепте 12 жыл окуунун артыкчылыктарын тизмектеп берди

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевОкуучулар сабак учурунда. Архив
Окуучулар сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Жазылуу
Мекеме жаңы окуу форматына өтүүнүн жети артыкчылыгын санап берген.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы мектептер эмне себептен 12 жылдык окууга өтүшү керектигин түшүндүрдү.
Министрлик бул ийне-жибине чейин ойлонулган чечим экенин белгилеп, себептерин тизмектеп берген.
Демилгенин артыкчылыктары:
12 жылдык мектеп — жалпы дүйнөлүк тренд. Дүйнөнүн 136 өлкөсү (АКШ, Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан ж.б.) балдарын жана жаштарды дал ушундай ыкма менен окутат. Эгерде балаңыз Кыргызстанда мектепти аяктагандан кийин андан ары чет жакта билим алуу үчүн окууга тапшыра турган болсо, бул ыкма ыңгайлуу. Анын ичинде бул Кыргызстандан мектепти аяктаган бүтүрүүчүнүн аттестатын чет мамлекетте таанууну жеңилдетет;
Мектепке чейинки даярдоону 1-класска өткөрсө, мектеп окуучулары толук 12 жыл окуп калат. Бул окуучулар азыр 11 жыл окуп жаткандай эле. 12 жылдык билим берүүгө өтүү 2022-жылы эмес, бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырылат;
Министрлик мындай системага өтүүгө даяр. Себеби соңку бир нече жылда мектептердин астында 4 миңге жакын мектепке чейинки даярдоо классы акырындык менен түзүлүп, жабдылып калган. Аларга жыл сайын 5,5 – 6,5 жаштагы 102-107 миңдей бала барат (бул 1-класска барган балдардын жалпы санынын 70 пайыздан ашыгын түзөт);
Мектепке 6 жаштан тарта кабыл алуу бала бакчалардын жүгүн кыйла азайтып, балдардын эрте куракта, мисалы, эки жаштан тартып бала бакчага баруусуна мүмкүндүк берет;
Окуу программалар азайып, 12 жылга бирдей бөлүштүрүү каралат. Бул балдардын ар кандай ийримдерге, спорттук секцияларга, курстарга бош убактысын бөлүүгө мүмкүндүк берет. Башталгыч класстарда үй тапшырмаларына 1,5 сааттан ашпаган убакыт, ортоңку класстарда 2,5 сааттан ашпаган убакыт, жогорку класстарда 3,5 сааттан ашпаган убакыт кетет.
12 жылдык мектеп келечектеги кесипти тандоого көбүрөөк багытталган. Бул колледждердеги жана жогорку окуу жайлардагы жалпы билим берүү предметтеринин санын кыскартууга жардам берип, аларга кесиптик блоктордун атайын сабактарына көбүрөөк басым жасоого мүмкүндүк берет;
12 жылдык мектепте 3 айлык же 6 айлык кесипке даярдоо курстарын өтүп, кошумча кесипке ээ болуусуна убакыт болот. Албетте, каалоосуна жараша. Эгер жаштарга мектепти аяктагандан кийин үй-бүлөлүк жагдайга жараша дароо эле эмгек базарына чыгуу зарыл болсо, аларга жардамы тиет.
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Нуржигит Кадырбеков үй-бүлөгө даярдоо курстарын ачууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0