Салиев: ишкерлик анонимдик арыздын негизинде текшерилбейт
12:06 18.04.2022 (Жаңыртылды: 10:35 20.04.2022)
© Sputnik / Жоомарт УраимовОтставкадагы судья, адвокат, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри Калыгул Салиев
Жазылуу
Отставкадагы судья, адвокат, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри Калыгул Салиев ишкерликти текшерүү тартиптерин түшүндүрүп берди.
Текшерүү анонимдик арыздын негизинде жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Салиев: ишкерлик анонимдик арыздын негизинде текшерилбейт
Анын айтымында, текшерүүнүн пландуу, плансыз жана контролдук болуп үч түрү бар.
"Ишкер анын бизнесине мамлекеттик органдардын ашыкча кийлигишүүсүн жана текшерүүсүн каалабайт. Анткени ал административдик тоскоолдуктарды жаратат. Ошондуктан ишкерликти текшерүү тартибин билип алуу зарыл. Мыйзамга ылайык, атайын бекитилген 12 мамлекеттик орган текшере алат. Калгандарында мындай укук жок. Болгону укук коргоо органдары кандайдыр бир кылмыш же жазык иштин алкагында текшерүү үчүн укук берилет. Негизинен бизнес кандайдыр бир мыйзамсыз иши, жарандарга зыяны тийгизе турган жагдайлар аныкталганга чейин ак ниет болуп эсептелет. Ал ак ниеттиктин презумпциясы деп аталат. Эгерде мыйзамда карама-каршылыктар, чийки жерлери болсо чечим ишкердин пайдасына чечилет. Мыйзамга ылайык текшерүү жүргүзүүдө чектөөлөр каралган. Мисалы, мамлекеттик кызматкердин айып пулду колуна алууга укугу жок. Коррупциялык тобокелчиликтин алдын алуу үчүн айып төлөө банк аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле кызматкердин текшерүү учурунда аныкталган маалыматтарды жайылтуусуна тыюу салынат. Мындан тышкары, анонимдик арыздардын негизинде текшерүү жүргүзүлбөйт. Жалпысынан пландык, плансыз (арыздардын негизинде) жана көзөмөлдүк (мурдагы аныкталган кемчилик четтетилгенин карайт) болуп текшерүүнүн үч түрү бар", — деди Салиев.
Юрист ишкерликтин кайсы жагы текшериле турганы боюнча маалымат камтылган текшерүү барагынын алкагында гана иш жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.