Салтанат Саматованын атасы: кызымдын жетишкендиги кубантса, эрте кеткени арман болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаслуженный деятель КР, отличник телевидения Орозбек Туголбаев
Заслуженный деятель КР, отличник телевидения Орозбек Туголбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Жазылуу
Кыргыз тилдүү диджейлердин көч башында турган, телерадио жылдызы, мамлекеттик ири иш-чаралардын алып баруучусу катары таанылган Салтанат Саматованын көзү тирүү болгондо быйыл 50 жашка толмок.
Кыргыз жана орус тилинде эркин алып барган таланттуу инсан 2018-жылы 46 жашында айыкпас дарттын айынан акка моюн сунган.
Sputnik Кыргызстан редакциясында КРдин эмгек сиңирген ишмери, телевидениенин отличниги Салтанат Саматованын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сөз кылдык. Ал үчүн бизде мейманда каарманыбыздын атасы Орозобек Түгөлбаев болду.
— Салтанат эженин бала чагы кайда кандай өттү эле?
— Кызымды эскерип жаткан сиздерге рахмат! Биздин кичи мекенибиз — Кочкор районунун көкүрөгүндө жайгашкан Мантыш айылы. Байбичем экөөбүздүн беш балабыз бар. Салтанат жалгыз кызыбыз эле. "Четыре сыночка и лапочка дочка" деп өзү кичинесинде айта берчү. "Карындагы баланын хан болорун ким билет" дегендей, бала кезинен эле абдан зирек эле. Таттуу, өзгөчө кылыктарга бай кыз болду. Кийин Кочкордун Кум-Дөбө айылына көчүп келип мектепте иштеп жүрүп, 1976-жылы Бишкекке биротоло келе бердик. Байбичем экөөбүз жаңы баш кошкондо бир уй, 10 коюмду сатып үй алып койгом. Бишкекке келгенде ошол үйдө жашадык. Анда Салтанат 4 жашта болчу. Орусча бир да сөз билчү эмес. Бала бакчага баргандан кийин эки айдын ичинде орусча үйрөнүп, жаңы жылдык майрамды орус тарбиячысы менен бирге алып барды. Бала кезинен эле алып баруучулукка кызыкчу. Балдардын баарын отургузуп коюп "мен Салтанат Түгөлбаева" деп концерт коюп берчү. Салтанат Саматова деген ысым Европа+ радиосунда иштеп жүргөндө берилген псевдоним эле. Ошентип беш жашында скрипкага кызыгып, ар нерсени мойнуна такап, мультфильмдеги скрипач чегирткени туурап ойной баштаганда Шубин атындагы музыкалык мектепке бердим. Анан жети жашынан баштап Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин фортепиано классында Актан Исабаев экөө чогуу окушту. Кийин жогорку окуу жайын да музыкалык жаатта бүтүрдү.
© Фото / из семейного архива ТуголбаевыхТүгөлбаев: Салтанат бала бакчага баргандан кийин эки айдын ичинде орусча үйрөнүп, жаңы жылдык майрамды орус тарбиячысы менен бирге алып барган
Тамада, радио- и телеведущая Салтанат Саматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Түгөлбаев: Салтанат бала бакчага баргандан кийин эки айдын ичинде орусча үйрөнүп, жаңы жылдык майрамды орус тарбиячысы менен бирге алып барган
— Кичинесинде эле ачык-айрым болсо керек...
— Ооба, шайыр, ачык, бир нерсени тымпыйып ичине катпаган жан эле. Оюндагысын шар айтып салчу. Мультфильмдеги ырларды жаттап алып, Кочкорго бара жатканда автобустагыларга ырдап берчү. Үйгө киши келсе эле пианино ойнотуп, ырдатчубуз. Анан 2-классында обончулукка кызыгып, "Апама" деген ыр жазып берсем, музыкасын чыгарды. Кийин "Күчүгүм" деген да ыр чыгарып, агайынын жардамы менен обонун татынакай кылып даярдадык. Бирок ошол багыт менен кетеби десем, композитор болууга кызыкпай таштап салды.
— Кыз атага жакын болот дейт го, сизге эркелечү беле?
— Албетте, кичинесинде тиземе отуруп алып аябай эркелечү. Агасын, инилерин өзү көзөмөлдөп, акыл-кеңешин айтып турчу. 1986-жылы шаардан батир алганбыз, турмушка чыккыча ошол батирде турду. Күйөөгө узап жатканда ичим ачышты. Нурбек деген бойлуу, кең далылуу күйөө балам бар. Аны кичүү балам "чоң байке" деп тергеп койчу. Кызым экөө сүйлөшүп жүрүп баш кошту. Анан Салтанат "жөн койсо мунун мага сунуш киргизе турган деле түрү жок. Өзүм эле ачык сүйлөшүп, сунуш киргизип баш кошуп алдык" деп тамашалап калчу. Экөөнүн эки баласы бар. Уулу орто мектепти бүтүп, жогорку окуу жайын Европадан окуп жатат. Кызы азыр мектеп окуучусу.
— Алып баруучулукка кантип аралашып калды. Сиз менен кеңешчү беле?
— Окуучу кезинде эле ар кандай иш-чараларды алып барып жүрүп, жогорку окуу жайында баш-оту менен киришти. Алгач чоң иш-чараны алып барарда коркуп качып кетиптир. Анан кайра келип, эки жеңин түрүнүп туруп алып барганын айтып калчу. Университетти бүткөндөн кийин мамлекеттик иш-чараларды, чоң мааракелерди алып баруу ишин мойнуна алды. Кызымдын жетишкендиги жана эл көзүнө көрүнгөнү бир жагынан кубантса, эрте кеткени арман болду.
© Sputnik / Табылды КадырбековТүгөлбаев: Салтанат Саматова деген ысым Европа+ радиосунда иштеп жүргөндө берилген псевдоним эле
Тамада, радио- и телеведущая Салтанат Саматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Түгөлбаев: Салтанат Саматова деген ысым Европа+ радиосунда иштеп жүргөндө берилген псевдоним эле
— Эл көзүндөгү адамдарды сөз ээрчийт эмеспи. Кызыңыз тууралуу өйдө-төмөн кептерди угуп калганда ичиңиз ачышса керек.
— Негизи Салтанаттын артынан жаман сөз ээрчиген жок. Анткени баары менен жакшы мамиле түзүп, улуу-кичүүнү эркелетип турчу. Бирөөнүн мааракесин алып барса да баарына "садага, секетиң кетейиндер" деп жалбарып кайрылчу. Ошол себептен ага таарынгандарды же анын дарегине сын айткандарды укпадым. Бир гана жолу, Курманбек Бакиев өлкөдөн куулгандан кийин, убагында Жаныш Бакиевдин юбилейин алып барганы үчүн кызымды "бул Бакиевчи" дегендей сөздөр айтылды. Ошондо ал "мамлекет башчылары белгилүү алып баруучуларды чакырып калышат экен. Мен бакиевчи эмесмин, болгону мааракесин өткөрүп берүүгө гана катышкам" деп жооп берген.
— 1996-жылы Европа+ радиосунан эфирге чыгыптыр. Ага чейин эмгек жолун кайдан кантип баштаган?
— Окуусун аяктаганда эле кыргыз телевидениесине музыкалык редактор болуп орношту. Ошол кезде чакыруулар менен иш-чараларды алып барып жүрдү. Анан бир күнү Байма Сутенова "үтүктү сайсам деле Салтанат сүйлөп жатат. Сен ар кайсыга алаксыбай бир жерде эле иштебейсиңби?" дегендей айтыптыр. Негизи ал жумушунда деле жан талашып иштечү. Бирок жанын койбой чакыргандар көп болгон. Анан телевидениеден кетип, Европа+ радиосуна барат. Алар жумуштан тыш алып баруучулугуна эркиндик беришет. Радиого да кыргыз-орус тилдеринде мыкты сүйлөгөн, эфирде өзүн эркин алып жүргөн журналист керек экен. Бирок аты Салтанат Түгөлбаева болуп тишке илингендиктен Салтанат Саматова деген тилге жатык каймана ат ыйгарышат. Ошону менен элге таанылып кетпедиби. Чыныгы фамилиясын аз эле киши билет. Күмбөзүнө эки фамилиясы тең жазылды.
— Салтанат Саматова болуп алганда таарынган жоксузбу?
— Жок, эмнеге таарынат элем. Кызым өзүн эркин алып жүргөн, кандай маселе болбосун өз алдынча чечим кабыл ала билген инсан болчу.
© Фото / из семейного архива ТуголбаевыхТүгөлбаев: байбичем экөөбүздүн беш балабыз бар. Салтанат жалгыз кызыбыз эле
Заслуженный деятель КР, отличник телевидения Орозбек Туголбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Түгөлбаев: байбичем экөөбүздүн беш балабыз бар. Салтанат жалгыз кызыбыз эле
— Айыкпаган дартка чалдыкканын качан уктуңуздар же өзү менен бирге эле билдиңиздерби?
— Нурбектин Александр деген досу менин кошунам. Ал менден бир жолу "Салтанат эмне ооруп жүрөбү?" деп сураганда "жок, жакшы эле жүрөт. Эмне болду?" деп кайра өзүнө суроо бергем. Ошондон кийин билдим. Көрсө, кызым 2012-жылы эле ооруп калыптыр. Алгач эч кимге билдирген жок. Түркияга барып дарыланып, бул жактан химиялык терапия алып турду. Ошентип жүрүп балам 2018-жылы акка моюн сунбадыбы...
Өзү ооруп калгандан кийин кайрымдуулук иштерине аралашып, онкологиялык дартка чалдыккан балдарга көп барчу. Химия ала баштагандан тарта чачы түшүп, парик кийип жүрдү. Илдетке чалдыккан кичинекей балдар чачы түшүп калганына кайгырып, ыйлашат экен. Кызым аларга барганда паригин ала коюп "мына, менин деле чачым жок. Эч нерсе болбойт, коркпогула. Бир гана химияда кичине кыйналасыңар, болбосо баары жакшы. Айыгып кетесиңер" деп сооротчу. 2018-жылы күзүндө башы да ооруй баштагандыктан жолдошу менен Санкт-Петербургга барса, "толук диагнозуңузду койдуруп келиңиз" дешиптир. Эмнеге андай дешти билбейм, анткени диагнозу белгилүү эле да. Анан ошону менен келип, борбордо анализ тапшырып жүргөндө дарыгерлер боорунан чоңураак кесип алып коюшуптур. Ошондон кийин эле ооруканага жатып, оңоло албай калды. Болбосо кызым дагы бир канча жыл жашайт беле деп ойлойм.
— Апасы тууралуу айтып берсеңиз?
— Апасы, байбичем Жумабүбү Акматбекова абдан жумшак адам. Экөөбүздүн мүнөзүбүз эки башка. Мен катуумун, ачуум келсе бетке айтып таштайм. Бирок эч кимге кол жумшап урбайм. Байбичеме да кол көтөрүп көргөн эмесмин. Апасы балдарына өтө жумшак мамиле кылат. Салтанатка да катуу айткан жок. Байбичемдин момундугунан пайдаланып финансылык пирамидаларга кириптер кылып кеткендер да болду. Өтө ишенчээк. Бирок эч кимдин көңүлүн калтырбаган ак көңүл адам. Салтанат болсо көбүнчө мени тарткан. Бирок адамдын баарына жайдары мамиле жасаган ак көңүлдүгү апасына окшош. Биз кызыбызды Сакин деп эркелетип койчубуз.
Улуу балдарымды өзүмдүн апам багып чоңойткон. Салтанатты чоң апасы жонуна көтөрүп жүргөн сүрөттөрү да бар. Өзүмдүн апам оозунда сөзү бар, салттуу ырларды мыкты билген адам эле. Ошол кишинин да таланты кызыма оошсо керек. Деги эле биздин кичи мекенибиз Мантыш, Кызыл-Дөбө айылы сөз баккан эл.
Бир окуя эсиме түшүп жатат, биз Кочкордун Ак-Учук айылында турганда жакын жерде мүрзө бар эле. Салтанат ошол күмбөздөрдү көргөзүп, "мен чоңойгондо тетиги Москвада окуйм" деген. Күмбөздөрдү Москва деп ойлосо керек. Айтканы келип, 46 жашында эле, чыгармачылыгы гүлдөп турганда кетип калбадыбы...
© Фото / из семейного архива ТуголбаевыхТүгөлбаев: байбичем Жумабүбү Акматбекова абдан жумшак адам. Экөөбүздүн мүнөзүбүз эки башка
Заслуженный деятель КР, отличник телевидения Орозбек Туголбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Түгөлбаев: байбичем Жумабүбү Акматбекова абдан жумшак адам. Экөөбүздүн мүнөзүбүз эки башка
— Маектеринде "атам да, апам да математик мугалимдер. Атам дайыма үйдөн кыргызча сүйлөгүлө деп талап коёр эле" дептир. Эже эки тилде тең мыкты сүйлөчү, бирок үйдө аралаштырып сүйлөп калчу беле?
— Жок, үйдөн эч качан орусча аралаштырып сүйлөчү эмес. Баарыбыз союздун кишилери болгондуктан бала бакчадан, мектептен орусча, үйдөн кыргызча сүйлөчүбүз. Мультфильмдердин 70-80 пайызы орус тилинде болгондуктан эки тилди тең салмактоо үчүн неберелериме да азыр ошол талапты коём. Салтанат да кичинесинде айылыбыздагы чоң тебетейин калдайта кийген, жүрүш-турушу нукура кыргызча карыяларды, ак элечекчен апаларды көрүп, кебин угуп калган.
— Балдарыңыздын арасынан математикага кызыккандар чыктыбы?
— Мугалимдин кесиби оор, түйшүктүү, бирок урмат-сыйы азыраак болгондуктан эч кимисин бул кесипке үндөгөн жокмун. Баары тең башка кесиптин ээлери болушту. Салтанат гана педагогикалык тармакты аяктаганы менен мугалимдик кесипти аркалаган жок. Менин да ыр жаза коймоюм бар.
Негизи кандай гана иш-чараны алып барбасын, келип мага кеңешчү. Кээде ыр жазып берчүмүн.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун кызы, Жогорку Кеңештин II, V чакырылыштын депутаты, коомдук ишмер Роза Акназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Корчубек Акназаровдун кызы Роза Акназарова: атамдын эмгегин эл эмгиче аңыз кылат
— Жакында эле Салтанат Саматова атындагы сыйлык негизделип, ага Кыргызстандын биринчи айымы өзү катышты. Муну демилгелеген үй-бүлөсүбү же мамлекет болдубу?
— Бул чогуу иштеген кесиптеш, достору тарабынан негизделди. Калп айтпасам, Айгүл Курманова, Динара Аляева жана башка курдаштары тарабынан демилгеленип, чуркап демөөрчү табышты. Биринчи айым Айгүл Жапарова сыйлык тапшыруу аземине баштан-аяк катышып, өз колу менен тапшырып, татыктууларды куттуктап кетти.
Салтанат — онкологиялык ооруларга кабылган балдарга жардам көрсөтүү максатында "Помогать легко" коомдук фондун негиздегендердин бири.
— Кээде ата-энеге балдары үлгү болот эмеспи. Салтанат эжеден кайсы бир нерсени үйрөнгөн учурларыңыз болдубу?
— Чынында "бирөөнү тарбиялап жатам" деп ойлойт экенсиң, бирок андан да таалим алып каласың. Мисалы, азыр небереме бир нерсе үйрөтсөм дайыма акырын гана "түшүндүм" деп коёт. Эми мен да ошол сөздү өзүмө менчиктеп алдым. Өзүм педагог катары мугалимдерди кайра даярдап, квалификациядан өткөрүүчү институтта иштейм. Информатикадан сабак берем. Кээде мугалимдерден бир нерсе үйрөнүп калган учурлар болот. Ал эми Салтанаттан адамдар менен абдан сылык пикирлешүүнү жана кумсарып, томсорбой эле жайдары сүйлөшүүгө болорун үйрөндүм. Себеби өзүм жогоруда айткандай катуу адаммын. Азыр баарына Салтанатымдай мамиле кылууга аракет кылам. Бирок кээде колумдан келбей калат, анан жакын санаалаш адамдардан сын угуп калам.
© Sputnik / Табылды КадырбековТүгөлбаев: Салтанаттан адамдар менен абдан сылык пикирлешүүнү жана кумсарып, томсорбой эле жайдары сүйлөшүүгө болорун үйрөндүм
Заслуженный деятель КР, отличник телевидения Орозбек Туголбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Түгөлбаев: Салтанаттан адамдар менен абдан сылык пикирлешүүнү жана кумсарып, томсорбой эле жайдары сүйлөшүүгө болорун үйрөндүм
— Салтанат эже 2012-жылдан баштап КТРКда "Акыл ордо" берүүсүн алып барып калды. Ар апта сайын үй-бүлөңүз менен телевизордун алдына чогулуп көрсөңүздөр керек?
— Албетте, жума сайын бир туугандарым, үй-бүлөм менен көрчүбүз. Бул берүү бир топ окуучуларды билим алууга үндөптүр. Кызым каза болгондон кийин бир катарлары берүүнү алып барууга аракет кылышты, бирок жолго сала албай коюшту окшойт. Салтанат каза болгондо бир кичине бала "эми "Акыл ордону" ким алып барат? Мен барайын деп жүрбөдүм беле" деп ыйлаптыр.
Дагы бир жолу интернеттен бейтааныш жигит мага байланышып, Салтанатты абдан урматтап-сыйлай турганын айтты. Анын түшүнө кызым кирип "атама айтып коюңуз, ыйлабасын. Мен жакшы эле жүрөм" дептир... Ушул сөз жүрөгүмө орноп калды (жашып)... Азыр тамак ичкен сайын сообун кызыма арнайм, эртең менен тургандан кеч киргенге чейин ата-бабаларымдын жана Орозобек кызы Салтанаттын арбагына багыштап куран окуп турам. Бассам-турсам кызым оюмдан кетпейт. Мындай жоготууну эч кимдин башына салбасын.
— Неберелериңиз, анын ичинде Салтанат эженин балдары тууралуу айтып кетсеңиз. Анын кесибин улоочулар барбы?
— Балдарымдын баары эле кыргызча жакшы билишет. Кичүү уулум Давлетбек да азыр лекция окуп, аймактарды кыдырып сабак өтүп жүрөт. Жакында эле Баткенге барып доклад окуп келди. Ошол уулум эжесинин жолун жолдоду.
Бир уулум Түркияда. 10 неберем Кыргызстанда, үчөө Түркияда. Салтанаттын уулу Словенияда окуйт. Кызы атасы менен Бишкекте жашайт. Үйгө келип-кетип турушат. Азыр байбичем экөөбүз эле жашайбыз. Уул-келиндерди биз менен бир аз жашаган соң эле өзүнчө бөлгөнбүз. Акылыбызды айтып турабыз. Бала тарбиялоо чоң милдет, жоопкерчиликтүү иш.
Геология, минерология илимдеринин доктору, профессор, залкар инсандын уулу Кулубек Бөкөнбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Жоомарт Бөкөнбаевдин уулу: атам апамды "Тентибайым" деп катуу сүйүптүр
Жаңылыктар түрмөгү
0