Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиянын аба мейкиндигиндеги НАТО истребители эмнеге атып түшүрүлгөн жок?

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүEurofighter истребители. Архив
Eurofighter истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2022
Жазылуу
Сербия НАТОдон Белграддан Москвага каттоочу Air Serbia компаниясынын жүргүнчүлөргө ылайыкталган авиалайнери жана Eurofighter тибиндеги көп буталуу истребитель аралашкан 6-апрелдеги окуя жөнүндө маалыматты талап кылды.
Түндүк атлантикалык альянстын аскер-аба күчтөрүнүн Россиянын чек араларына чейин келиши Европа менен дүйнөнү туруксуздукка тушуктуруп, эскалацияга алып келет. Аскерий серепчи Александр Хроленко Кошмо Штаттар адатта союздаш жана өнөктөштүккө жамынып, жеке кызыкчылыктарына жетүү үчүн бардык кадамдарга баруудан артка кайтпайт деген оюн ортого салат. Анын кезектеги калем шилтеми абадагы ошол окуянын тегерегинде. Автор альянстын ушул өңдүү жосундарын да эстеп көргөн.
Болжол менен НАТО күчтөрүнө таандык истребитель жарандык учак алдында калкаланып РФтин аба мейкиндигине чейин кирген. Бул жоругу Air Serbia каттамынын жүргүнчүлөрүнө, Латвия жана Россиянын коопсуздугуна бир катар олуттуу коркунучтарды, ошондой эле Балтика чөлкөмүндө РФ жана НАТОнун куралдуу жаңжалына себеп болчу жагдайды жаратты.
Сербиянын президенти Александр Вучич Брюсселге: "Бул ким эле? Кандай истребителдер менен жарандык авиация жана каттамдагы жүргүнчүлөрдү коркутууда? Кокустукпу? Анда айтышсын, бул учак дал кайсы жерден учуп чыга калганы боюнча бизде так координаттар бар" деген ыңгайсыз суроолорун узатты.
Сербиялык лидердин мындай санаасы жүйөлүү. Белграддан Москва жана Санкт-Петербургга Air Serbia компаниясынын каттамдарында мина коюлганы тууралуу коркунуч жана билдирүүлөр дээрлик күн сайын түшөт. Кыязы украиналык багыттагы демилгелерин өрчүтүү үчүн НАТОдо кимдир бирөөлөргө сербиялык авиалайнердин Россиянын үстүнөн атып түшүрүлүшү жетпей жаткан шекилдүү.
Латвиялык-россиялык чек арадан өткөндөн көп узабай учушту көзөмөлдөө кызматы Air Serbia экипажын коркунуч туурасында эскертип, жарандык учактын учкучтары өзүнөн орточо 700 метр төмөн учуп бараткан альянстын истребителин аныкташкан.
Россиялык абадан коргонуу тутумунун эсептери да радарлардан чек араны бузгандарды даана байкашканын, бирок электромагниттик жана жылуулук спектринде үстөмдүк кылган сербиялык авиалайнердин жакындыгынан улам бутага сокку урушпаганын боолголоого болот. Зениттик ракеталардын мээлөөчү учу кыйла ири объектини тандайт.
НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы. Альянстын саммитине аскердик сереп
НАТОнун миссиясынын курамында Балтика өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин ушул айда испаниялык истребителдер күзөтүүдө. Кезегинде алар Эстониянын үстүнөн учуп баратып жаңылыштык менен AMRAAM ракетасын кое берип, аз жерден франциялык аскердик учакты атып түшүрө жаздашканы менен белгилүү. Ал эми 6-апрелдеги учкучтардын пландалган чагымчылыгы, кесиптеги олдоксондугу альянсты оор чыгымга тушуктурмак.
Жарандык борттор менен сокку уруучу учактарды, ал эми жайкын адамдар менен аскердик бөлүктөрдү калкалоо – Пентагон, НАТО жана башка өнөктөштөрүнүн эзелтен өздөштүрүлгөн тактикасы. "Тирүү калканды" азыр украиналык күчтөр кеңири пайдаланышат. Мисалдар аз эмес.
Сириялык абадан коргонуу тутумунун зениттик каражаттары эки жүргүнчү учактын "калкалоосу" 2021-жылдын октябрында төрт израилдик F-16га чабуулунун мизин кайтарууга тоскоол эткен. Анда Израиль Аскер-аба күчтөрү Хомс провинциясындагы сириялык аба мейкиндигине баш багып, Пальмира районундагы фосфаттык заводго ракеталык сокку урушкан. Айтор, сириялыктардын араб жана ливандыктар менен мамилесин курчутуу ниетинде Дубай – Бейрут каттамындагы жарандык учакты соккуга калтырууну көздөгөн деген версия бар.
Андан мурун эле израилдик учкучтар россиялык Ил-20 учагынын алдында учуп, аны абадан коргонуучу каражаттардын огуна калтыруу менен Латакия шаарындагы сириялык объектилерге тескелүүчү авиациялык бомбаларды ташташкан. Ил-20нын каптоосу F-16га караганда кыйла чоңураак. Ошондуктан учак Сирияда С-200 зениттик-ракеталык комплекси менен урулуп, 15 россиялык аскер шейит болгон. Кандай болгон күндө да НАТОнун истребители жарандык жана аскердик авиация үчүн зоналарга бөлүнгөн аба мейкиндигин пайдалануу режимин бузуп, жүргүнчү трассасы (өйдө же төмөн) боюнча учууга акысы жок.
Абада аскердик жана жүргүнчү учактарынын кооптуу жакындашы олуттуу окуя катары каралат. Дооматтар истребитель таандык болгон өлкөгө коюлат. Натолук Eurofighter истребителинин апрелдеги экспериментинин болжолдуу максаты – Россиянын абадан коргонуу тутумунун эшелондоштурулган технологиясын өздөштүрүү, өлкө аймагынын тереңдеги стратегиялык объектилерин жок кылуу үчүн "коридор" түзүү.
Дал ошол үчүн НАТОнун ар кыл өлкөлөрүнүн истребителдери Прибалтиканы 150 метрдей бийиктиктен жылдап тымызын "күзөтүп" келишет. Ушул максатта жакында эле чакан Прибалтикада ири авиабазалардын үчүнчүсүн – Лиелвардени ачышты. Ал РФ жана Беларусь чек арасынан 170 чакырым аралыкта жайгашкан.
Россиянын БТР-82 Мариуполдун көчөсүндө баратат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европаны биротоло каратып алгысы бар АКШга Россия жолтоо болууда. Сереп
Альянстын Аскер-аба күчтөрүнүн Россиянын аба мейкиндигине тымызын киришине кандай бөгөт коюуга болот? Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн нөөмөттүк бөлүгү ар бир жарандык бортту чек арадан тосуп алуусу мүмкүн, бирок он жолу болсо бир жөн. Эгер суткасына жүз каттам келсе, кандай болушу ыктымал? Альянстын истребителдери ушул жерден жиреп кирүү үчүн жылчык көрүп турса керек...
Eurofighter истребителинин конструкциясы радарларга анчейин байкалбайт, 50 пайызы көмүр-пластик жана пластик айнектен туруп, радиотолкундарды сиңирүүчү материалдар менен капталган. Орточо аралыктагы (160 чакырымга чейинки) 4 AIM-120 AMRAAM тескелүүчү ракетасы менен куралданган. Радиусу – 1000 чакырымдан ашуун, аскердик жүк көтөрүмдүүлүгү – 6,5 тонна.
Британиялык стратегиялык изилдөөлөр институтунун талдоочулары: "Россиялык коргоону жиреп өтүүгө НАТОнун ресурстары, күчтүн баарын кайсы бир тилкеде топтошсо да жетпейт", - деп белгилешкен. Муну элестүү түшүнүү үчүн Иракта "Чөлдөгү бороонду" альянстын 4 000ден ашуун учагы баштап, ал эми 1999-жылы Югославияны 1 000 чакты сокку уруучу учак "тегиздесе", Ливиянын эскилиги жеткен абадан коргонуу тутумун басууга АКШ жана НАТОнун 300дөн ашык учагына бир нече ай кеткенин эске сала кетели.
Украинадагы атайын аскердик операциялардын жүрүшүндө Россиянын абадан коргонуу тутумунун учкучтары жана бөлүктөрү өз тарыхында болуп көрбөгөн ыргакта, тагыраак, эки күн ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн жүздөгөн учагын жарактан чыгарды.
Альянстын истребителдик авиациясынын россиялык чек аралардын жанындагы купуя тайманбастыгы технологиялык жактан өзүн-өзү актабай, ачык тирешүүгө кептейт. Ал эми РФтин "өнөктөштөрүнүн" андайга даяр эместиги айдан ачык.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украинанын желегин көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
АКШ Европаны да садага чабабы? Украина жагдайы
Жаңылыктар түрмөгү
0